|
«Кыргызстан-Сорос» Фондунун Европалык Союздун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Аялдарды зомбулуктан социалдык-укуктук коргоонун механизмдерин иштеп чыгуу жана камсыз кылуу» Долбоору Кыргызстандын теле көрсөтүүсү аркылуу аялдардын укуктары жана аялдарды зомбулуктан коргоонун механизмдери маселелерин түшүндүргөн, талкуулаган жана маалымат берген бир катар теле берүүлөргө колдоо көрсөттү жана уюштурду.
Теле берүү кыргыз тилинде жүргүзүлдү.
Аталган теле берүүдөгү айрым фото сүрөттөрдү ушул жерден көрүүгө болот. Теле берүү 2009-жылдын күзүндө төмөндөгү маселелер боюнча кырдаалды, - аялдарды зомбулуктан коргоону, - Кыргызстандын ушул чөйрөдөгү мыйзамдарын өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Парламентинин ишин, - соттогу ачык териштирүүлөрдү чагылдыруу, - аялдарды коргоонун социалдык-укуктук механизмдеринин ишин,
анын ичинде аялдар тарабынан толтурула турган юридикалык формаларды, жер-жерлердеги милиция кызматкерлеринин иишин, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, ошондой эле Кыргызстанда аялдарды коргоо боюнча иштеп жаткан өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн пикирлерин жана ишин чагылдыруу менен көрсөтүлдү. Теле берүү Кыргыз Республикасынын Парламентинин - Жогорку Кеңешинин депутаты Жылдыз Рахимдинованын катышуусу менен көрсөтүлдү. 
Теле берүүдөгү талкууга Кыргыз Республикасынын ИИМинин өкүлү Эркин Баев, «Ачык Кыргызстан» долбоору боюнча коомчулуктун жана мамлекеттик органдардын ар кандай өкүлдөрү да катышты. 
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин кызматкерлери теле берүүдө өз пикирлерин айтышты. Биздин аялдар жөнүндө ушулар кам көрүүгө тийиш да? 
Кыргыз Республикасынын Парламенти (Жогорку Кеңеши): депутаттар мыйзам долбоорлоруна талдоо жүргүзүштү жана талкуулашты... 
4-теле берүү боюнча аудио жазманы ушул жерден көчүрүп алыңыз (13.0 Мб) 4-теле берүү боюнча видео жазманы ушул жерден көчүрүп алыңыз (1.35 Гб)
|