|  |
| Долбоор «Кыргызстан-Сорос» Фонд тарабынан ишке ашырылат | Долбоор Европалык Союз тарабынан каржыланат | Кыргыз Республикасы Жогорку Соттун алдындагы сотторду окутуу борбору |
Тез жайылтуу максатында Пресс-релиз 2009-ж. 18-ноябры Эртең Жалалабат шаарында облустун жергиликтүү сотторунун судьялары үчүн «Гендердик теңчилик чөйрөсүндөгү эл аралык стандарттар жана улуттук мыйзамдар» деген эки күндүк семинар башталат. Окутуу Европа Союзунун финансылык колдоосу менен, судьялардын Жогорку сотко караштуу окутуу борбору менен биргелешип, «Кыргызстан-Сорос» Фонду тарабынан ишке ашырылып жаткан «Аялдарды зомбулуктан социалдык-укуктук коргоонун механизмдерин иштеп чыгуу жана камсыз кылуу» долбоорунун алкагында болот.
Мындай семинарлар Талас, Баткен, Нарын облустарында болуп өттү. Иш-чаралардын жүрүшүндө семинардын катышуучуларын гендердик проблемаларды көрсөтүү жана соттук териштирүү процессинде тендердик сезгичтикти жогорулатуу жана тендердик басмырлоону азайтуу үчүн эл аралык жана улуттук мыйзамдар менен тааныштыруу белгиленип жатат. Семинарларды өткөрүүнүн усулдары эркектер менен аялдардын бирдей укуктарынын жана бирдей мүмкүнчүлүктөрүнүн, адам укуктарынын концепциясына негизделген, бул укуктар эркектер менен аялдардын ортосунда социалдык, экономикалык, саясий маселелерин, ошондой эле жеке чөйрөдөгү тењсиздигинин маселелерин өзүнө камтып турат. Кийинки иш-чаралар Чүй облусунун судьялары үчүн Бишкек шаарында өткөрүлмөкчү. Семинарлар аяктагандан кийин катышуучуларга сертификаттар тапшырылат. Бардык кошумча суроолор менен
Бул e-mail дарек спам-боттордон корголгон, аны карап чыгуу үчүн Сиздин Javascript күйүп турууга тийиш
электрондук почта же: (312) 66 34 75 (кошумча.134) телефону боюнча кайрылууну өтүнөбүз. Байланышка чыгуучу адам: Тахмина Ашуралиева.
Тынымгүл Эшиева Коомчулук менен байланыш координатору «Кыргызстан-Сорос» Фонд 720040, Бишкек ш., Логвиненко көч. 55А,: Тел. (996-312) 66-34-75, факс (996 312) 66-34-48, E-mail:
Бул e-mail дарек спам-боттордон корголгон, аны карап чыгуу үчүн Сиздин Javascript күйүп турууга тийиш
|