I бөлүм. Жалпы жоболор II бөлүм. Өздөрүнө карата зомбулук көрсөтүлө турган субъектилер чөйрөсү III бөлүм. Үй-бүлөлүк зомбулукка бөгөт коюу жана алдын алуу, үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккендарга социалдык коргоо көрсөтүү боюнча субъектилердин чөйрөсү, алардын укуктары жана милдеттери IV бөлүм. Үй-бүлөлүк зомбулуктан социалдык-укуктук коргоону уюштуруу V бөлүм. Корутунду жоболор Ушул Мыйзам үй-бүлөдөгү зомбулуктан жапа чеккен адамдарды социалдык-укуктук коргоо жагындагы мамилелерди жөнгө салат. Үй-бүлөдөгү зомбулуктан коргоонун ушул Мыйзамда белгиленген социалдык-укуктук чаралары инсандын, үй-бүлөнүн жана коомдун коопсуздугун камсыз кылуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат. I бөлүм. Жалпы жоболор 1-статья. Негизги түшүнүктөр Ушул Мыйзамда төмөндөгү түшүнүктөр колдонулат: Үй-бүлө – бири бири менен никеде турган, тууганчылык же жакындык мамиледе болгон, чогуу жашаган адамдар. Ушул Мыйзамдын күчү жарандык абал актыларын каттоо органдарында катталбаган никеге (иш жүзүндөгү никеге) негизделген үй бүлөгө; асырап алуунун натыйжасында үй-бүлөлүк мамилелерге өткөн адамдарга, көзөмөл жүргүзүүчүлөр жана камкордук көрүүчүлөр кол алдындагылар менен чогуу жашаганда, көзөмөл жүргүзүүгө жана камкордук кылууга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте балдарды үй-бүлөгө жайгаштырууга; ошондой эле никеси бузулгандан кийин чогуу жашоосун улантып жаткан, никеге негизделген үй-бүлөнүн мүчөсү болуп эсептелген адамдарга жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн укугунда чогуу жашап жаткан бир туугандарга карата колдонулат; Ыркы жок үй-бүлө – зомбулук же зомбулук көрсөтүү коркунучу ар дайым (системалуу түрдө) болуп турган үй-бүлө; Үй-бүлөнүн көз каранды мүчөсү- курагына, оорусуна же болбосо майыптыгына байланыштуу үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнө көз каранды, алардын багуусунда болгон үй-бүлө мүчөсү; Турмуштук оор кырдаал – үй-бүлөдөгү чыр-чатактарга жана (же) катаал мамилеге байланыштуу үй-бүлө мүчөсүнүн жашоо турмушун жана моралдык-психологиялык абалын объективдүү түрдө буза турган кырдаал; Үй-бүлөдөгү зомбулук (үй-бүлөлүк зомбулук), эгерде бул аракеттер үй-бүлө мүчөсүнүн мыйзамдуу укуктарын жана эркиндигин бузса, аны жекече же психикалык азап тартууга алып келсе жана моралдык зыян келтирсе же болбосо үй-бүлөнүн жашы жете элек мүчөсүнүн дене түзүлүшү жана инсандык жагынан өнүгүшүнө коркунуч келтирүүнү камтыса, үй-бүлөнүн бир мүчөсүнүн үй-бүлөнүн экинчи мүчөсүнө карата жасалган ар кандай атайын аракети; үй-бүлөдөгү жекече зомбулук - үй-бүлөнүн бир мүчөсүнүн үй-бүлөнүн экинчи мүчөсүн сабашы,ден соолугуна зыян келтириши, үй-бүлөнүн бир мүчөсүнүн үй-бүлөнүн экинчи мүчөсүнө ары-бери жүрүүгө, турак жайга, тамак-ашка, кийимге жана жашоонун башка кадыресе шарртарына атайылап мүмкүнчүлүк бербеши, оор кара жумуш жасоого мажбурлашы, ошондой эле жашы жете элек балдардын ата-энелеринин, алардын көзөмөлдөөчүлөрүнүн, камкорчуларынын, жашы жете элек баланы үй-бүлөгө тарбиялоо үчүн алган адамдардын жашы жете элек баланы багуу, ден соолугу жана жеке коопсуздугу тууралуу кам көрүү боюнча милдеттерин аткаруудан качышы, бул болсо, баланын жеке же психикалык ден соолугуна зыян келтирүүгө, анын инсандыгынын ар-намысына жана кадыр-баркына, ошондой эле жапа чеккен баланын психикалык, жеке же инсанды өнүгүшүнө зыян келтириши же үй-бүлө мүчөсүнүн өлүмүнө алып келиши мүмкүн; үй-бүлөдөгү психикалык зомбулук - үй-бүлөнүн бир мүчөсүнүн үй-бүлөнүн экинчи мүчөсүнүн ар-намысын жана кадыр-баркын атайылап басмырлашы же коркутуу, мазактоо, шантаж аркылуу анын өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч келтире турган укук бузууларды же жоруктарды жасоого, ошондой эле үй-бүлөнүн жашы жете элек мүчөсүнүн психикалык, жеке же инсандык өнүгүшүн бузууга аалып келген аракеттерге мажбурлашы (аргасыз кылышы); үй-бүлөдөгү сексуалдык зомбулук - үй-бүлөнүн бир мүчөсүнүн үй-бүлөнүн экинчи мүчөсүнүн жыныстык кол тийгистигине жана жыныстык эркиндигине шек келтирген аракети, ошондой эле үй-бүлөнүн жашы жете элек мүчөсүнө карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасоо; социалдык колдоо көрсөтүү – үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккендерге көрсөтүлө турган социалдык-экономикалык, социалдык-укуктук,социалдык-медициналык, социалдык-психологиялык жана башка мүнөздөгү кызматтардын