|
Мамлекет башчысы Башкы катчыны куттуктоо менен, Кыргызстан БУУну көп тараптуу дипломатиянын бирден бир оптималдуу форуму жана азыркы учурдагы коркунучтарга жана чакырыктарга жамааттык каршы туруунун платформасы болуп эсептелген бирден бир беделдүү жана универсалдуу эл аралык уюм катары карай тургандыгын белгиледи. «БУУнун альтернативасы жок, бирок анын ишин бүгүнкү күндүн айкын көрүнүштөрүнө ылайык жүргүзүү үчүн мүмкүнчүлүктөр бар» - деп баса белгиледи К. Бакиев. Жолгушуунун акырында Пан Ги Мун мырзанын өтүнүчү боюнча Президент Курманбек Бакиев «Аялдарга карата зомбулукту биргелешип жок кылалы» деген аты жазылган кол коюу барагына кол койду. Басма сөз кызматкерлеринин алдында чыгып сүйлөгөн сөзүндө Пан Ги Мун мырза аты жазылган кол коюу барагына кол койгондугу үчүн мамлекет башчысына ыраазычылык билдирди. «Мен ушул баракка кол коюунун күбөсү болгонума кубанычтуумун, мунун өзү өлкөнүн аялдардын укуктарын коргоого жана сактоого таламдаш экендигин ырастап турат. Биздин БУУдагы ишибиз, биз аялдарды окутуу менен, алардын балдарын, анын коомчулугун, анын өлкөсүн окутуп жатканыбызды көрсөтүп турат. Пан Ги Мун Ушул кезге чейин айрым коомчулуктарда аялдар зомулукка, анын ичинде үй-бүлөдөгү зомбулукка дуушар болуп жатышканын биз билебиз, ошондуктан биз БУУнун бүткүл системасы боюнча, бүткүл дүйнө боюнча ушуга карама-каршы күрөшүү боюнча айкын чараларды биргелешип көрүүгө тийишпиз» - деп баса белгилеп кетти. Булагы: http://www.un.org/apps/news/story.asp?NewsID=34274&Cr=Central, 2010-ж. 3-апрели
|