|
КР ИИМинин 2004-жылдын7-октябрындагы №388 Буйругуна карата №1-тиркеме Кыргыз Республикасынын ички иштер бөлүмдөрүнүн практикалык ишине убактылуу коргоо ордерлерин киргизүү жана алар боюнча статистикалык отчеттуулукту жүргүзүү жөнүндө Н У С К А М А Жалпы жоболор Ушул Нускамада төмөндөгү түшүнүктөр колдонулат: үй-бүлө – бири бири менен никеде турган, тууганчылык же жакындык мамиледе болгон, чогуу жашаган адамдар. Ушул Нускаманын күчү жарандык абал актыларын каттоо органдарында катталбаган никеге (иш жүзүндөгү никеге) негизделген үй бүлөгө; асырап алуунун натыйжасында үй-бүлөлүк мамилелерге өткөн адамдарга, кол алдындагылар менен чогуу жашаган көзөмөл жүргүзүүчүлөргө жана камкордук көрүүчүлөргө, көзөмөл жүргүзүүгө жана камкордук кылууга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте балдарды үй-бүлөгө жайгаштырууга; ошондой эле никеси бузулгандан кийин чогуу жашоосун улантып жаткан, никеге негизделген үй-бүлөнүн мүчөсү болуп эсептелген адамдарга жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн укугунда чогуу жашап жаткан бир туугандарга карата колдонулат; ыркы жок үй-бүлө – зомбулук же зомбулук көрсөтүү коркунучу ар дайым (системалуу түрдө) болуп турган үй-бүлө; үй-бүлөнүн көз каранды мүчөсү - курагына, оорусуна же болбосо майыптыгына байланыштуу үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнө көз каранды, алардын багуусунда болгон үй-бүлө мүчөсү; турмуштук оор кырдаал – үй-бүлөдөгү чыр-чатактарга жана (же) катаал мамилеге байланыштуу үй-бүлө мүчөсүнүн жашоо турмушун жана моралдык-психологиялык абалын объективдүү түрдө буза турган кырдаал; үй-бүлөдөгү зомбулук (үй-бүлөлүк зомбулук), эгерде бул аракеттер үй-бүлө мүчөсүнүн мыйзамдуу укуктарын жана эркиндигин бузса, аны жекече же психикалык азап тартууга алып келсе жана моралдык зыян келтирсе же болбосо үй-бүлөнүн жашы жете элек мүчөсүнүн дене түзүлүшү жана инсандык жагынан өнүгүшүнө коркунуч келтирүүнү камтыса, үй-бүлөнүн бир мүчөсүнүн үй-бүлөнүн экинчи мүчөсүнө карата жасалган ар кандай атайын аракети; үй-бүлөдөгү жекече зомбулук – үй-бүлөнүн бир мүчөсүнүн үй-бүлөнүн экинчи мүчөсүн сабашы, ден соолугуна зыян келтириши, үй-бүлөнүн бир мүчөсүнүн үй-бүлөнүн экинчи мүчөсүнө ары-бери жүрүүгө, турак жайга, тамак-ашка, кийимге жана жашоонун башка кадыресе шарртарына атайылап мүмкүнчүлүк бербеши, оор кара жумуш жасоого мажбурлашы, ошондой эле жашы жете элек балдардын ата-энелеринин, алардын көзөмөлдөөчүлөрүнүн, камкорчуларынын, жашы жете элек баланы үй-бүлөгө тарбиялоо үчүн алган адамдардын жашы жете элек баланы багуу, ден соолугу жана жеке коопсуздугу тууралуу кам көрүү боюнча милдеттерин аткаруудан качышы, бул болсо, баланын жеке же психикалык ден соолугуна зыян келтирүүгө, анын инсандыгынын ар-намсына жана кадыр-баркына, ошондой эле жабыр тарткан баланын психикалык, жеке же инсандык өнүгүшүнө зыян келтириши же үй-бүлө мүчөсүнүн өлүмүнө алып келиши мүмкүн; үй-бүлөдөгү психикалык зомбулук - үй-бүлөнүн бир мүчөсүнүн үй-бүлөнүн экинчи мүчөсүнүн ар-намысын жана кадыр-баркын атайылап басмырлашы же коркутуу, мазактоо, шантаж аркылуу анын өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч келтире турган укук бузууларды же жоруктарды жасоого, ошондой эле үй-бүлөнүн жашы жете элек мүчөсүнүн психикалык, жеке же инсандык өнүгүшүн бузууга алып келген аракеттерге мажбурлашы (аргасыз кылышы); үй-бүлөдөгү сексуалдык зомбулук - үй-бүлөнүн бир мүчөсүнүн үй-бүлөнүн экинчи мүчөсүнүн жыныстык кол тийгистигине жана жыныстык эркиндигине шек келтирген аракети, ошондой эле үй-бүлөнүн жашы жете элек мүчөсүнө карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасоо; социалдык колдоо көрсөтүү – үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккендерге көрсөтүлө турган социалдык-экономикалык, социалдык-укуктук, социалдык-медициналык, социалдык-психологиялык жана башка мүнөздөгү кызматтардын комплекси; үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо – үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен үй-бүлө мүчөлөрүнө социалдык колдоо көрсөтүү аркылуу үй-бүлөдөгү турмуштук оор кырдаалды чечүү боюнча тиешелүү кызматтардын иши, үй-бүлөдөгү кадыресе үй-бүлөлүк мамилелерди калыбына келтирүүдө жардам көрсөтүү, жүрүш-турушту оңдоо боюнча чараларды иштеп чыгуу; үй-бүлөдөгү зомбулукка социалдык бөгөт коюу – үй-бүлөнүн көз каранды мүчөсүнүн өмүрүнө жана жашоосуна түздөн-түз коркунуч пайда болгондо, ушул коркунучту четтетүү, кечиктирлгис кырдаалда анын коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле адамдардын укукка жат, кайталанма жана системалуу аракеттерине алып келе турган аракеттерине жол бербөө максатында тиешелүү кызмат тарабынан токтоосуз көрсөтүлө турган социалдык колдоо; коргоо ордери – үй-бүлөдөгү зомбулуктан же анын коркунучунан жапа чеккен адамга мамлекеттик коргоону берген жана зомбулук көрсөткөн же зомбулук көрсөтөм деп коркуткан адамды «Үй-бүлөлүк зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 25-мартындагы №62 Мыйзамында аныкталган таасир көрсөтүү чаралары түрүндөгү эскертүүгө алып келген процесстик юридикалык документ. «КР Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоо киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 24-июлундагы №98 Мыйзамына ылайык «КР Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекси» төмөндөгүдөй мазмундагы 66-3, 66-4 жана 66-5-статьялар менен толукталган: "66 3-статья. Үй-бүлөлүк зомбулук Үй-бүлөлүк зомбулук – үй-бүлөнүн бир мүчөсүнүн экинчисине каршы жасалган ар кандай (жекече, психикалык, сексуалдык) атайын аракети, эгерде ушул аракеттер үй-бүлө мүчөсүнүн конституциялык жана башка укуктарына жана эркиндиктерине шек келтирсе, денсине жењил залал келтирсе, жеке же психикалык азаптарга салса, анын курагына, жынысына карабастан, үй-бүлө мүчөсүнүн жеке же психикалык өнүгүшүнө зыян келтирсе жана ушул аракеттерде жазыктык жоопкерчилик каралган квалификациялык белгилер камтылбаса – эң төмөнкү эмгек акынын беш өлчөмүнөн он өлчөмүнө чейин администрациялык айып акы салууга алып келет. 66 4-статья. Убактылуу коргоо ордеринин шарттарын аткарбоо Убактылуу коргоо ордеринин шарттарын аткарбоо - эң төмөнкү эмгек акынын беш өлчөмүнөн он беш өлчөмүнө чейин администрациялык айып акы салууга же он суткага чейинки мөөнөткө администрациялык камакка алууга алып келет. 66 5-статья. Соттук коргоо ордеринин шарттарын аткарбоо Соттук коргоо ордеринде сот тарабынан белгиленген шарттарды аткарбоо, эгерде бул аракеттерде жазыктык жоопкерчилик каралган квалификациялык белгилер камтылбаса - эң төмөнкү эмгек акынын он өлчөмүнөн жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып акы салууга же он суткадан он беш суткага чейинки мөөнөткө администрациялык камакка алууга алып келет. 1. Ушул Нускама: 1.1 Үй-бүлөдө зомбулук жасаган адамга жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккендерге убактылуу коргоо күбөлүгүн берүүнүн; 1.2 Соттук коргоо ордерин берүү үчүн материалдарды сотко жиберүүнүн; 1.3 Убактылуу коргоо ордерлерин каттоо жана берүү боюнча эсеп жүргүзүүнүн Үй-б тартибин регламенттештирет. 2. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чекен адам же анын өкүлү үй-бүлө мүчөсүнүн өмүрүнө же ден соолугуна түздөн-түз коркунуч келтирген кырдаал пайда болгон же орун алган учурларда аймактык ички иштер органдарына, милициянын шаардык жана шаарчалык бөлүмдөрүнө (ГОРОВД, ГОМ, ПОМ) убактылуу коргоо ордерин алуу үчүн кайрылууга укуктуу. 