комплекси; үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо – үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен үй-бүлө мүчөлөрүнө социалдык колдоо көрсөтүү аркылуу үй-бүлөдөгү турмуштук оор кырдаалды чечүү боюнча тиешелүү кызматтардын иши, үй-бүлөгө кадыресе үй-бүлөлүк мамилелерди калыбына келтирүүдө жардам көрсөтүү, жүрүш-турушту оңдоо боюнча чараларды иштеп чыгуу; үй-бүлөдөгү зомбулукка социалдык бөгөт коюу – үй-бүлөнүн көз каранды мүчөсүнүн өмүрүнө жана жашоосуна түздөн-түз коркунуч пайда болгондо, ушул коркунучту четтетүү, кечиктирлгис кырдаалда анын коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле адамдардын укукка жат, кайталанма жана системалуу аракеттерине алып келе турган аракеттерине жол бербөө максатында тиешелүү кызмат тарабынан токтоосуз көрсөтүлө турган социалдык колдоо; коргоо ордери – үй-бүлөдөгү зомбулуктан же анын коркунучунан жапа чекке адамга мамлекеттик коргоону берген жана зомбулук көрсөткөн же зомбулук көрсөтөм деп коркуткан адамды ушул Мыйзамда аныкталган таасир көрсөтүү чаралары түрүндөгү эскертүүгө алып келген процесстик юридикалык документ. 2-статья. Ушул Мыйзамдын максаттары Ушул мыйзамдын максаты үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрүн, ден соолугун коргоонун социалдык-укуктук системасын түзүү жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккендерге адам укуктары жагындагы эл аралык стандарттарды сактоого негизделген коргоону камсыз кылуу болуп саналат. Ушул Мыйзам үй-бүлөлүк толук кандуу жана мыкты шарттарды түзүүгө багытталган, мында үй-бүлөнүн жашы жете элек жана улгайган мүчөлөрүн зомбулуктан коргоо мамлекеттин өзгөчө камкордугу болуп саналат. 3-статья. Кыргыз Республикасынын үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо жөнүндө мыйзамдары Кыргыз Республикасынын үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо жөнүндө мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет, ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларынан, ошондой эле Кыргыз Республикасы тарабынан ратификацияланган эл аралык келишимдерден жана башка акыларда камтылган нормалардан турат. 4-статья. Ушул Мыйзамдын принциптери Ушул Мыйзам төмөндөгү принциптерге негизделет: - адам укуктарынын үй-бүлөгө байланыштуу эл аралык нормаларын сактоо; - мыйзамдуулук; - гуманизм; - үй-бүлөгө зыян келтириши мүмкүн болгон диний, маданий жана башка салттардан коргоо; - үй-бүлөдө зомбулук көрсөткөндүгө үчүн күнөөлүү жооперчилик тартуу; - көрсөтүлгөн зомбулук тууралуу маалыматтын жашырындуулугу; - профилактикалык багыттуулугу; - коомчулуктун жарандык институттардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрүн жана ден соолугун коргоонун социалдык-укуктук системасын түзүү. II-бөлүм. Өздөрүнө карата зомбулук көрсөтүлө турган субъектилер чөйрөсү 5-статья. Өздөрүнө карата зомбулук көрсөтүлө турган субъектилер Өздөрүнө карата зомбулук көрсөтүлө турган субъектилерге (жапа чеккендерге) үй-бүлө мүчөлөрү, ошондой эле үй-бүлө мүчөлөрү менен чогуу жашап жаткан бир туугандар таандык кылынат. Өзүнө жекече, психикалык же башка зыян келтирилген адам үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен адам деп табылат. 6-статья. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен адамдын укуктары Үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен адам: - үй-бүлөлүк зомбулук жасоо же аны жасайм деп коркутуу фактысы тууралуу ички иштер органдарына же прокуратурага мамлекеттик же расмий тилдерде арыз берүүгө; - медициналык мекемеге жеткирүүгө жана баштапкы медициналык жардам көрсөтүүгө; - анын каалоосу боюнча коопсуз жайга жайгаштырууга же болбосо социалдык тейлөөнүн адистештирилген мекемесине жаткырууга; - өзүнүн коопсуздугу, юридикалык жардам жана консультация тууралуу маалымат алууга; - зомбулук жасаган адамдын жүрүш-турушуна коомдук нараазычылык билдирүү максатында жашаган жериндеги аксакалдар сотуна кайрылууга; - коргоо ордерин алууга же болбосо зомбулук жасаган адамды администрациялык же жазык жоопкерчилигине тартуу үчүн тиешелүү органдарга кайрылууга укуктуу. III бөлүм. Үй-бүлөлүк зомбулукка бөгөт коюу жана алдын алуу, үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккендарга социалдык коргоо көрсөтүү боюнча субъектилердин чөйрөсү, алардын укуктары жана милдеттери 7-статья. Үй-бүлөлүк зомбулукка бөгөт коюу жана алдын алуу, үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккендарга социалдык коргоо кјрсјтіі боюнча субъектилер Үй-бүлөлүк зомбулукка бөгөт коюу жана алдын алуу, үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккендарга социалдык коргоо көрсөтүү боюнча субъектилерге: - сот органдары; - прокуратура; - ички иштер органдары; - аксакалдар соттору; - Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы); - өз компетенцияларынын чектеринде мамлекеттик мекемелер ; - үй-бүлөлүк зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо боюнча башка субъектилер таандык кылынат. 