Аялдарды зомбулуктан коргоонун механизмдерин иштеп чыгуу
жана социалдык-укуктук жагынан коргоону камсыз кылуу

Интернет сурамжылоо

Көп аял алууга каршы кантип күрөшүүгө болот? Көп аял алууга каршы кантип күрөшүүгө болот? Жооптун бирөөнү тандап алыңыз:
 
"Үй-бүлөлүк зомбулуктун гендердик индикаторлору " деген темадагы семинар

2009-жылын 22-майы 

«Үй-бүлөлүк зомбулуктун гендердик  индикаторлору»

боюнча семинар 

2009-жылдын 22-майында «Ак-Кеме» отелинин Көгүлтүр залында Дүйнөлүк банктын Институтунун жана БУУнун Европалык Экономикалык Комиссиясынын өкүлдөрүнүн биргелешкен катышуусу менен «Үй-бүлөлүк зомбулуктун гендердик индикатаолору» деген семинар өткөрүлдү.

 

 

Семинардын максаты аялдарга карата зомбулук көрсөтүү маселелери, анын ичинде үй-бүлө чөйрөсү боюнча расмий статистикалык маалымдамаларды жыйноо жана талдоо жүргүзүү системасын өнүктүрүү; орун алган эл аралык индикаторлорду жана башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын иликтөө, Кыргыз Республикасында аялдарга карата зомбулук көрсөтүү маселелери боюнча негизги проблемалардын обзорун берүү жана Кыргыз Республикасында аялдарга карата зомбулук көрсөтүү жагындагы күч-аракеттерди ченөө үчүн аракеттердин планын иштеп чыгуу болду.

 

Семинардын жүрүшүндө үй-бүлөдөгү зомбулуктун түрлөрү жөнүндө жана үй-бүлөлүк зомбулук коомго жана мамлекетке келтирип жаткан зыян тууралуу маалыматтарды камтыган ар кандай баяндамалар жасалды. Үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө  салт болуп калган расмий булактар башка өлкөлөрдө жүргүзүлүп жаткан   изилдөөлөрдүн маалымдамалары  менен салыштырылып, талдалып чыкты. Семинардын катышуучуларына Италиянын Статистикалык агентствосунун башчысы менен болгон көргөзмө дил маек көрсөтүлдү, анда улуттук изилдөөлөрдү жүргүзүүдө келип чыккан проблемалар тууралуу айтылат.

 

 сүрөт

Талкуулардын жүрүшүндө семинардын катышуучулары үй-бүлөлүк зомбулук жүнүндө статистикалык маалымдамаларды жыйноо ушул чөйрөдөгү саясатты иштеп чыгуу жана чечимдерди кабыл алуу үчүн абдан маанилүү болот деген тыянакка келишти. Кыргызстанда расмий булактардан алынган маалымат ар дайым эле толук жана кењири коомчулук үчүн мүмкүнчүлүктүү болбой жатканы белгиленди. Ошондой эле улуттук изилдөөлөр үзгүлтүксүз негизде жүргүзүлбөй жатканы, ошондуктан үй-бүлөлүк зомбулуктун масштабы, себептери жана формалары жөнүндөгү көптөгөн маселелер жетиштүү изилденбей жатканы да белгиленди.

Семинардын катышуучулары үй-бүлөлүк зомбулуктун улуттук индикаторлорун иштеп чыгуунун зарылдыгы, малымдамаларды салыштырууга мүмкүнчүлүк түзүү үчүн  алардын эл аралык индикаторлорго  ылайык келиши тууралуу айтышты.

 

Андан кийин семинардын катышуучуларына сот системасынын, укук коргоо жана медициналык мекмелердин статистикалык органдарынын мүмкүнчүлүктөрүн жана керектөөлөрүн аныктоо маселелерин чакан топтордо карап чыгуу жана талкулоо сунуш кылынды. Талкууну бүгүнкү күндө колдо болгон маалымдамалар, кандай маалымдамаларга мүмкүнчүлүк болбогондугун талкулоо жана кырдаалды өзгөртүүнүн кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү келечегин аныктоо  жагында жүргүзүү сунуш кылынды.

 

 

 
©2009-2010. Европа Комиссиясынын Долбоору, КСФ.
Бардык укуктар корголгон
 
  Web-site created by EMarketing2U Consulting www.e-market4u.com