Аялдарды зомбулуктан коргоонун механизмдерин иштеп чыгуу
жана социалдык-укуктук жагынан коргоону камсыз кылуу

Интернет сурамжылоо

Көп аял алууга каршы кантип күрөшүүгө болот? Көп аял алууга каршы кантип күрөшүүгө болот? Жооптун бирөөнү тандап алыңыз:
 
Пресс-релиз, 2009-ж. 28-сентябры - Укук коргоо органдарынын кызматкерлери гендердик сабатын жогорулатышат

 SFK logo

 EU logo

 MVD logo

Долбоор

«Кыргызстан-Cорос» Фонд 

   тарабынан ишке ашырылат     

Долбоор

Европалык Союз

   тарабынан каржыланат      

Кыргыз Республикасынын 

Ички Иштер

   Министрлиги  

 

Пресс-релиз 

2009-ж. 28-сентябры

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери

гендердик сабатын жогорулатышат  

Европалык Союз жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан каржыланган «Кыргызстан-Сорос» Фонд ишке ашырып жаткан «Аялдарды зордук-зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо жана механизмдерди иштеп чыгуу» Долбоорунун алкагында 2009-жылдын сентябрь жана 2010-жылдын март айларында 2 күндүк «Аялдарга болгон зордук-зомбулукту алдын алууда ички иштер органдарынын ролу жана компетенциясы» деген аталыштагы семинарларды Кыргызстандын бардык аймактарында өткөрүү каралган. 

 

Семинарлар учурунда катышуучуларга гендер маселесин терең түшүндүрүү, зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча эл аралык жана улуттук мыйзамдар менен тааныштыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын «Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо жөнүндөгү» мыйзамы жана коргоо механизмдери терең талкууга алынат. Семинарларды өткөрүү методологиясы адам укуктары концепциясына негизделет.

Концепция адамдын жынысына карабастан эркин иш алып баруу мүмкүнчүлүгүн түзүүнү, аялдар жана эркектер ортосундагы социалдык, экономикалык, саясий жана жеке чөйрөдөгү жыныстык теңсиздикти азайтуу маселелерин камтыйт. 

Семинарларды иштеп чыгууда жана өткөрүүдө тиешелүү нормативдик-укуктук актылар, Ички иштер министрлигинини кызматкерлери үчүн үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукту азайтуу иштери жөнүндө окуу куралдары колдонулат жана гендерге байланышкан фильмдер көрсөтүлөт.  

Семинарлардын аягында катышуучуларга күбөлүктөр тапшырылат. 

Кошумча суроолор боюнча КСФнын Укук программасынын ассистенти Тахмина Ашуралиевага кайрылсаңыздар болот:

tashuralieva@soros.kg, тел.: (312) 66 34 75 (кошумча. 134)  

 

 
©2009-2010. Европа Комиссиясынын Долбоору, КСФ.
Бардык укуктар корголгон
 
  Web-site created by EMarketing2U Consulting www.e-market4u.com