8-статья. Үй-бүлөлүк зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо чараларын жүзөгө ашыруу боюнча соттордун милдеттери Сот ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын колдонулуп жаткан башка администрациялык, жазыктык жана жарандык процесстик мыйзамдарга ылайык үй-бүлөлүк зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо чараларын жүзөгө ашыруу боюнча чечим кабыл алат. 9-статья. Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча прокуратура органдарынын милдеттери Прокуратура органдары: - мекемелердин, уюмдардын жана жарандардын аракеттеринин мыйзамдуулугуна көзөмөлдү жүзөгө ашырууга, мыйзамсыз процесстик жана башка чечимдерди жокко чыгаруга карата чараларды көрүүгө, үй-бүлөлүк зомбулук фактылары жөнүндө түшкөн билдирүүлөрдү эсепке алуунун жана каттоонун толуктугун жана өз убагында жүргүзүлүшүн текшерүүгө; - сотто үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккендердин таламдарын билдирүүгө; - укук коргоо органдарынын үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу ишин координациялоого милдеттүү. 10-статья. Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча ички иштер органдарынын милдеттери Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин талаптарына ылайык администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктуу ички иштер органдары үй-бүлөлүк зомбулуктан социалдык-укуктук коргоону жүзөгө ашыруу үчүн бардык чараларды көрүшөт. Ички иштер органдары: - үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу арызды кабыл алууга жана каттоого; - үй-бүлөлүк чыр-чатак болгон жерге өзүнүн өкүлүнүн барышын камсыз кылууга; - тараптарды сурамжылоого; - үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен адамга зарыл болгон консультация берүүгө жана коргоо ордерлерин берүүнүн тартибин же болбосо үй-бүлөдө зомбулук көрсөткөн адамды администрациялык же жазыктык жоопкерчиликке тартуунун тартибин түшүндүрүүгө; - зарыл учурда үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен адамды медициналык мекемеге же коопсуз жерге же болбосо социалдык тейлөөнүн адистештирилген мекемесине жеткирүүгө; - үй-бүлөлүк зомбулукка бөгөт коюу боюнча чараларды көрүүгө; - үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселени чечүү үчүн бардык зарыл чараларды көрүүгө; - үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чекен адамга убактылуу коргоо ордерин же соттук коргоо ордерин берүү үчүн материалдарды, ошондой эле үй-бүлөдө зомбулук көрсөткөн адамды администрациялык же жазыктык жоопкерчиликке тартуу үчүн материалдарды даярдоого; - Социалдык коргоонун аймактык органдары менен биргелешип, ыркы жок үй-бүлөлөр менен профилактикалык иштерди үзгүлтүксүз жүргүзүүгө милдеттүү. 11-статья. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен адамдарга социалдык колдоо көрсөтүү боюнча мамлекеттик органдардын, уюмдардын жана мекемелердин милдеттери Үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен адамдарга социалдык колдоо көрсөтүү боюнча мамлекеттик органдарга, уюмдарга жана мекемелерге: мамлекеттик администрациялар, жашы жетеэлектердин иштери боюнча комиссиялар,билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык коргоо органдары таандык кылынат. Жогоруда аталган органдар үй-бүлөлүк зомбулукту болтурбай коюу жана жапа чеккендерге социалдык колдоо көрсөтүү боюнча чыгарылган чечимдердин аткарылышына контролдукту камсыз кылышат, үй-бүлөлүк зомбулукту болтурбай коюу боюнча программаларды иштеп чыгышат; үй-бүлөлүк зомбулукка түрткү берип жаткан себептерди жана шарттарды иликтешет; калктын ар кандай социалдык топтору менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. Үй-бүлөлүк мыйзамдарда каралган негиздер болгондо жашы жете электердин иштери боюнча комиссия үй-бүлөнүн жашы жете элек мүчөсүнө карата зомбулук көрсөткөн ата-энени ата-энелик укуктан ажыратуу жөнүндө сотко өтүнүч бериши мүмкүн. Үй-бүлөнүн улгайган мүчөлөрүнө жана майыптарга карата зомбулук көрсөтүлгөн учурларда социалдык коргоонун аймактык органдары алименттер тууралуу өтүнүч козгойт, алар ошондой эле аталган адамдарды кары-картаңдар үйлөрүнө же болбосо медициналык мекемелерге жиберүү маселелрин чечишет, айкын чараларды көрүү үчүн ички иштер органдарына кабарлашат. Алимент алууга укугу бар адамдар өзүн багуу үчүн каражат алуу укугу келип чыккан учурдан тартып өткөн мезгилге карабастан, алименттерди төлөп берүүнү сот аркылуу талап кыла алышат. 