|  |  | Долбоор «Сорос-Кыргызстан» фонду тарабынан ишке ашырылууда | Долбоор Европа Союзу тарабынан финансыланууда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши | Токтоосуз түрдө жайылтуу үчүн Пресс-релиз 2010-ж. 14-январы 18 января 2010-жылдын 18-январында Бишкек шаарындагы «Хаятт» отелинде «Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык-укуктук жагынан коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча парламенттик угуу болот. Жогорку Кеңештин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана көз карандысыз эксперттер баяндамалар менен чыгып сүйлөйшөт. «Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык-укуктук жагынан коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына 2003-жылдын 25-мартында кол коюлган жана ал ошол жылдын 4-апрелинде күчүнө кирген. Аталган Мыйзамдын алкагында мамлекеттик органдардын жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен адамдарды коргоо үчүн жооптуу башка субъектилердин компетенциясын аныктоого аракет жасалган. Ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдарга карата таасир тийгизүүнүн белгилүү бир чараларын караган убактылуу жана соттук коргоо ордерлерин берүү аркылуу аталган адамдарды коргоого жана үй-бүлөлүк зомбулук фактыларын болтурбай коюуга багытталган механизм киргизилген. Жогоруда аталган Мыйзамды укуктук жагынан колдонуунун 2009-жылдын башында жүргүзүлгөн мониторинги аны ишке ашырууга байланыштуу бир катар кыйнчылыктарды аныктады. Мыйзам кабыл алынган учурдан бери өткөн 6 жылга баа берүү, ошондой эле анын жоболоруна дыкаттык менен талдоо жүргүзүү үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен адамдарды коргоонун натыйжалуу механизмин иштеп чыгуу максатында анын нормаларын кайра кароонун зарылдыгына алып келди. Аталган Мыйзамдын жоболорун өркүндөтүү жагындагы иш процессинде анын концепциясы кайра каралып чыкты, үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен адамдарды коргоого тартылган бардык субъектилердин милдеттери такталды. Үй-бүлөлүк зомбулук фактылар жөнүндө маалымат берүүгө милдеттүү болгон, коргоо ордерин берүү үчүн ички иштер органдарына, ошондой эле зомбулук жасоодо күнөлүү болгон адамга белгилүү бир чектөөлөрдү белгилөө тууралуу сотко талап менен кайрылууга укуктуу субъектилердин категориялары белгиленди. Аталган мыйзамдын жоболорунун коргоосуна алына турган субъектилердин чөйрөсү так белгиленди. Берилип жаткан убактылуу коргоо ордерлеринин оң натыйжага алып келип жатканын соттук коргоо ордерлерин берүү практикасы кездешпегендигин эске алуу менен аларды берүү боюнча ички иштер органдарына компетенция берүү менен бирдиктүү коргоо ордерин киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Мында аталган ордерлердин шарттары, аларды берүүнүн тартиби, колдонуу мөөнөтү кайра каралып, аларды берүүнүн механизми аныкталды жана ал бериле турган адамдардын чөйрөсү кеңейди.
Бардык сунуштар коомдук талкуудан өттү жана мамлекеттик органдардын жана ажарандык коомдун өкүлдөрү тарабынан колдоого алынды. Сунуш кылынган өзгөртүүлөрдүн мүнөзү жогоруда аталган Мыйзамдын концепциясын, анын структурасын жана мазмунун түп-тамырынан өзгөрткөндүктөн, ошондой эле зомбулуктан жапа чеккен адамдардын коргоонун ал тарабынан киргизилген нормаларын кайра карагандыктан, «Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык-укуктук жагынан коргоо жөнүндө» Мыйзамдын долбоорун кайра иштеп чыгуу тууралуу чечим кабыл алынды. Парламенттик угуу Европа Союзунун финансылык колдоосу менен «Сорос - Кыргызстан» фондусу тарабынан ишке ашырылып жаткан «Аялдарды үй-бүлөлүк зомбулуктан социалдык-укуктук механизмдерин иштеп чыгуу жана камсыз кылуу» долбоорунун алкагында өткөрүлөт. Бардык кошумча суроолор боюнча
Бул e-mail дарек спам-боттордон корголгон, аны карап чыгуу үчүн Сиздин Javascript күйүп турууга тийиш
электрондук почта боюнча же (312) 66 34 75 (кошумча.134) телефону боюнча кайрылууну өтүнөбүз, байланышка чыга турган адам: Тахмина Ашуралиева, долбоордун координатору. Тынымгуль Эшиева Коомчулук менен байланышуу боюнча координатор «Сорос - Кыргызстан» фонду 720040, Бишкек ш., Логвиненко кјч.55А,: Тел. (996-312) 66-34-75, факс (996 312) 66-34-48, E-mail:
Бул e-mail дарек спам-боттордон корголгон, аны карап чыгуу үчүн Сиздин Javascript күйүп турууга тийиш
|