Аялдарды зомбулуктан коргоонун механизмдерин иштеп чыгуу
жана социалдык-укуктук жагынан коргоону камсыз кылуу

Интернет сурамжылоо

Көп аял алууга каршы кантип күрөшүүгө болот? Көп аял алууга каршы кантип күрөшүүгө болот? Жооптун бирөөнү тандап алыңыз:
 
Пресс-релиз, 2009-ж. 30-октябры, - Кыргызстандагы жергиликтүү соттор гендердик теңчиликке байланышкан эл аралык стандарт жана улуттук мыйзам боюнча окутууларга катышат
 
logo SFK

 EU logo

Courts Learning Center

 Долбоор «Кыргызстан-Сорос» Фонд тарабынан ишке ашырылат

 Долбоор Европалык Союз тарабынан каржыланат

Кыргыз Республикасы 

Жогорку Соттун алдындагы сотторду окутуу борбору  

 

Тез жайылтуу максатында

Пресс-релиз
2009-ж. 30-октябры

Европалык Союз жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун алдындагы cотторду окутуу борбору биргеликте каржылаган «Кыргызстан-Сорос» Фонд ишке ашырып жаткан «Аялдарды зордук-зомбулуктан социалдык-укуктук жактан коргоо жана механизмдерди иштеп чыгуу» долбоорунун алкагында 2009-жылдын октябрь жана 2010-жылдын март айларында 10 «Гендердик теңчиликке байланышкан эл аралык стандарт жана улуттук мыйзам» деген аталыштагы эки күндүк окуутуу семинарлар жергиликтүү соттор үчүн Кыргызстандын бардык аймактарында жана Бишкек шаарында өткөрүлөт.

 

Семинар учурунда катышуучуларга гендер маселесин терең түшүндүрүү, гендердик сезимталдуулукту жогорулатуу жана соттук иштердин жүрүшүндөгү гендердик басмырлоону азайтуу максатында эл аралык жана улуттук мыйзамдар менен тааныштыруу болот.

 

Семинарларды иштеп чыгууда жана өткөрүүдө аялдар менен эркектер үчүн бирдей тең укуктарды жана тең мүмкүнчүлүктөрдү, ошондой эле, социалдык, экономикалык, саясий жана жеке чөйрөдөгү теңсиздик маселелерин караган адам укуктарын камтыган концепция негиз болуп алынат.

 

Окууларды өткөрүү убактылары:
29-30 октябрь 2009-ж. - Талас ш.,
3-4 ноябрь 2009-ж. - Нарын ш.,
16-17 ноябрь - Баткен ш.,
19-20 ноябрь - Жалалабат ш.,
9-10 декабрь - Чүй областынын Батыш тарабы үчүн Бишкек ш.,
16-17 декабрь - Чүй областынын Чыгыш тарабы үчүн Бишкек ш.


Окуулардын акырында катышуучуларга сертификаттар берилет.

Кошумча суроолор боюнча долбоордун жетекчиси Тахмина Ашуралиевага кайрылсаңыздар болот: Бул e-mail дарек спам-боттордон корголгон, аны карап чыгуу үчүн Сиздин Javascript күйүп турууга тийиш , тел.: (312) 66 34 75 (134 кошумча)

Тынымгүл Эшиева
Коомчулук менен байланыш координатору
«Кыргызстан-Сорос» Фонд
720040, Бишкек ш., Логвиненко көч. 55А,:
Тел. (996-312) 66-34-75, факс (996 312) 66-34-48, E-mail: Бул e-mail дарек спам-боттордон корголгон, аны карап чыгуу үчүн Сиздин Javascript күйүп турууга тийиш

 

 
©2009-2010. Европа Комиссиясынын Долбоору, КСФ.
Бардык укуктар корголгон
 
  Web-site created by EMarketing2U Consulting www.e-market4u.com