Аялдарды зомбулуктан коргоонун механизмдерин иштеп чыгуу
жана социалдык-укуктук жагынан коргоону камсыз кылуу

Интернет сурамжылоо

Көп аял алууга каршы кантип күрөшүүгө болот? Көп аял алууга каршы кантип күрөшүүгө болот? Жооптун бирөөнү тандап алыңыз:
 
«Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү туралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

1-статья.      Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-жыл, №2, 77-ст.) төмөндөгүдөй толуктоо киргизилсин:    

Кодекс төмөндөгүдөй мазмундагы 68-3, 68-4 жана 68-5 статьялар менен толукталсын:           

"66-3-статья. Үй-бүлөлүк зомбулук

Үй-бүлөлүк зомбулук – үй-бүлөнүн бир мүчөсүнүн экинчисине каршы жасалган ар кандай (жекече, психикалык, сексуалдык)   атайын аракети, эгерде ушул аракеттер үй-бүлө мүчөсүнүн конституциялык жана башка укуктарына жана эркиндиктерине шек келтирсе, денсине жењил залал келтирсе, жеке же психикалык азаптарга салса, анын курагына, жынысына карабастан, үй-бүлө мүчөсүнүн жеке же психикалык өнүгүшүнө зыян келтирсе жана ушул аракеттерде жазыктык жоопкерчилик каралган квалификациялык белгилер камтылбаса – эң төмөнкү эмгек акынын беш өлчөмүнөн он өлчөмүнө чейин администрациялык айып акы салууга алып келет.      

66-4-статья. Убактылуу коргоо ордеринин шарттарын аткарбоо     

Убактылуу коргоо ордеринин шарттарын аткарбоо  - эң төмөнкү эмгек акынын беш өлчөмүнөн он  беш өлчөмүнө чейин администрациялык айып акы салууга же он суткага чейинки мөөнөткө  администрациялык камакка  алууга алып келет.          

66-5-статья. Соттук коргоо ордеринин шарттарын аткарбоо     

Соттук коргоо ордеринде сот тарабынан белгиленген шарттарды аткарбоо, эгерде бул аракеттерде жазыктык жоопкерчилик каралган квалификациялык белгилер камтылбаса   -  эң төмөнкү эмгек акынын он өлчөмүнөн жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып акы салууга же он суткадан он беш суткага чейинки мөөнөткө  администрациялык камакка  алууга алып келет.           

2-статья. Ушул Мыйзам жарыялаган учурдан тартып күчүнө кирет.     

2004-жылдын 6-августунда "Эркинтоо" гезитинин  N 61-62 – сандарында жарыяланган      

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев,

Бишкек ш., 2004-жылдын 26-июлу, №98

2004-жылдын 8-июнунда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин

Мыйзам чыгаруу жыйыны тарбынан кабыл алынган    

 

 
©2009-2010. Европа Комиссиясынын Долбоору, КСФ.
Бардык укуктар корголгон
 
  Web-site created by EMarketing2U Consulting www.e-market4u.com