Аялдарды зомбулуктан коргоонун механизмдерин иштеп чыгуу
жана социалдык-укуктук жагынан коргоону камсыз кылуу

Интернет сурамжылоо

Көп аял алууга каршы кантип күрөшүүгө болот? Көп аял алууга каршы кантип күрөшүүгө болот? Жооптун бирөөнү тандап алыңыз:
 
2010-ж. 3-апрелинде БУУнун Башкы катчысы Пан Ги Мун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде чыгып сүйлөдү

Бүгүн 2010-жылдын 3-апрелинде Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы катчысы Пан Ги Мун Кыргызстанга расмий визитинин алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде чыгып сүйлөдү.

Ал калк арасында жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүү, аялдарга карата зомбулукка каршы күрөшүү, климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу пробемаларды чечүү сыяктуу маселелерди жана региондук коопсуздук маселелерин козгоду. Мындан тышкары, БУУнун Башкы катчысы климаттын өзгөрүшүнүн коркунучун дүйнөлүк коомдун алдында турган чакырык катары белгиледи. Анын айтканына караганда, климаттын өзгөрүшү Борбордук Азиядагы айлана-чөйрөгө да терс таасир тийгизиши мүмкүн.

Аялдардын укуктарын коргоо маселелерине кайрылуу менен Пан Ги Мун статистикалык маалыматтарды келтирди, ал маалыматтарга ылайык бүткүл дүйнө жүзүндө аялдардын 70 пайыздан ашыгы катаал мамилеге дуушар болот экен. Ал баса белгилеп кеткендей, мамлекеттер биринчи кезекте аялдар жана балдар жөнүндө кам көрүүгө тийиш, бул болсо, өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүнүн жана анын гүлдөп-өсүшүнүн зарыл шарты болуп эсептелет. БУУ 2008-жылы аялдарга карата зомбулук көрсөтүүгө каршы кампания өткөрүү демилгесин көтөргөндүгүн, аны көптөгөн өлкөлөрдүн лидерлери, анын ичинде Кыргыз Республикасы жана мамлекет башчысы колдогондугун эске салып кетти. Ал үстүбүздөгү жылдын cентябрында Миң жылдыкты өнүктүрүү максаттарын талкуулоо үчүн мамлекет башчылары менен атайын жолугушуу өткөрүүнү пландаштырып жатканын билдирди.

Булагы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин басма сөз кызматы

 

 
©2009-2010. Европа Комиссиясынын Долбоору, КСФ.
Бардык укуктар корголгон
 
  Web-site created by EMarketing2U Consulting www.e-market4u.com