|
2004-жылдын 7-октябры Бишкек ш. «Кыргыз Республикасынын ички иштер бөлүмдөрүнүн практикалык ишине убактылуу коргоо ордерлерин киргизүүжана алар боюнча статистикалык отчеттуулукту жүргүзүүжөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 25-мартындагы «Үй-бүлөлүк зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо жөнүндө» №62 , ошондой эле: 66 3 «Үй-бүлөлүк зомбулук», 66 4 «Убактылуу коргоо ордеринин шартарын аткарбоо», 66 5 «Соттук коргоо ордеринин шарттарын аткарбоо» деген статьялар киргизилген «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолор киргизүү тууралуу 24.07. 2004-жыл, №98 мыйзамдарынын күчүнө киришине байланыштуу, КР ИИМи тарабынан - «Кыргыз Республикасынын ички иштер бөлүмдөрүнүн практикалык ишине убактылуу коргоо ордерлерин киргизүү жана алар боюнча статистикалык отчеттуулукту жүргүзүү жөнүндө» Нускама; - КР Улуттук статистикалык комитети менен макулдашылган убактылуу коргоо ордеринин формасы иштелип чыкты. Жогоруда баяндалгандардын негизинде Б У Й Р У К К Ы Л А М Ы Н : 1. 2004-жылдын 1-ноябрынан тарттып: - «Кыргыз Республикасынын ички иштер бөлүмдөрүнүн практикалык ишине убактылуу коргоо ордерлерин киргизүү жана алар боюнча статистикалык отчеттуулукту жүргүзүү жөнүндө» Нускама (№ 1-тиркеме). Убактылуу коргоо күбөлүгүнүн формасы (№ 2-тиркеме) колдонууга киргизилсин. 2. Облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкармалыктарынын, райондук жана шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн башчылары- ушул буйрукту жана ага карата тиркемелерди бүткүл өздүк курамга жеткирсин,- убактылуу коргоо ордерлеринин бланктарын жана нускамаларды (1 жана 2-тиркемелер) зарыл санда даярдоону жана көбөйтүүнү камсыз кылсын. 3. КР Ички иштер министрлигинин Башкы Штабынын Администрациялык-аткаруу башкармалыгынын, облустардын жана Бишкек, Ош шаарларынын, райондук жана шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн башчылары убактылуу коргоо ордерлери менен иш алып баруу боюнча статистикалык отчеттулукту жүргүзүүнү жеке контролдукка алсын. 4. Нускаманын талаптарынын аткарылышына контролдук жүргүзүү КР Ички иштер министрлигинин УКБсына жүктөлсүн. 5. Ушул буйруктун аткарылышына контролдук жүргүзүү министрдин орун басары, милициянын генерал-майору А. Ш. Суранчиевге жүктөлсүн. Министр Милициянын генерал-лейтенанты Б.Субанбеков
|