|
2009-жылдын 10-апрели «Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо жөнүндө» КР Мыйзамын аткаруунун мониторингин талкулоо боюнча тегерек үстөл 2009-жылдын 10-апрелинде «Достук» отелинде КР Ички иштер министрлиги менен биргелешип, «Үй-бүлөлүк зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо жөнүндө» КР Мыйзамын аткаруудагы Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ишинин обзору» деген тегерек үстөл болуп өттү. Тегерек үстөлдүн негизги милдеттери:
· Тегерек үстөлдүн катышуучуларын «Үй-бүлөлүк зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо жөнүндө» КР Мыйзамын укуктук жагынан колдонуу практикасынын мониторингинин натыйжалары менен тааныштыруу. · Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары тарабынан «Үй-бүлөлүк зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо жөнүндө» КР Мыйзамын укуктук жагынан колдонуу практикасынын мониторингинин процессинде аныкталган негизги проблемаларды талкулоо. · Ички иштер органдары тарабынан «Үй-бүлөлүк зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо жөнүндө» КР Мыйзамын аткаруунун механизмдерин өнүктүрүү боюнча КР ИИМинин практикалык аракеттеринин планын иштеп чыгуу болду. Тегерек үстөлдүн ишине ички иштер министрлигинин жетекчилиги, башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн башчылары, Бишкек, Жалалабат, Каракол, Нарын жана Ош шаарларынын ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты. Тегерек үстөлдүн иш процессинде «Үй-бүлөлүк зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо жөнүндө» КР Мыйзамын укуктук жагынан колдонуу практикасынын мониторингинин негизги натыйжаларынын обзорун берүү пландаштырылган. Ошондой эле мониторингдин жүрүшүндө аныкталган, Мыйзамдын нормаларын аткаруу боюнча КР ички иштер органдарынын ишиндеги негизги жана көмөкчү проблемалар да талкууланды. Ошондой эле катышуучулардын өздөрү тарабынан жарандарды үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо процессинде КР ички иштер бөлүмдөрүнүн ишин өркүндөтүү боюнча айкын аракеттердин планы иштелип чыкты. |