Аялдарды зомбулуктан коргоонун механизмдерин иштеп чыгуу
жана социалдык-укуктук жагынан коргоону камсыз кылуу

Интернет сурамжылоо

Көп аял алууга каршы кантип күрөшүүгө болот? Көп аял алууга каршы кантип күрөшүүгө болот? Жооптун бирөөнү тандап алыңыз:
 
2010-ж. 3-апрелинде Жогорку Кеңештин Төрагасы БУУнун Башкы катчысынын «Аялдарга карата зомбулукту БИРГЕЛЕШИП жок кылалы» деген кол коюу барагына кол койду.

фото: 2010-ж. 3-апрелинде Жогорку Кеңештин Төрагасы БУУнун Башкы катчысынын «Аялдарга карата зомбулукту БИРГЕЛЕШИП жок кылалы» деген кол коюу барагына кол койду.Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Зайнидин Курманов бүгүн, 3-апрелде БУУнун Башкы катчысы Пан Ги Мундун Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзү аяктагандан кийин БУУнун Башкы катчысынын «Аялдарга карата зомбулукту БИРГЕЛЕШИП жок кылалы» деген аты жазылган кол коюу барагына кол койду.

Пан Ги Мун Кыргызстандын аялдардын укуктарын сактоого кошулгандыгын ырастоо болуп саналарын белгилөө менен, аты жазылган кол коюу барагына кол койгондугу үчүн З. Курмановго ыраазычылык билдирди. Ал Кыргызстандын парламентчилерине ушул багыттагы мыйзам чыгаруу ишин күчөтүүнү каалаган пикирин билдирди.

Маалым кат: «Аялдарга карата зомбулукту биргелешип жок кылалы» деген Глобалдуу кампания 2008-жылы БУУнун Башкы катчысы Пан Ги Мундун демилгеси менен башталган. Бул демилге дүйнө жүзүндө кеңири колдоого алынып, ага мамлекет башчылары, парламентарийлер, саясатчылар, өкмөттүк эмес уюмдардын лидерлери, журналисттер кошулган.

Булагы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин басма сөз кызматы

http://www.kenesh.kg , 2010-ж. 3-апрели

 

 
©2009-2010. Европа Комиссиясынын Долбоору, КСФ.
Бардык укуктар корголгон
 
  Web-site created by EMarketing2U Consulting www.e-market4u.com