12-статья. Башка субъектилердин жана жана жарандардын үй-бүлөлүк зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо боюнча милдеттери Жергиликтүү өз адынча башкаруу органдары, социалдык тейлөөнүн мамлекеттик эмес мекемелери, үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккендерди социалдык тейлөө боюнча ишкердик кылган башка өкмөттүк эмес уюмдар жана жарандар: - үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен адамга социалдык колдоо көрсөтүүгө; - үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен адамга анын мамлекеттик органдарга же болбосо коомдук уюмдарга өзүн коргоп калуу үчүн кайрылууга укуктуулугун түшүндүрүүгө; - үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен адамга социалдык колдоо көрсөтүүгө; - зарыл учурларда үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен адамдын макулдугу менен, үй-бүлөнүн жашы жете элек, аракетке жөндөмсүз жана аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген мүчөлөрүнө тиешелүү болгондон башка учурларда, үй-бүлөдө зомбулук жасоонун фактысы тууралуу ички иштер жана прокуратура органдарына кабарлоого милдеттүү. IV бөлүм. Үй-бүлөлүк зомбулуктан социалдык-укуктук коргоону уюуштуруу 13-статья. Үй-бүлөлүк зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо органдары, уюмдары жана мекемелери Үй-бүлөлүк зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо: - социалдык коргоо органдары аркылуу; - саламаттык сактоо жана билим берүү органдары аркылуу; - жашы жете электердин иштери боюнча комиссиялар, көзөмөлдөө жана камкордук кылуу органдары аркылуу; - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (жергиликтүү кеңеш) аркылуу; - социалдык тейлөөнүн мамлекеттик эмес адистештирилген мекемелери, үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккендерди социалдык тейлөө боюнча ишкердик кылган башка өкмөттүк эмес уюмдар жана жарандар аркылуу; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ички иштер, прокуратура жана сот органдары аркылуу жүзөгө ашырылат. 14-статья. Адистештирилген социалдык кызмат Адистештирилген социалдык кызмат менчигинин формасына карабастан, үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккендерге социалдык колдоо көрсөтүүнү жүзөгө ашырган уюмдарды жана мекемелерди өзүнө камтып турат Социалдык тейлөөнүн адистештирилген мекемелерине: - консультатциялык-профилактикалык борборлор (кризистик борборлор); - үй-бүлөгө жана балдарга социалдык жардам көрсөтүү борборлору; - балдар жана өспүрүмдөр үчүн социалдык түнөктөр; - зомбулуктан жапа чеккендер үчүн социалдык мейманканалар (жашынуучу жайлар); - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген улгайган адамдарды, майыптарды жана балдарды социалдык тейлөө борборлору (күндүз жүрө турган бөлүмдөр); - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар жана адамдардын башка категориялары үчүн социалдык-реабилитациялык борборлор; - боорукерлик ишканалары жана мекемелери (хоспистер) таандык кылынат. Социалдык тейлөөнүн адистештирилген мекемеси үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен адамга кызматтардын бүткүл көлөмүн же болбосо чектелген көлөмүн көрсөтүшү мүмкүн. Социалдык тейлөөнүн адистештирилген мекемеси юридикалык жак катары милдеттүү түрдө каттоодон өтүүгө тийиш жана уюштуруу документтеринин негизинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аракеттенет. 