Аялдарды зомбулуктан коргоонун механизмдерин иштеп чыгуу
жана социалдык-укуктук жагынан коргоону камсыз кылуу

Интернет сурамжылоо

Көп аял алууга каршы кантип күрөшүүгө болот? Көп аял алууга каршы кантип күрөшүүгө болот? Жооптун бирөөнү тандап алыңыз:
 
2009-ж. 21-июлу - 24.kg: "Кыргызстанда кризистик борборлорго жыл сайын үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен 10 миңге жакын адам кайрылат "


Кыргызстанда кризистик борборлорго жыл сайын үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен 10 миңге жакын адам кайрылат, алардын 87 пайыздан ашыгы - аялдар. Даниянын адам укуктары боюнча институтунун көмөгү менен 2008-жылы басылып чыккан адам укуктары боюнча жыйнакта ушундай маалымдамалар келтирилет.
Документке ылайык Кыргыз Республикасында аялдарга карата зомбулуктун масштабы абдан жогору. Анда «Жыл сайын КР ички иштер органдарында үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 8 миңден 10 миңге чейинки арыздар администрациялык тартипте каралат. Акыркы 2 жылдын ичинде КР Ички иштер министрлигинин багыты боюнча үй-бүлөлүк турмуш-тиричилик чөйрөсүндө укук бузууларга системалуу түрдө жол берип жаткан 11 миңден ашык адам жана үй-бүлөлүк турмуш-тиричилик чөйрөсүндө зомбулук жасоо коркунучун пайда кылган 33 миңден ашык адам профилактикалык эсепке алынган» деп айтылат.


Жыйнактын маалымдамалары боюнча өлкөдө киши өлтүрүүнүн 40 пайыздан ашыгы турмуш-тиричилик чөйрөсүндө жана үй-бүлөдө болот.

 

Жылдык жыйнакта «Күйөөсүн же чогуу жашаган эркекти өлтүрүү же өлтүрүүгө аракет кылуу үчүн соттолгон аялдардын арасында жүргүзүлгөн изилдөөлөр, алардын 87 пайыздан ашыгы узак жылдар боюу үй-бүлөлүк зомбулук абалында жашаганын жана айласы кеткенде кылмыш жасаганын көрсөтүп турат» - деп айтылат.

 

Автору: Айзада КУТУЕВА Булагы: Бишкек - ИА «24.kg»,
http://www.24kg.org/community/53342-2009/07/21/116406.html  2009-жылдын 21-июлуна карата

 

 
©2009-2010. Европа Комиссиясынын Долбоору, КСФ.
Бардык укуктар корголгон
 
  Web-site created by EMarketing2U Consulting www.e-market4u.com