Аялдарды зомбулуктан коргоонун механизмдерин иштеп чыгуу
жана социалдык-укуктук жагынан коргоону камсыз кылуу

Интернет сурамжылоо

Көп аял алууга каршы кантип күрөшүүгө болот? Көп аял алууга каршы кантип күрөшүүгө болот? Жооптун бирөөнү тандап алыңыз:
 
Публикациялар

Бул жерден Сиз жарыяланган айрым материалдарды жана отчетторду жаздырып алсаңыз болот.


«Кыргызстандын кризистик борборлору жөнүндө маалымат» китепчеси. Бишкек. 2010.
Ушул жерден көчүрүп жазып алыңыз (PDF файл) >>  

 


Кыргыз Республикасында гендердик саясатты ишке ашыруунун улуттук институттук механизмине талдоо жүргүзүү, Бишкек. 2009.

Басылма жөнүндө кыскача баян:
Кыргыз Республикасы аялдардын укуктары боюнча негизги эл аралык конвенцияларды жана саясий документтерди, анын ичинде Аялдарды басмырлоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө Конвенцияны (CEDAW), Аракеттердин Пекиндик платформасын (АПП) жана Миң жылдыкты өнүктүрүүнүн максаттарын (МӨМ) ратификациялоо менен гендердик теңчиликке жетишүү боюнча өзүнө бир катар милдеттенмелерди алган.

Гендердик теңчиликке жетишүү боюнча улуттук механизмди чыңдоо 2007-2010-жылдарда Кыргыз Республикасында гендердик теңчиликке жетишүү боюнча аракеттердин Улуттук планынын иш-чараларынын Матрицасынын 1.1-милдети болуп эсептелет. Аталган милдетти чечүүдөгү биринчи иш-чара гендердик саясатты ишке ашыруу боюнча институттук механизмдин туруктуулугун аныктоо үчүн мамлекеттик органдар системасына функциялык талдоо жүргүзүү, ошондой эле талдоонун натыйжаларын иштеп чыгуу, талкуулоо, жайылтуу жана басып чыгаруу болуп саналат

Функциялык талдоо жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жергиликтүү эксперттердин тобуна буйрутма берилген, алар КР Өкмөтүнүн Аппараты менен тыгыз кызматташтыкта жана Долбоордун ПРООН тараптан дайындалгаан координторунун жетекчилиги алдында иштешкен.

Ушул отчетто улуттук гендердик механизмге функциялык талдоо жүргүзүүнүн натыйжалары жана аны өнүктүрүү боюнча сунуштар берилет. Талдоо 2008-жылдын 15-декабрына чейин алынган материалдар жана маалымдамалар менен чектелген, тиешелүү түрдө 2009-жылдын ичинде болгон өзгөрүүлөр эскертүүлөрдө жана шилтемелерде констатация формасында берилет.

Ушул отчетто 2009-жылдын ноябрындагы администрациялык реформага чейин иш жүргүзгөн министрликтердин аталыштары келтирилген жана Өкмөттүн структурасына карата сунуштар берилген. Бирок Өкмөттүн структурасынын өзгөрүшүнө жана улуттук гендердик саясатты ишке ашырууну координациялоо боюнча функциялардын КР Өкмөтүнүн Аппаратынан түзүлгөн КР Эмгек, иш менен камсыз кылуу жана миграция министрлигине өткөрүлүп берилгендигине карабастан, функциялык талдоонун көпчүлүк тыянактары жана сунуштары актуалдуу бойдон калат жана улуттук гендердик механизмдин системасын түзүп турган мамлекеттик башкаруу органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан таасирдүү чараларды көрүүнү талап кылат.

Ушул басылманы ушул жерден көчүрүп жазып алсаңыз болот (Орусча):
http://www.un.org.kg/ru/publications/publications/article/5-publications/4021-funkcionalnyj-analiz-na-cionalnogo-institucionalnogo-me-anizma-realizacii-gendernoj-politiki-v-kyrgyzskoj-respublike
Байланышка чыга турган адам: Нургуль Асылбекова
Кызматы: ПРООНдун гендердик өнүктүрүү боюнча программаларынын координатору

E-mail: Бул e-mail дарек спам-боттордон корголгон, аны карап чыгуу үчүн Сиздин Javascript күйүп турууга тийиш

 

Китепче «CEDAWды* Кыргызстанда басып чыгаруу: адилеттүүлүккө карай кыймыл». А. Молдошева, О. О'Фланаган, Т. Койзун, А. Дивинская. 2009:  

http://www.un.org.kg/en/publications/publications/article/publications/un-agencies/57-united-nations-women-fund-unifem-/3803-cedaw-v-kyrgyzstane-dvijenie-k-spravedlivosti дареги боюнча БУУнун Кыргыз Республикасындагы сайтынан караңыз.

*CEDAW - Аялдарга карата басмырлоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө Конвенция.

 


Улуттук статистика комитетин Гендерлик- бөлүнгөн статистика жыйнагы "КРсынын АЯЛДАРЫ ЖАНА ЭРКЕКТЕРИ". 2008 (6 Mb - орус тилинде көчүрүп алыңыз)

 


ЮНИФЕМдин социалдык искусство долбоорунун алкагында түзүлгөн «CEDAW* Кыргызстанда: адилеттүүлүккө карай умтулуу» деген паннонун сүрөтү түшүрүлгөн «АР БИР АДАМ - ЗОМБУЛУКСУЗ ЖАШООГО УКУКТУУ» деген Маалыматтык кампания жөнүндө маалыматтык баракчалар:

2009-ж. гендерлик күч көрсөтүүгө каршы 16 күндүк иш-чаралары

2009-ж. гендерлик күч көрсөтүүгө каршы 16 күндүк иш-чаралары

2009-ж. гендерлик күч көрсөтүүгө каршы 16 күндүк иш-чаралары

2009-ж. гендерлик күч көрсөтүүгө каршы 16 күндүк иш-чаралары

2009-ж. гендерлик күч көрсөтүүгө каршы 16 күндүк иш-чаралары

2009-ж. гендерлик күч көрсөтүүгө каршы 16 күндүк иш-чаралары

 

 
©2009-2010. Европа Комиссиясынын Долбоору, КСФ.
Бардык укуктар корголгон
 
  Web-site created by EMarketing2U Consulting www.e-market4u.com