15-статья. Социалдык тейлөөнүн адистештирилген мекемесинин милдеттери Социалдык тейлөөнүн адистештирилген мекемесинин ишинин багыты үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккендерге социалдык колдоо көрсөтүү болуп саналат Социалдык тейлөөнүн адистештирилген мекемеси: - үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен адамды социалдык колдоо көрсөтүү боюнча кызматтардын комплекси менен камсыз кылууга, ошондой эле анын үй-бүлөдө зомбулук жасаган адам тарабынан бузулган жеке жана материалдык укуктарын коргоону камсыз кылууга; - зарыл учурда, үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен адамдын макулдугу менен, аны комплекстүү социалдык-медициналык-психологиялык күбөлөндүрүүдөн өткөрүүнү камсыз кылууга; - үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен адамдын макулдугу менен үй-бүлөдө жасалган зомбулук же зомбулук жасоо коркунучу жөнүндө ички иштер жана прокуратура органдарына кабарлоого; - бузулган укугун калыбына келтирүү үчүн ички иштер органына же сотко кайрылуу үчүн бардык зарыл материалдарды даярдоого милдеттүү. 16-статья. Үй-бүлөлүк зомбулуктан социалдык-укуктук коргоонун негиздери Үй-бүлөлүк зомбулуктан социалдык-укуктук коргоонун негизи үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо үчүн жардам сурап кайрылуу болуп саналат. Ошондой эле үй-бүлөдөгү зомбулук фактысын аныктоо же болбосо үй-бүлөдө турмуштук оор кырдаалдын орун алышы,бул кырдаалдын үй-бүлөнүн көз каранды мүчөлөрүнүн өмүрүнө же ден соолугуна түздөн-түз коркунуч келтириши, анын ички иштер органдары же социалдык коргоонун аймактык органдары тарабынан ырасталышы - социалдык-укуктук коргоонун негизи болуп саналат. 17-статья. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен адамды социалдык тейлөөнүн адистештирилген мекемесине жиберүү жана тейлөө Үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен адам жеке өзү же үй-бүлөлүк зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо органдары аркылуу социалдык тейлөөнүн адистештирилген мекемесине жардам сурап кайрыла алат. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккендерди кабыл алуунун жана жайгаштыруунун тартиби аталган мекемелердин тиешелүү жоболору менен аныкталат. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен адамга социалдык тейлөөнүн адистештирилген органдары тарабынан белгилүү бир кызматтардын комплекси көрсөтүлөт, ошондой эле социалдык мейманканада (жашынуучу жайда) 10 суткага чейин акысыз жашоо укугу берилет. Социалдык мейманканада (жашынуучу жайда) жашоонун мөөнөтүн узартуу келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат Жапа чеккен адамды белгиленген мөөнөттөн ашык тейлөө боюнча чыгымдар зомбулук жасаган адамга жүктөлөт. Баш тартылган учурда, чыгымдардын ордун толтуруу сот тартибинде жүргүзүлөт. 18-статья. Үй-бүлөдөгү зомбулукка социалдык бөгөт коюу Жапа чекен адамдан арыз түшкөндөн кийин ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн бардык субъектилер үй-бүлөдөгү зомбулукка бөгөт коюуга киришет. Зарыл учурда биргелешкен иш-чаралар өткөрүлөт. Бөгөт коюу чараларына: - үй-бүлөнүн жапа чеккен мүчөсүнүн өмүрүнө жана ден соолугуна түздөн-түз коркунуч келтирген турмуштук оор кырдаалды жеринде чечүү боюнча шашылыш чараларды көрүү; - үй-бүлөдөгү зомбулуктан жапа чеккен адамдын өтүнүчү боюнча же болбосо үй-бүлөнүн өмүрүнө жана ден соолугуна түздөн-түз коркунуч келтирилип жаткан көз каранды мүчөсүн токтоосуз түрдө социалдык мейманканага (жашынуучу жайга) жайгаштыруу; - үй-бүлөдөгү зомбулуктан жапа чеккен адамды тиешелүү медициналык мекемеге же башка адистештирилген мекемеге текшерүүдөн өтүүгө жиберүү; эгерде жапа чеккен адам үй-бүлөнүн жашы жете элек, аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген мүчөсү болсо, ал текшерүүдөн өтүүгө милдеттүү түрдө жиберилет; - үй-бүлөдөгү зомбулуктан жапа чеккен адамды ден соолугунун абалы боюнча тиешелүү медициналык мекемеге жиберүү жана андан кийин бул тууралуу сотко кабарлоо, эгерде жапа чеккен адам үй-бүлөнүн жашы жете элек, аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген мүчөсү болсо, анын мыйзамдуу өкүлүнүн макулдугу, ал эми ал жок болгон учурда, көзөмөлдөө жана камкордук көрүү органынын макулдугу зарыл болот; - зомбулуктан жапа чеккен адамдын өтүнүчү боюнча токтоосуз түрдө социалдык колдоо көрсөтүү кызматын көрсөтүү, ал эми жапа чеккен адам жашы жете элек бала болсо, милдеттүү түрдө кызмат көрсөтүү; - Социалдык тейлөөнүн адистештирилген мекемелери зомбулуктан жапа чеккен адамга же болбосо үй-бүлөнүн өмүрүнө жана ден соолугуна түздөн-түз коркунуч келтирилген көз каранды мүчөсүнө социалдык мейманкана (жашынуучу жай) берилгендиги жөнүндө ички иштер органдарына же сотко кабарлайт. Социалдык түнөк балдар жана өспүрүмдөр үчүн берилген же үй-бүлөнүн жашы жете элек мүчөсүн же көзөмөл же камкордук алдында турган мүчөсүн күбөлөндүрүүдөн өткөрүүгө жиберилген учурларда, көзөмөлдөө жана камкордук көрүү органдарына кабарланат; - ички