|
2008-жылдын 25-ноябры – Аялдарды коргоо чакырыгы |
|
Бишкек, 2008-жылдын 25-ноябры БУУнун Үйүндө аялдарга карата зомбулук көрсөтүүгө каршы күрөшүүнүн Эл аралык күнүнө арналган, ошондой эле ушул окуяга байланыштуу жүргүзүлгөн маалыматтык кампаниянын пресс-конференциясы болуп өттү. 
Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Нил Волкер өзүнүн сөзүндө, анын Адам укуктарынын Жалпыга бирдей Декларациясынын кабыл алынышынын 60 жылдыгы менен туш келип калгандыгы10-декабрга чейин созула турган азыркы пропагандалык акциянын өзгөчөлүгү болуп саналарын белгиледи.
Дал мына ушул документ адам укуктары боюнча эл аралык конвенциялардын жана макулдашуулардын негизи болуп калды, ал эми анын «Бардык адамдар өзүнүн кадыр-баркы жана укугу жагынан эркин жана бирдей болуп төрөлөт» деген өзөктүү ырастоосу, көптөгөн өлкөлөрдүн конституцияларына киргизилген негиз болуп калды. Кыргыз Республикасынын негизги мыйзамында да жыныстык белгисине карата басмырлоого тыюу салынганы менен, өлкөдө анын өзгөчө түрү – жыныстык белгиси боюнча зомбулук көрсөтүү кеңири тараган. Аялдар жана балдар, эркектерге караганда үйдөгү, үй-бүлөдөгү зомулукка көбүрөөк дуушар болуп жатышат. Айрым эксперттер бүгүнкү күндө социалдык статусуна, улутуна, материалдык абалына же билим деңгээлине карабастан, ар кандай кыз же аял ушул зомбулуктун курмандыгы болушу мүмкүн деп ырастап жатышат. Волкер мырзанын айтканына караганда, эң негизги укуктарды бузуу катарында болуп жаткан зомбулукту жок кылуу бүгүнкү күндөгү абдан олуттуу жана кечиктирилгис чаралардын бири болуп саналат. Ушул проблеманы чечүүдө натыйжалуулукка жетишүү үчүн аялуу топтордун укуктарын алга жылдыруу жана коргоо чөйрөсүндө иштеп жаткан мамлекеттик структуралар менен өкмөттүк эмес уюмдардын күч-аракеттерин консолидациялоо зарыл. Мына үч жылдан бери Кыргызстанда 16 күндүк глобалдуу маалыматтык кампанияны өткөрүү мамлекеттик, коомдук жана эл аралык уюмдардын ресурстарын бириктирип турган өнөктөштүк кеңештин күч-аракети менен жүзөгө ашырылып жатканын эске сала кетели. Кеңештин мүчөлөрүнүн саны, ошондой эле кампаниянын иш-чараларынын спектри жылдан жылга кеңейип бара жатканын айта кетүү керек. Алсак, 2008-жылы анын акцияларына өзгөчө аялуу топтордун таламдарын жана укуктарын коргоо жагында иштеген жаңы өнөктөш уюмдар кошулду. |