Аялдарды зомбулуктан коргоонун механизмдерин иштеп чыгуу
жана социалдык-укуктук жагынан коргоону камсыз кылуу

Интернет сурамжылоо

Көп аял алууга каршы кантип күрөшүүгө болот? Көп аял алууга каршы кантип күрөшүүгө болот? Жооптун бирөөнү тандап алыңыз:
 
Аялдарга карата зомбулукту азайтуу жана болтурбай коюу маселелери боюнча жана КСФнын реабилитациялоо программасы жөнүндө КТРдеги теле берүү
Жалпы республикалык КТР теле каналында кезектеги теле берүү (орус тилинде) аялдарга карата зомбулукту азайтуу жана болтурбай коюу маселелерине, ошондой эле ушул көрүнүштүн мүмкүн болуучу себептерине арналды. Аталган теле берүү Европалык Комиссиянын «Кыргызстан -Сорос» Фонду тарабынан ишке ашырылып жаткан «Аялдарды зомбулуктан социалдык-укуктук коргоонун механизмдерин иштеп чыгуу жана камсыз кылуу» долбоору тарабынан колдоого алынган бир катар теле берүүлөрүнүн алкагында «Ачык Кыргызстан» долбоору тарабынан даярдалган.

Теле берүүдө «Кыргызстан -Сорос» Фондусунун (КСФ) аялдарга карата эомбулук көрсөтүү учурларынын кайталанышын болтурбай коюу боюнча зомбулуктун катышуучулары үчүн пилоттук реабилитациялоочу программанын натыйжалары чагылдырылды.

Теле берүүгө: «Сезим» кризистик борборунун КСФнын пилоттук программасынын алкагында үй-бүлөдө зомбулук жасаган адамдардын тобу менен үй-бүлөдө зомбулук жасоону болтурбай коюу боюнча иш жүргүзүп жаткан психолог-консультанты Наталья Павлова катышты. Ошондой эле психолог-консультант Александр Паластров да катышты. Бишкек шаарынын Ички иштер башкармалыгынын өкүлү жана реабилитациялоо борборунун зомбулукка алып келе турган жагдайлар эмнеден келип чыгарын түшүндүрүүгө аракеттенген бир катышуучусу талкууда теле берүүнүн негизги катышуучулары катары отурушту.

Теле берүүнүн жүрүшүндө Наталья Павлова «Кыргызстан -Сорос» Фондусунун колдоосунун натыйжасында Кыргызстанда Польшанын тажрыйбасы жана зомбулукка катышкан адамдардын тобу менен иш жүргүзүү боюнча бир нече методика колдонулгандыгын түшүндүрүп берди. Н.Павлова ошондой эле алар өзүнүн ачуусун токтотууну каалап, өз ыктыяры менен келген эркектер менен иш жүргүзүп жатышкандыгын, ал эми чет өлкөдө зомбулукка катышкандар ушундай реабилитациялоодон өтүүгө милдеттендириле тургандыгын тактап айтып кетти.

Талкуунун жүрүшүндө Кыргызстандын Кризистик борборлорунун ассоциациясынын төрайымы А. Елиференко, аялдарга карата зомбулук көрсөтүү сыяктуу проблемаларды чечүү үчүн ар кандай методикаларды колдонуу керек жана ар кандай иш жүргүзүүгө болот, ал эми реабилитациялоочу пилоттук программа мамлекет жана коом тарабынан көрүлүп жаткан чаралардын комплексинин бир бөлүгү болуга тийиш экендигин эске алуу керек - деп айтып кетти.

Н.Павлованын пикири боюнча зомбулуктун тамыры алда канча терењ жайгашкан. Ал эми анын себеби зомбулуктун катышуучуларынын бала чагындагы тарбиясында болуп жатат, экинчиден, гендердик теңчилик жетишсиз, ушундан улам биздин коомдо аялды таарынтуу же басмырлоо кадыресе көрүнүш болуп саналат деген түшүнүк калыптанып калган.

Ошондой эле Н. Павлова зомбулук жасагандарды атайын реабилитациялоо программасынан өтүүгө милдетендирүү үчүн Кыргызстандын мыйзамдарын өзгөртүү зарыл деген пикирди билдирди.

Бишкек шаарынын Ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүгүнүн башчысы Осмонкул Жайчибеков ким жана кандай себептер менен зомбулуктун катышуучусу болуп жатканын аныктоо маанилүү болот деп билдирди. Ошондой эле Бишкек шаарынын Ички иштер башкармалыгынын өкүлү: эгерде адам зомбулук жасоо кырдаалында калса, ушундай проблеманы кандай чечүү керек, зомбулук учурунда эмне кылуу керек жана кайда кайрылуу керек деген маселени массалык маалымат каражаттарында алда канча кеңири чагылдыруу маанилүү болот - деп туура белгилеп кетти. Чынында эле ушундай жардам көрсөтүп жаткан «Сезим» жана «Шанс» кризистик борборлорунун байланыш маалыматтарын иш жүзүндө, эч ким билбейт жана алар эч жерде жарнамаланбайт. Ошондой эле Бишкек шаарынын Ички иштер башкармалыгынын өкүлү аялдарга карата зомбулук көрсөтүү проблемасын чечүү үчүн коом жана алардын тегерегиндеги адамдар тышкары калбоого тийиш деп белгиледи, анткени, үй-бүлөдөгү майда чыр-чатактар же уруш-талаш боюнча ар дайым эле жазык ишин козгоого болбойт.

«Кыргызстан -Сорос» Фондусунун өкүлү Тахмина Ашуралиева, пилоттук реабилитациялоо программасы тарабынан даярдалган, адамга өзүнүн сезмимн башкарууга жана зомбулук жасоодон өзүн токтотууга жардам бере турган бардык окуу китептерин жана зомбулуктун катышуучулары менен иш алып баруу боюнча материалдарды кыргыз тилине которуу керек деп билдирди.

Башка консультанттар, өкмөттүк эмес уюмдардын эксперттери жана өкүлдөрү, зала отурган студенттер өз пикирлерин айтышты. «Шанс» кризистик борборунун консультант-психологу Елена Ткачева даярдалган окуу китептерин жана материалдарды милиционерлерге берүүгө болот, алар да зомбулуктун катышуучулары менен реабилитациялык иштерди жүргүзө алышат деп билдирди.

Тахмина Ашуралиева - бул үчүн Кыргызстанда кадрларды даярдоо, ошондой эле ИИМдин, Сот департаментинин, Саламаттык сактоо министрлигинин жана ушул багытта кандай иш жүргүзүлүп жаткандыгынын статистикасын чагылдыра турган Улуттук статистикалык комитеттин жолго коюлган ишин жана аракеттерин координациялоо зарыл деп кошумчалап кетти.


Аудио файлы -  Аялдарга карата зомбулукту азайтуу жана болтурбай коюу маселелери боюнча жана КСФнын реабилитациялоо программасы жөнүндө КТРдеги теле берүү (28 Мб - орусча)

Видео файлы - Аялдарга карата зомбулукту азайтуу жана болтурбай коюу маселелери боюнча жана КСФнын реабилитациялоо программасы жөнүндө КТРдеги теле берүү (95 Мб - орусча)

 
©2009-2010. Европа Комиссиясынын Долбоору, КСФ.
Бардык укуктар корголгон
 
  Web-site created by EMarketing2U Consulting www.e-market4u.com