иштер органынын кызматкери өмүрүнө жана ден соолугуна түздөн-түз коркунуч келтирилип жаткан үй-бүлө мүчөлөрү бар деп ойлоого жетиштүү негиздер болгондо же ушул коркунучту түзүп жаткан турмуштук оор кырдаалды жеринде чечүүгө мүмкүнчүлүк бере турган шашылыш чараларды көрүү үчүн жарандардын имарат жайларына жана аймактарына тоскоолдуксуз кирүүгө укуктуу; - социалдык коргоонун аймактык органынын кызматкери јзінін жеке коопсуздугу ички иштер органдарынын кызматкери тарабынан камсыз кылынганда, жарандардын имарат жайларына жана аймактарына тоскоолдуксуз кирүүгө укуктуу; - зомбулук көрсөткөн адамга карата ушул Мыйзамда каралган чаралар (убактылуу коргоо ордери, соттук коргоо ордери) же болбосо администрациялык же жазыктык териштирүүнүн башка чаралары колдонулушу мүмкүн. 19-статья. Үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө маалымат берүүнүн тартиби Жашы жете элек балдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүү жөнүндө маалымат алынганда, билим берүү системасынын кызматкерлери бул маалыматты тиешелүү чараларды көрүү үчүн ички иштер же прокуратура органдарына өткөрүп берүүгө милдеттүү. Үй-бүлөлүк зомбулук фактылары бийлик органдары же болбосо көзөмөлдөө жана камкордук көрүү органдары тарабынан аныкталган учурда, бардык маалымат текшерүү үчүн ички иштер же прокуратура органдарына берилүүгө тийиш. Ички иштер же прокуратура органдары үй-бүлөлөк зомбулук жөнүндө оозеки же жазуу жүзүндөгү маалыматты алары менен зомбулукту болтурбай коюу жана жапа чеккендерди андан аркы үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоп калуу үчүн шашылыш чараларды көрүүгө милдеттүү. Социалдык тейлөөнүн адистештирилген мекемелери, калкты социалдык тейлөө боюнча ишкедик кылган башка өкмөттүк эмес уюмдар жана жарандар үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө маалыматты зомбулуктан жапа чеккен адамдын макулдугу менен ички иштер же прокууратура органдарына беришет. Эгерде үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен адам үй-бүлөнүн жашы жете элек, аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген мүчөсү болсо, малыматты берүү үчүн макулдук талап кылынбайт. 20-статья. Үй-бүлөлүк зомбулуктан социалдык-укуктук коргоодо маалыматтын жашырындуулугу Үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккендерге социалдык-укуктук жардам көрсөтүүдө ден соолугунун абалы, жашоо шарттары жагындагы маалыматтар жана жекече сырга же болбосо жеке турмушка таандык болгон башка маалыматтар мыйзам тарабынан корголот. Жеке мүнөздгү маалымдамалар жапа чеккен адамдын өзүнүн макулдугу менен же болбосо жазык иши козголгон, же администрациялык жаза чаралары колдонулган учурларда гана пайдаланылышы мүмкүн. Өзүнүн кызматтык абалына байланыштуу зомбулук көрсөтүлгөн үй-бүлө, же анын айрым мүчөлөрү тууралуу социалдык-укуктук коргоо көрсөтүүнүн жүрүшүндө алынган жашыруун маалымат белгилүү болгон адамдар. Мыйзамдарда көрсөтүлгөндөн башка учурларда, мындай маалыматты жайылтууга укуксуз болот. Аталган маалымдамалар башкаларга билдирилген учурда, аталган адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат. 21-статья. Үй-бүлөлүк зомбулуктан социалдык-укуктук коргоонун атайын каражаттарынын түрлөрү Үй-бүлөлүк зомбулуктан социалдык-укуктук коргоонун атайын каражаттарынын түрлөрүнө убактылуу коргоо ордери жана соттук коргоо ордери таандык кылынат. 22-статья. Социалдык-укуктук коргоонун атайын каражаттарын берүү үчүн негиздер Социалдык-укуктук коргоонун атайын каражаттары үй-бүлөлүк зомбулукка дуушар болгон үй-бүлөнүн ар кандай мүчөсүнүн макулдугу менен берилиши мүмкүн. Үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүү актысын жасоо же болбосо ошондой коркунучтун болушу убактылуу коргоо ордерин берүүнүн негизи болот. Зомбулук жасаган адам үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген турмуштук оор кырдаалды чечүүгө, алардын укуктарын жана таламдарын коргоого каршы болгон учурлар, үй-бүлөлүк зомбулук актыларын жасоо соттук коргоо ордерин берүүгө негиз болот. 