Аялдарды зомбулуктан коргоонун механизмдерин иштеп чыгуу
жана социалдык-укуктук жагынан коргоону камсыз кылуу

Интернет сурамжылоо

Көп аял алууга каршы кантип күрөшүүгө болот? Көп аял алууга каршы кантип күрөшүүгө болот? Жооптун бирөөнү тандап алыңыз:
 
2010-ж. 3-апрелинде Президент Бакиев жакында Кыргызстанда Бирикккен Улуттар Уюму – ЮНИФЕМ тарабынан башталган «Аялдарды зомбулуктан коргоо боюнча «ЖОК» деп айтыш үчүн биригели» деген маалыматтык кампаниянын акциясына кол койду.
фото: 2010-ж. 3-апрелинде Президент Бакиев жакында Кыргызстанда БУУ – ЮНИФЕМ тарабынан башталган «Аялдарды зомбулуктан коргоо боюнча  «ЖОК» деп айтыш үчүн биригели» деген маалыматтык кампаниянын акциясына кол койду.2010-жылдын 3-апрелинде БУУнун Башкы катчысы Пан Ги Мун өзүнүн Борбордук Азияда болушун андан ары улантты жана ишемби күнү Кыргызстанга келди.

Бишкекке келгенден кийин БУУнун Башкы катчысы Пан Ги Мун БУУнун Борбордук Катчысынын «Аялдарга карата зомбулукту БИРГЕЛЕШИП жок кылалы» деген маалыматтык кампаниясынын акциясына Кыргызстандын Президенти Бакиевдин кол коюу жана колдоо көрсөтүү аземине катышты, бул кампания ар кандай өлкөлөрдү олуттуу мыйзамдарды, аракеттердин пландарын кабыл алууга, алдын алуучу жана превентивдүү чараларды көрүүгө, ошондой эле чыр-чатактуу жагдайларда сексуалдык зомбулукту болтурбай коюу боюнча маалымат жыйноого жана жер-жерлерде системалуу чараларды көрүүгө чакырат.

Пан Ги Мун мырза салтанаттуу аземде чыгып сүйлөгөн сөзүндө «Эгерде Сиз аялга бийлик берсеңиз жана аны урматтасаңыз, анда ал өзүнүн үй-бүлөсүнө, демек жалпы мамлекетке да пайда келтирет» - деди (анын англис тилиндеги сөзүн толугу менен http://www.un.org/apps/sg/sgstats.asp? nid=4468 караңыз). «Бирок биз баарыбыз, ар кандай өлкөлөрдө, көпчүлүк учурларда аялдар коркунучтуу кыянатчылыктарга дуушар болуп жатышканын билебиз. Азырынча бир дагы өлкөдө мына ушуга каршы иммунитет иштелип чыга элек».

«Биз аялдарга карата кылмыштарды, анын ичинде үй-бүлөдөгү зомбулукту, секс сооданы, никеге эрте турууну же никелешүүгө мажбурлоону биргелешип жок кылышыбыз керек» - деп кошумчалады ал.

«Аялдарга карата зомбулукту БИРГЕЛЕШИП жок кылалы» деген англис, орус жана кыргыз тилиндеги кампаниясына кол койгондорду жана колдогондорду төмөндөгү тизмеден кароону өтүнөбүз.


UNIFEMдин гендердик маселелер боюнча Кыргызстандагы кеңешчиси Анастасия Дивинская тарабынан жиберилди
БУУнун Yйү, Чүй проспектиси, 160
Бишкек, 720040, Кыргыз Республикасы
Тел.: 996 (312) 611 213, 611 211 (кошумча 232), Факс: 996 (312) 611 217 /18
E-mail: Бул e-mail дарек спам-боттордон корголгон, аны карап чыгуу үчүн Сиздин Javascript күйүп турууга тийиш

Булагы:  http://www.un.org/apps/news/story.asp? NewsID=34274&Cr=Central , 2010-ж. 3-апрели.

Видео: http://www.president.kg/president/press/video/5511/

Маалыматтары (англис тилинде):

 

http://unifem.org/news_events/story_detail.php?StoryID=1068

http://www.saynotoviolence.org/

http://www.facebook.com/SayNO.UNiTE

http://twitter.com/SayNO_UNiTE

 

фото: 2010-ж. 3-апрелинде Президент Бакиев жакында Кыргызстанда БУУ – ЮНИФЕМ тарабынан башталган «Аялдарды зомбулуктан коргоо боюнча  «ЖОК» деп айтыш үчүн биригели» деген маалыматтык кампаниянын акциясына кол койду.

 

фото: 2010-ж. 3-апрелинде Президент Бакиев жакында Кыргызстанда БУУ – ЮНИФЕМ тарабынан башталган «Аялдарды зомбулуктан коргоо боюнча  «ЖОК» деп айтыш үчүн биригели» деген маалыматтык кампаниянын акциясына кол койду.

 
©2009-2010. Европа Комиссиясынын Долбоору, КСФ.
Бардык укуктар корголгон
 
  Web-site created by EMarketing2U Consulting www.e-market4u.com