|
| Долбоор «Кыргызстан-Сорос» Фонду тарабынан ишке ашырылат | Долбоор Европа Союзу тарабынан финансыланат | Пресс-релиз 2009-ж. 8-декабры 7-11-декабрда «Достук» мейманканасында саламаттык сактоонун борбордук органдарынын кызматкерлери, укук коргоо органдарынын жана сот системасынын кызматкерлери үчүн гендердик-бөлүштүрмө статистиканын негиздерин үйрөнүү жана 2009-жыл үчүн статистикалык отчетторду кабыл алууга даярдык көрүү боюнча үч күндүк семинар болот. Семинарлар Кыргызстан-Сорос Фондунун «Аялдарды зомбулуктан социалдык-укуктук коргоону камсыз кылуунун механизмдерин иштеп чыгуу жана камсыз кылуу» долбоорунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги, Жогорку соту менен биргелешип өткөрүлөт.
Семинарлардын негизги милдеттери: - Семинардын катышуучуларын гендердик зомбулук маселелери боюнча расмий статистикалык маалымдамаларды жыйноонун жана талдоонун зарылдыгы жөнүндө эл аралык жана улуттук мыйзамдардын талаптары менен тааныштыруу. - «Үй-бүлөлүк зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана анын нормаларын аткаруудагы негизги проблемалар менен тааныштыруу. - Жеке жана коомдук чөйрөдөгү гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктун деңгээлин ченөөнүн зарыл болгон индикаторлорунун тизмесин аныктоо. - Гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулукту эсепке алуунун жаңы формалары менен тааныштыруу. - Гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктун индикаторлорун жыйноо жана талдоо системасын андан ары өркүндөтүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн, ресурстарын жана тоскоолдуктарын талкуулоо болуп саналат. Ошондой эле баштапкы деңгээлдеги үй-бүлөлүк зомбулук боюнча маалымдамалар базасынын иш жүргүзүшүн, отчеттуулукту ар кандай деңгээлде генерациялоого мүмкүнчүлүк берүү менен, маалымдамалар базасын республикалык деңгээлге берүүнү камсыз кыла турган программалардын иштелип чыккан топтомун катышуучуларга берүү пландаштырылып жатат. 11-декабрда, семинар аяктагандан кийин үй-бүлөлүк зомбулук боюнча маалымдамалар базасын ийгиликтүү киргизүү жана иштетүү үчүн Саламаттык сактоо министрлигине, Ички иштер министрлигине, сот органдарына компьютерлерди салтанаттуу түрдө өткөрүп берүү аземи болот. Кошумча суроолор менен:
Бул e-mail дарек спам-боттордон корголгон, аны карап чыгуу үчүн Сиздин Javascript күйүп турууга тийиш
электрондук почтасына же: (312) 66 34 75 (кошумча 134), (0772) 801 401 телефону боюнча кайрылсаңыз болот, Ашуралиева Тахмина, долбоордун координатору
|