23-статья. Убактылуу коргоо ордери Үй-бүлө мүчөсүнүн өмүрүнө же ден соолугуна түздүн-түз коркунуч түзгөн кырдаал пайда болгон кезде, үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен адам же анын өкүлү убактылуу коргоо ордерин алуу үчүн кайрылууга укуктуу. Убактылуу коргоо ордери үй-бүлөлүк зомбулук жасалган жердеги ички иштер органдарынын кызмат адамы тарабынан үй-бүлөлүк зомбулук жасалган же анын айкын коркунучу орун алган мезгилден тартып же болбосо зомбулук жасоо фактысы жөнүндө арыз берилген учурдан тартып 24 сааттын ичинде жол-жоболоштурулууга тийиш. Убактылуу коргоо күбөлүгүн берүү сотко даттанылышы мүмкүн жана токтоосуз каралууга, ал эми өзгүчө учурларда 3 суткага чейинки мөөнөттө каралууга тийиш. Убактылуу коргоо ордери үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамга 15 күнгө чейинки мөөнөткө берилет. Убактылуу коргоо ордерин алган адам анда көрсөтүлгөн бардык шарттарды аткарууга милдеттүү болот, анын тескерисинче болгондо колдонуудагы мыйзамдарга ылайык аталган адамга администрациялык жаза чарасы салынууга тийиш. Зомбулуктан жапа чеккен адамдын каалоосу боюнча ага убактылуу коргоо күбөлүгүнүн көчүрмөсү берилет. Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын убактылуу коргоо күбөлүгүнүн шарттарын сакташына контролдук жүргүзүү ички иштер органдарына жүктөлөт. 24-статья. Убактылуу коргоо ордеринин шарттары Убактылуу кайтаруу ордеринде төмөндөгүдөй расмий чаралар каралат: - үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамга зомбулуктан жапа чеккен адамга же башка адамдарга карата ар кандай зомбулук аракеттерди жасоого тыюу салынат; - зомбулук жасаган адамдын багууда болгон жашы жете элек балдарга мүмкүнчүлүк алышы жөнгө салынат; - үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамга зомбулуктан жапа чеккен адам менен тикелей жана кыйыр байланышта болууга жол берилбей тургандыгы эскертилет; - үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адам зомбулуктан жапа чеккен адамдын дарыланышынын наркын төлөп берүүгө милдеттендирилет; - үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамга убактылуу коргоо ордеринин шарттары бузулган учурда, анын администрациялык жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн экендиги эскертилет; - үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен адамга анын убактылуу коргоо ордерин алганына карабастан, анын үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамга каршы сотко кайрылуу же жазык ишин козгоо укугу тууралуу эскертилет; - үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен адамга анын убактылуу коргоо ордерин алганына жана жазык ишин козгоо тууралуу арыз бергенине карабастан, сотко кайрылууга жана никени бузуу, мүлктү бөлүштүрүү, алименттерди алуу, зыяндын ордун толтуруу же башка компенсациялар жөнүндө иш козгоого укуктуулугу тууралуу эскертилет; - үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен адамга улантылып жаткан үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо максатында кошумча түрдө соттук коргоо ордерин алуу үчүн кайрылууга укуктуулугу эскертилет, мында соттук коргоо ордери алынганда, убактылуу коргоо ордеринин күчү убактылуу токтотула турат. Убактылуу коргоо ордерин алган адам тарабынан ордерде жазылган шарттарды аткарбоо администрациялык жоопкерчиликке алып келет жана анын аракетин токтотпойт. 25-статья. Соттук коргоо ордери Соттук коргоо ордери үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен адамдын макулдугу болгондо, зомбулуктан жапа чеккен адамды коргоо жана андан аркы үй-бүлөлүк зомбулукка бөгөт коюу максатында сот тарабынан берилиши мүмкүн. Соттук коргоо ордери 1 айдан 6 айга чейинки мөөнөткө берилиши мүмкүн. Соттук коргоо ордерин алган адам тарабынан сот тарабынан белгиленген мезгилдин ичинде ордерде жазылган шарттардын аткарылбашы, администрациялык же жазык жоопкерчилигине алып келет. Соттук коргоо ордеринин мөөнөтү аяктагандан кийин жана үй-бүлөдө зоомбулук жасалган адамга карата зомбулук кайталанган учурда, администрациялык жана жазыктык мыйзамдарда каралган мамлекеттик мажбурлоонун башка чаралары колдонулушу мүмкүн. Соттук коргоо ордеринин күчү: - анын мөөнөтү аяктагандыгы боюнча; - тараптар сот тартибинде элдешкен учурда; - тараптардын бири дүйнөдөн кайтканда; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда токтотулат. 