|
2009-жылдын 20-21-майында Бишкек шаарында (Кыргыз Республикасы) эл аралык конференция болуп өтөт, Анын максаты үй-бүлө чөйрөсүндө аялдарга зомбулук көрсөтүү проблемасы менен иш алып баруу маселелери боюнча иликтөө жүргүзүү жана тажрыйба алмашуу болуп саналат. Бул конференция Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ОБСЕнин Ички иштер органдарын реформалоо боюнча Программасы, Европа Союзунун «Кыргызстан-Сорос» Фонду тарабынан ишке ашырылып жаткан «Аялдарды зомбулуктан социалдык-укуктук коргоонун механизмдерин иштеп чыгуу жана камсыз кылуу» Долбоору, КР Ички иштер министрлиги, «Демократиялык процесстерди изилдөө борбору» Коомдук фондусу жана Аялдардын мыйзамдык демилгелери альянсы менен биргелешип өткөрүлөт.
Конференциянын милдеттери Конференциянын негизги милдеттери Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк зомбулук маселелери боюнча мыйзамдарын өркүндөтүү, ошондой эле статистикалык маалымдамаларды жыйноо жана талдоо системамын өркүндөтүү жана милициянын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат. Конференциянын катышуучулары Конференцияга парламенттин депутаттары, сот органдарынын, милициянын, сот системасынын статистикалык бөлүмдөрүнүн, ички иштер бөлүмдөрүнүн жана саламаттык сактоонун өкүлдөрү, ошондой эле башка мамлекеттик, эл аралык жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышат. Конференцияга катышуу үчүн мурдагы советтик мейкиндиктеги өлкөлөрдүн жана үй-бүлөлүк зомбулук маселелери боюнча алдыңкы тажрыйбага ээ болгон башка мамлекеттердин делегациялары чакырылган. Өлкөлөрдөн келген делегацияларда сот системасынын, юстициянын жана мыйзам чыгаруу органдарынын, ички иштер системасынын (полиция), статистика органдарынын (улуттук, соттук, ведомстволук ж.б.) өкүлдөрү болот деп пландаштырылып жатат. Катышуунун шарты Эл аралык конференцияга катышууну каалагандардын өз өлкөлөрүнүн үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө мыйзамдарынын күчтүү жана начар жактары жөнүндө, алардын нормаларын практикалык ишке ашыруунун натыйжалуулугу тууралуу маалыматты жакшы билиши маанилүү болот. Ошондой эле катышууну каалаган адамдын гендердик, анын ичинде үй-бүлөлүк зомбулуктун маселелери боюнча статистикалык маалымдамаларды жыйноо жана талдоо жүргүзүүнүн орун алган системасын билиши зарыл. Ошондой эле өз өлкөлөрүндө үй-бүлөлүк зомбулукту чечүүдө полициянын ишинин ийгиликтүү практикасы тууралуу билүү да конференциянын ишине кошулган олуттуу салым болуп калат. Эл аралык конференциянын форматы чакырылган катышуучулардын пленардык жыйналыштарда чыгып сүйлөшүн жана секциялык иштерге катышуусун белгилеп жатат. Катышууну каалагандардан жана конференциянын милдеттерине кызыгып калгандардан уюштуруучулар менен 2009-жылдын 10-апрелине чейин байланышууну жана көрсөтүлгөн даректер боюнча өзүңөрдүн резюмени салып жиберүүнү өтүнөбүз. Уюштуруу комитети Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Телефондор: (996) 555 75 07 39; (996) 312 - 59 73 17 (Исакунова Таалайгуль) (996) 550 - 28 59 09 (Тюлекова Толкун) Факс: (996) 312 - 40 01 17 Е-mail:
Бул e-mail дарек спам-боттордон корголгон, аны карап чыгуу үчүн Сиздин Javascript күйүп турууга тийиш
,
Бул e-mail дарек спам-боттордон корголгон, аны карап чыгуу үчүн Сиздин Javascript күйүп турууга тийиш
|