3. Убактылуу коргоо ордери үй-бүлөлүк зомбулук жаслган жердеги аймактык ички иштер органынын (ГОРОВД) башчысы же анын орун басары, ошондой эле милициянын шаардык жана шаарчалык бөлүмдөрүнүн (ПОМ, ГОМ) башчылары же алардын ордунда болгон кызмат адамы тарабынан берилет Мунун тескерисинче болгондо, аталган адамга администрациялык жаза чарасы көрүлүүгө тийиш (№2-тиркеме). 3.2. Убактылуу коргоо ордеринин көчүрмөсү (№2-тиркеме) зомбулуктан жапа чеккен адамга милдеттүү түрдө берилет. Убактылуу коргоо ордеринин шарттары 4. Убактылуу коргоо ордеринде төмөндөгүдөй расмий чаралар каралышы мүмкүн: 4.1. Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамга зомбулуктан жапа чеккен адамга же башка адамдарга карата ар кандай зомбулук аракеттерди жасоого тыюу салынат; 4.2. Зомбулук жасаган адамдын багууда болгон жашы жете элек балдарга мүмкүнчүлүк алышы жөнгө салынат; 4.3. Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамга зомбулуктан жапа чеккен адам менен тикелей жана кыйыр байланышта болушуна жол берилбей тургандыгы эскертилет; 4.4. Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адам зомбулуктан жапа чеккен адамдын дарыланышынын наркын төлөп берүүгө милдеттендирилет; 4.5. Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамга убактылуу коргоо ордеринин шарттары бузулган учурда, анын администрациялык жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн экендиги эскертилет; 4.6. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен адамдын убактылуу коргоо ордерин алганына карабастан, анын үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамга каршы сотко кайрылуу же жазык ишин козгоо укугу тууралуу эскертилет; 4.7. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен адамга анын убактылуу коргоо ордерин алганына жана жазык ишин козгоо тууралуу арыз бергенине карабастан, сотко кайрылууга жана никени бузуу, мүлктү бөлүштүрүү, алименттерди алуу, зыяндын ордун толтуруу же башка компенсациялар жөнүндө иш козгоого укуктуулугу тууралуу эскертилет; 4.8. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен адамды улантылып жаткан үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо максатында кошумча түрдө соттук коргоо ордерин алуу үчүн кайрылууга укуктуулугу эскертилет, мында соттук коргоо ордери алынганда, убактылуу коргоо ордеринин күчү убактылуу токтотула турат. Убактылуу коргоо ордерин алган адам тарабынан ордерде жазылган шарттарды аткарбоо администрациялык жоопкерчиликке алып келет жана ордердин аракетин токтотпойт. 5. Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодесиинин 587-статьясына ылайык орган (кызмат адамы) же сот (судья) администрациялык укук бузуу жөнүндө ишти кароодо администрациялык укук бузууну жасоо болгондугун, аталган адамдын аны жасоодо көнүлүү экендигин, ал администрациялык жоопкерчиликке тартыларын, материалдык зыяндын келирилгендигин, администрациялык укук бузуу жөнүндө материалдарды аксакалдар сотторунун кароосуна, жашаган, иштеген жана окуган жеринде кароого берүүнүн негиздери бар же жок экендигин аныктоого, ошондой эле ишти туура чечүү үчүн мааниси бар башка жагдайларды да аныктоого милдеттүү. Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодесиинин 593-статьясына ылайык администрациялык укук бузууга түрткү берген себептер жана шарттар аныкталганда, ишти карап жаткан сот (судья) же орган (кызмат адамы) тиешелүү уюмдарга ушул себептерди жана шарттарды четтетүү боюнчажай аныктамаларды жана көрсөтмөлөрдү чыгарат. Аталган уюмдар көрсөтмө келип түшкөн күндөн тартып бир айдын ичинде көрсөтмө чыгарган сотко (судьяга) же органга (кызмат адамына) көрүлгөн чаралар тууралуу билдирүүгө милдеттүү. Үй-бүлөлүк зомбулукту болтурбай коюу жана ага бөгөт коюубоюнча ИИБнин милдеттери 6. Ички иштер органы (ГОРОВД, ГОМ, ПОМ) боюнча күзөтчү: 6.1. Арызды кабыл алууга жана каттоого милдеттүү. Ички иштер органынын өкүлү арыз берүүчү зомбулуктан жапа чеккен адамдын өзү эмес, зомбулуктун күбөсү, жапа чеккен адамдын достору же туугандары, медициналык жардам көрсөтүп жаткан адам, же болбосо үй-бүлөлүк зомбулук учурларында социалдык жардам көрсөтүү боюнча адистештирилген мекемелердин кызматкери болсо да, арыз боюнча токтоосуз аракеттерди көрүүгө милдеттүү. Башкача айтканда, арызды (билдирүүнү) эсепке алуу журналына (ЖУИ каттоого, ал эми КР ИИМинин 2001-жылдын 26-сентябрындагы №415 буйругунда каралган зарыл учурларда, окуяларды эсепке алуу китебине (КУП) каттоого жана ЖУИнин (КУПтун) акыркы графасына көрүлгөн чаралар тууралуу белги коюуга милдеттүү. 6.2.ИИБнин экинчи бир кызматкеринин үй-бүлөлүк чыр-чатак болгон жерге барышын камсыз кылууга милдеттүү. Үй-бүлөлүк зомбулук фактысы жөнүндө арыз түшкөндө, бул коркунучтуу оукя экендигин эске алуу менен үй-бүлөлүк чыр-чатак чыккан жерге милициянын участоктук эки инспектору (УИМ) же болбосо ички иштер органынын кемиде эки кызматкери (ИИМдин күзөтчүсүнүн көрсөтмөсү боюнча) барууга тийиш. 6.3. Үй-бүлөлүк зомбулукка бөгөт коюу боюнча чараларды көрүү.Окуя болгон жерге келгенден кийин милиция кызматкерлери өздөрүн тааныштырууга, өздөрүнүн келишинин себебин түшүндүрүүгө тийиш. Андан ары үйдө же зомбулук жасаган же жасап жаткан адамдын куралынын болушу мүмкүн экендигин аныктоо зарыл. Милиция кызматкери келгенден кийин да зомбулук кылуу улантылса, ага бөгөт коюу боюнча чараларды көрүү жана күнөлүү адамды чыр-чатактын калган катышуучуларынан ажыратуу керек. 6.4. Тараптарды сурамжылоо.Чатакташып жаткандарды алардын укуктары менен тааныштыруу керек. Аларга эркин сүйлөөгө мүмкүнчүлүк берүү үчүн тараптарды, анын ичинде балдарды өзүнчө бөлмөдө сурамжылоо жүргүзүү керек. Үй-бүлөлүк чыр-чатактын себептерин, чыр-чатак эмнеден келип чыкканын, үй-бүлөлүк зомбулукта ким күнөлүү жана ким жапа чеккенин аныктоо керек. 6.5. Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселени чечүү үчүн бардык зарыл аракеттер көрүлүүгө тийиш. ИИБнин өкүлү чыр-чатактын бардык себептерин жана жагдайларын аныктоого милдеттүү, бул үчүн чырдашкандарга гана эмес, ошондой эле башка күбөлөргө, коңшуларга, туугандарына сурамжылоо жүргүзүү зарыл. Мында мурда ушул сыяктуу инциденттердин болгон же болбогондугун, эгерде алар мурда эле болуп келсе, анын канчадан бери кайталанып жатканын тактоо зарыл. Мурагы чыр-чатактарда курал колдонулганы же колдонуукоркунучу болгондугу аныкталат. Жапа чеккен адамдын жардам сурап кайрылганы, анын ичинде укук коргоо органдарына кайрылганы анкыталат. Зомбулук жасаган же зомбулук жасап жаткан адам мурда укук коргоо органдары тарабынан кармалганы же кармалбаганы, эгерде мурда кармалган болсо, качан жана эмне үчүн кармалгандыгы аныкталат. Мурдагы чыр-чатактарда кимдир-бирөөнүн жаракат алгандыгы жана медициналык жардам алуу үчүн кайрылгандыгы, эгерде кайрылган болсо жаракаттын мүнөзү тууралуу медициналык корутундунун бар же жок экендиги аныкталат. Алардан аталган факт боюнча жазуу жүзүндө түшүнүк алынат, башка далилдөөчү материалдар чогултулат. ИИБнин өкүлү администрациялык укук бузуу, б.а. үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө протокол түзүүгө тийиш. 6.6. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен адамга зарыл консультация берилет жана коргоо ордерлерин берүүнүн тартиби же болбосо үй-бүлөдө зомбулук жасаган адамды администрациялык же жазыктык жоопкерчиликке тартуунун тартиби түшүндүрүлөт. Чыр-чатактын жагдайларына негизденүү менен ИИБнин өкүлү жапа чеккен тарапка анын укуктарын түшүндүрүүгө тийиш. Атап айтканда, мындан аркы үй-бүлөлүк зомбулукка бөгөт коюу үчүн коргоо ордерлерин (убактылуу жана соттук) берүүнү тартибин түшүндүрөт, ошондой эле жапа чеккен адамдын зомбулук кылган адамды администрациялык же жазыктык жоопкерчиликке тартууну кааларын же каалабашын аныктайт Эгерде үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен адам коргоо ордерлерин алуу үчүн кайрылууну кааласа, ИИБнин өкүлү коргоо ордерлерин алуунун жол-жоболорун түшүндүрүп берүүгө тийиш. Эгерде үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен адам администрациялык же жазыктык жоопкерчиликке тартууну кааласа, анда ИИБдин өкүлү үй-бүлөдө зомбулук жасаган адамды жоопкерчиликке тартуунун тартибин түшүндүрүп берүүгө тийиш. 6.7. Зарыл учурда үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен адамды медициналык мекемеге же коопсуз жайга же болбосо социалдык тейлөөнүн адистештирилген мекемесине жеткирүүнү уюштуруу; Эгерде жапа чеккен адам медициналык жардамга муктаж болсо, ИИБдин өкүлү «Тез жардамды» чакырууга же баштапкы медициналык жардам көрсөтүү үчүн жапа чеккен адамды медициналык мекемеге жеткирүүнү уюштурууга милдеттүү. Эгерде жапа чеккен адам күнөлүү адамдын андан ары кол салышынан корксо, анда ИИБдин өкүлүжапа чеккен адамды коопсуз жерге (жапа чеккен адамдын пикири боюнча), досторуна, туугандарына, социалдык жардам көрсөтүү боюнча адистештирилген мекемеге ж.б. жерлерге жеткирүүнү уюштурууга тийиш. 6.8. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен адамга убактылуу коргоо ордерин же болбосо соттук коргоо ордерин берүү үчүн материалдарды, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулук жасган адамды администрациялык же жазыктык жоопкерчиликке тартуу үчүн материалдарды даярдоо; ИИБдин жетекчилигине карап чыгуу жана каттоо үчүн төмөндөгү документтерди: протоколду, жапа чеккен адамдын арызын, түшүнүк каттарды, медициналык справкаларды жана башка документтерди берүү зарыл. 6.9. Социалдык коргоонун аймактык органдары менен биргелешип, ыркы жок үй-бүлөлөр менен профилактикалык ишти үзгүлтүксүз жүргүзүп туруу. Үй-бүлөлүк зомбулук фактылары жана аларды жасагандар аныкталгандан кийин, ИИБдин өкүлү социалдык кызматтардын адистештирилген мекемелеринин жана мамлекеттик социалдык кызматтардын кызматкерлери менен биргелешип, ыркы жок үй-бүлөлөр менен зыяндуу жана моралга жат жүрүш-туруштун балдарга жана алардын айланасындагы адамдарга зыяндуулугун түшүндүрүү боюнча иш жүргүзөт. Статистикалык отчеттулукту жүргүзүү 7. Гендердик- бөлүштүрмө көрсөткүчтөрдү өзүнө камтып, үй-бүлөлүк зомбулук жасалган учурларды анын түрлөрү, көрүлгөн чаралардын түрлөрү боюнча каттоонун саны, үй-бүлөдө зомбулук жасаган адамдын үй-бүлө мүчөлөрү жана зомбулуктан жапа чеккендер жөнүндө социалдык-демографиялык маалымдамалар участоктук инспекторлор тарабынан жүргүзүлөт. 7.1. Убактылуу коргоо ордерлерин берүү жана соттук коргоо ордерлерин берүү үчүн материалдарды эсепке алуу ГОРОВДнын күзөт бөлүмүнүн башчысы тарабынан жүргүзүлөт, ал ушул (анын ичинде ГОМдон жана ПОМдон алынган) маалымдамаларды облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын ИИБдеринин маалыматтык борборлору үчүн жана жогору тураган күзөт бөлүгү үчүн ай сайын берилүүчү отчетко киргизет. Мыйзамдуулуктун сакталышына жалпы контролдук жүргүзүү, убактылуу коргоо ордерлерин берүүдө кыянаттык кылуу фактыларына бөгөт коюу ГОРОВДнын башчысынын орун басраларына жүктөлөт. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ООР ГШ, ИАУ ГШ, УОБ
|