26-статья. Соттук коргоо ордерин берүү жөнүндө чечим чыгаруунун тартиби Сот ички иштер органы тарабынан берилген иштин материалдарын карап чыгып, үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамга соттук коргоо ордерин берүү жөнүндө чечим чыгарат жана анын колдонулуш мөөнөтүн жана коргоо ордерин аткаруунун шарттарын аныктайт. Сот үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын колун койдуруп алуу менен аны соттук коргоо ордеринин шарттары жана аны аткарбай коюунун кесепеттери менен тааныштырат. Соттук коргоо ордеринин колдонулуш мөөнөтү сот тарабынан соттук коргоо күбөлүгүн берүү жөнүндө соттун токтому чыгарылган күндөн тартып эсептелет. Сот соттук коргоо ордери үчүн арыз же кайрылуу берилген учурдан тартып 10 күндүн ичинде ишти карап чыгат. Сот тараптардын жеке турмушунун кол тийгистигин сактоо максатында ишти кароону соттун жабык жыйналышында жүргүзүшү мүмкүн. Сот соттук коргоо ордерин берүү жөнүндө чечимди үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен адам жашаган жердеги ички иштер органына чечим берилген учурдан тартып 24 сааттын ичинде жиберүүгө милдеттүү. Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адам тарабынан соттук коргоо ордеринин шарттарын сакташына контролдук жүргүзүү ички иштер органына жана соттук аткаруучуларга жүктөлөт. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен адамдын соттук коргоо ордерин берүү жөнүндө токтом чыгарышы жаатындагы кара ниет жана негизсиз сын пикирлери сотко соттук чыгымдардын ордун толтурууну талап кылуу укугун берет. Соттук коргоо ордерине даттануу берүү анын колдонулушун токтото турбайт. 27-статья. Соттук коргоо ордеринин шарттары Соттук коргоо ордеринде төмөндөгүдөй расмий чаралар каралышы мүмкүн: - үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамга зомбулуктан жапа чеккен адамга же башка адамдарга ар кандай зомбулук аракеттерди жасоого тыюу салуу; - үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамга аталган менчикке ким ээлик кылганына карбастан, жашаган жеринен кетип калууну сунуш кылуу; - үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын жашы жете элек балдарга мүмкүнчүлүк алышын жөнгө салуу; - үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамга зомбулуктан жапа чеккен адамдар менен жумушта же башка жерлерде тикелей жана кыйыр байланышта болууга жол берилбей тургандыгы тууралуу эскертүү; - үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамга ок атуучу куралды же сот тарабынан аныкталган куралдын башка түрлөрүн сатып алууга жана пайдаланууга тыюу салуу; - үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамды зомбулуктан жапа чеккен адамдын дарыланууга, консультация алууга же социалдык мейманканада (жашынуучу жайда) болгондугуна байланыштуу чыгымдарын төлөп берүүгө милдеттендирүү; - биргелешкен мүлктү жеке пайдаланууга жана тескөөгө тыюу салуу; - үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамга соттук коргоо ордеринин шарттарын бузган учурда анын администрациялык камакка алынышы же болбосо жазык жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн экендигин эскертүү; - үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен адамга анын соттук коргоо ордерин алганына карабастан, жазык ишин козгоо үчүн сотко кайрылууга укуктуулугун эскертүү; - үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен адамга анын соттук коргоо ордерин алганына карабастан, сотко кайрылууга жана никени бузуу, мүлктү бөлүштүрүү, алименттерди алуу, зыяндын ордун толтуруу же башка компенсациялар жөнүндө иш козгоого укуктуулугун эскертүү. Соттук коргоо ордеринин жазылган шарттарын аткарбоо администрациялык жоопкерчиликке тартууга алып келет жана анын аракетин администрациялык камактын мөөнөтүнө жараша токтото турат. V-бөлүм. Корутунду жоболор 28-статья. Үй-бүлөлүк зомбулук учурларын статистикалык эсепке алуу Үй-бүлөлүк зомбулук учурларын статистикалык эсепке алууну: - Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети; - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги; - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги; - Кыргыз Республикасынын Сот департаменти; - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана маданият министрлиги; - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары; - социалдык коргоонун аймактык органдары жүргүзөт. Үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө статистикалык отчеттуулук үй-бүлөлүк зомбулук жасоонун катталган учурларынын түрлөрү боюнча; кабыл алынган чаралардын түрлөрү боюнча, үй-бүлө мүчөлөрү жөнүндө социалдык-демографиялык маалымдамаларды, үй-бүлөдө зомбулук жасагандар жана зомбулуктан жапа чеккендер боюнча гендердик-бөлүштүрмө көрсөткүчтөрдү камтып турат. 29-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев Бишкек ш. 2003-жылдын от 25-марты, N 62 2003-жылдын 31-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган |