|
2009 -жылдын 20-21-майы Үй-бүлөлүк зомбулукту болтурбай коюу боюнча эл аралык конференция 2009-жылдын 20-21-майында Бишкек шаарындагы «Ак Кеме» отелинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана ОБСЕнин Борбору тарабынан биргелип уюштурулган: «Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүүгө комплекстүү мамиле жасоо: мыйзамдык негиздер, статистикалык көрсөткүчтөр, практикалык механизмдер» деген эл аралык конференция болуп өттү. Эл аралык конференциянын негизги милдеттери үй-бүлөлүк зомбулук проблемаларын чечүүнүн эл аралык практикасы менен таанышуу, үй-бүлөдөгү зомбулукту болтурбай коюу жана бөгөт коюу маселелери боюнча тажрыйба алмашуу, үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө статистикалык маалымдамаларды жыйноо жана талдоо системасын өркүндөтүү, ошондой эле үй-бүлөдөгү зомбулуктун социалдык-укуктук маселелерин чечүүдө ар кандай структуралардын өз ара аракеттери болуп калды.
Конференцияда төмөндөгү негизги багыттар белгиленди:
- конференцияга катышкан өлкөлөрдүн үй-бүлөлүк зомбулук жагындагы мыйзамдарынын жана алардын нормаларын практикалык иште колдонуунун натыйжалуулугунун обзору; - үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө мамлекттик статистикалык маалымдамаларды жыйноо жана талдоо системасынын абалы; - аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулукту болтурбай коюу маселелери жагында Кыргыз Республикасындагы жетишкендиктер проблемалар жана анын келечеги белгиленди. Конференцияга катышуу үчүн үй-бүлөлүк зомбулук маселелери боюнча иштин алдыңкы тажрыйбасына ээ болгон башка өлкөлөрдүн (Литванын, Түркиянын, Украинанын, Канаданын ж.б.) делегациялары чакырылды, алардын арасында ички иштер органдары системасынын (полиция), статистика органдарынын (улуттук, соттук, ведомстволук ж.б.) өкүлдөрү болду. Конференциянын жыйынтыгы боюнча үй-бүлөлүк зомбулуктан социалдык-укуктук коргоонун механизмдерин жана мамилелерин өркүндөтүү боюнча сунуштар иштелип чыкты. |