|
2008-жылдын 16-декабры – Конструктивдүү чечимдерди издөө багытында |
|
Бишкек, 2008-жылдын 16-декабры Бүгүн борбор калаада «Аялдарга карата зомбулук көрсөтүү: проблеманын конструктивдүү чечилишин издөө» деген улуттук форум болуп өттү. Ага Европа Союзунун жана «Кыргызстан-Сорос» Фондунун өкүлдөрү катышты, ушул эл аралык уюмдардын, ошондой эле Өкмөттүн аппаратынын, укук коргоо органдарынын эксперттеринин, кризистик борборлордун, аялдардын коомдук уюмдарынын жетекчилеринин көмөгү менен ушул маанилүү маек болуп өттү. Алар аялдарды зомбулуктан коргой турган мыйзамдарды иштеп чыгууда Кыргызстандын дүйнөлүк коомчулуктун алдындагы милдеттери, укук коргоо органдарынын аялдардын кадыр-баркына шек келтирип жаткан ушул көрүнүшкө каршы күрөшүүдөгү ролу сыяктуу маслелерди талкуулашты.
Республиканын кризистик борборлорунун ассоциациясынын башкармалыгынын төрайымы А. Елиференко коомдук уюмдардын мамлекеттик институттар менен өз ара аракеттеринин моделдерин калыптандыруу кандай жүрүп жатканын айтып берди. Бул процесстин башалгандыгын, тараптардын бири биринин пикирин уга баштаганын, биргелешкен ишке тоскоолдук кылган тосмолорду түшүнө баштаганын белгилей кетүү керек. Ушул программаны «тегерек үстөлдөрдүн» жана семинарлардын убагында чогуу талкулоо текке кетпептир – мурда аялдарга карата зомбулукту олуттуу кылмыш деп эсептебеген укук коргоо жана сот органдарынын ой жүгүртүүсүнүн стереотипи акырындык менен өзгөрүүдө.
Форумдун катышуучулары «колуктуну ала качуу» деген терминге аныктама берүү, калк арасында, айрыкча, кылмыштын ушул түрүн жаштардын күнөөсүз шоктугу деп эсептеген алыскы айылдарда изилдөөлөрдү жана пропагандалык ишти көбүрөөк жүргүзүү керек деп эсептешет. Форумдун акырында анын катышуучулары резолюция кабыл алышты, ал зомбулукка дуушар болгон аялдын укугун колдоо аракетинин жетектемеси болуп калат. |