Аялдарды зомбулуктан коргоонун механизмдерин иштеп чыгуу
жана социалдык-укуктук жагынан коргоону камсыз кылуу

Интернет сурамжылоо

Көп аял алууга каршы кантип күрөшүүгө болот? Көп аял алууга каршы кантип күрөшүүгө болот? Жооптун бирөөнү тандап алыңыз:
 
2008-жылдын 15-декабры - Сөз менен эмес, иш менен
2008-жылдын 15-декабры 

 

 

24.kg  маалымат агентствосунда  «Аялдын укугу – адам укугу бардыгы үчүн» деген ураан алдында өткөн гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк маалыматтык кампаниянын жыйынтыгын чыгарууга арналган пресс-конференция болуп өттү. Көп күнгө созулган акциянын максаттары жана милдеттери жөнүндө журналисттерге  Европалык Комиссиянын Кыргызстандагы делегациясынын программасынын атташе-менеджери Олаф Хайдельбах, «Кыргызстан-Сорос»  Фондунун аткаруучу директору Кумар Бекболотов, Республиканын кризистик борборлорунун ассоциациясынын президенти Александра Елиференко,  Европа Союзунун колдоосу алдындагы «Аялдарды зомбулуктан социалдык-укуктук коргоонун механизмдерин иштеп чыгуу жана камсыз кылуу» Долбоорунун эксперти Таалайгуль Исакунова жана «Улгайган адамдардын Ресурстук борбору» Коомдук фондусунун президенти  Светлана Баштовенко айтып беришти

 

сүрөт

Пландаштырылгандай эле 25-ноябрда башталган кампания 10-декабрда аяктады. Ушул мезгилдин ичинде бүткүл республика боюнча көп сандаган акциялар жана иш-чаралар болуп өттү: 12 кризистик борбордо ток-шоулар, мамлекеттик теле көрсөтүүдө жана облустук телеканалдарда дебаттар, «тегерек үстөлдөр» лекциялар, семинарлар өткөрүлдү, жогорку окуу жайларында, лицейлерде жана мектептерде жолугушуулар, диспуттар уюштурулду. 

«Аялдын укуктары жана салттар» деген тема дискуссиялык клубдардын катышуучуларынын зор кызыгуусун пайда кылды, ал эми жаштар болсо», Зомбулукка жол бербеш үчүн мен эмне кыла аламын» деген суроого жооп издеп жатты. Өлкөнүн бардык региондорунда «Бир эшиктен экинчи эшикке карай» деген акция өткөрүлдү, аны уюштуруучулар зомбулукту болтурбай коюу үчүн эмнелерди жасоо зарыл экендигин түшүндүрүп беришти. 

 

Бишкектеги жана Чүй облусундагы балдар үйүндө жана кары-картаңдар үйүндө «Биз зомбулуксуз келечек үчүн жооп беребиз» деген концерттер болуп өттү. Республиканын көпчүлүк мектептеринде сүрөт конкурстары уюштурулду. Балдарга ошондой эле - «Зомбулуксуз үй-бүлө-бактылуу үй-бүлө» , «Үй-бүлөлүк зомбулук жана анын кесепеттери», «Менин энем жана менин Дүйнөгө болгон көз карашым» деген темаларда дил баян жазуу аркылуу ушул проблемага карата өзүнү оюн билдирүү сунуш кылынды. Жалалабатта жана Таласта жаштар КВН оюунун уюштурушту.

Маалыматтык кампаниянын натыйжасында ар кандай курактагы 400 миңден ашык адам маалымат алышты жана акцияларды өткөрүүгө тартылышты. Аялуу аялдарга зомбулук көрсөтүү проблемасына, алардын укуктарын сктоого, мыйзамдык базанын өркүндөтүлбөгөндүгүнө жана башкаларга коомчулуктун көңүлүн бурууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Пресс-конференциянын бардык катышуучулары аялдарга карата зомбулук көрсөтүүгө каршы күрөштү активдештирүүнүн зарылыгына айрыкча көңүл бургандыгын белгилей кетүү керек. Алсак, Кыргызстанда жыл сайын жүздөгөн аялдар уруп-сабоого, психологиялык басмырлоого, экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн чектөөгө дуушар болушат.

Алар жаракат алышып, алардын өмүрү жана ден соолугу коркунучка учурайт. Аялдарга карата зомбулуктун 75%дан ашыгы үй-бүлөдө жасалат. Жыл сайын кризистик борборлорго үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен 10 миңден ашык аялдар кайрылышат. Статистика көрсөтүп жаткандай, киши өлтүргөндүгү же киши өлүрүүгө аракет жасагандыгы үчүн түзөтүү абагында жазасын өтөп жаткан аялдардын 80%ы көп жылдар боюу үй-бүлөлүк зомбулукка дуушар болгондор болуп эсептелет.

Олуттуу коркунучка дуушар болгондорго мүмкүнчүлүктөрү чектелген аялдар, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды багып жаткан энелер, айылдык жаш келиндер, жалгыз бой энелер, мигранттар таандык кылынат. Ошондой эле ушул топко сексуалдык азчылыктын өкүлдөрү болгон аялдар, жабык мекемелерде (абактарда, атайын медициналык жайларда ж.б.) кармалган аялдар таандык кылынат.

 

 
©2009-2010. Европа Комиссиясынын Долбоору, КСФ.
Бардык укуктар корголгон
 
  Web-site created by EMarketing2U Consulting www.e-market4u.com