|
Чукул кор - бул дүйнөлүк экономикалык кризистин шарттарында эң кыйын абалга чалдыккан калктын өзгөчө жабыр тарткан катмарларын колдоого багытталган КСФнун обочолонгон каржы ресурсу. Бул каражаттар Ачык Коом Институтунун төрагасы Жорж Соростун, Кыргызстан менен бирге болгон 20 Чыгыш Европа жана КМШ өлкөлөрүнө Чукул кор алкагында 100 миллион АКШ долларын бөлүп берүү чечимине ылайык бөлүштүрүлүүдө. Чакан долбоорлор (25000 АКШ долларына чейин) КСФ Байкоо кеңеши тарабынан каралат, ченеми аталган суммадан ашкан каражаттарды Фонд Ачык Коом Институтунун (Нью-Йорк) кароосуна өткөрүп берет. Кайрымдуу жардам кылуу үчүн эң ылайыктуу деп табылган чөйрөлөр - бул
калктын дүйнөлүк экономикалык кризистин шарттарында эң кыйын абалга чалдыккан жана социалдык жактан өзгөчө жабыр тарткан катмарларын (мисалы, балдар, улгайган адамдар, эмгек мигранттары ж.б.), ошондой эле кризистин кесепеттеринен улам токтоп калуу коркунучуна учураган эң эле маанилүү маданий демилгелерди колдоо. Сунуш берүүчүлөр катары, Кыргызстандын аймагында колдоого муктаж болгон тараптарга жардам берүүчү коммерциялык эмес уюмдар жана мамлекеттик мекемелер каралат. Сунуштарды берүү мөөнөтү - 2009-жылдын 1-ноябрына чейин.
Долбоордук сунуштар бекитилген форма боюнча тапшырылышы керек. (форма)
Электрондук түрдөгү сунуштарды электрондук почтанын
Бул e-mail дарек спам-боттордон корголгон, аны карап чыгуу үчүн Сиздин Javascript күйүп турууга тийиш
дареги боюнча жиберүүгө болот.
Кошумча маалымат алуу үчүн Фонддун аткаруучу директорунун ассистенти Асыл Имангазиевага кайрылыңыз, тел.: (312) 663475 (кошумча номер 107). |