Токтоосуз таратып берүү үчүн
2010-жылдын 31-мартыПресс-релиз
2010-жылдын 2-апрелинде Чолпон-Ата шаарында КР Президентинин резиденциясында «Кризистик борборлордун туруктуулугун күчөтүү: проблемалар жана аларды чечүүнүн жолдору» деген темада тегерек үстөл болот. Тегерек үстөлдүн максаттары - зомбулук проблемасы боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук милдеттенмелерин ишке ашыруу үчүн кризистик борборлордун өз ара аракеттеринин жана аларга колдоо көрсөтүүнүн натыйжалуу механизмдерин талкуулоо, Чолпон-Ата райондук мамлекеттик администрациясы менен «Алтынай» кризистик борборунун ортосундагы өнөктөштүк жөнүндө Меморандумга кол коюу. Иш-чарага Ысык-Көл облусунун мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, укук коргоо органдарынын, кризистик борборлордун өкүлдөрү, гендердик мыйзамдар жагындагы эксперттер чакырылды. Тегерек үстөлдүн катышуучулары үй-бүлөдөгү зомбулук учурунда социалдык жана укуктук жардамды уюштуруунун маселелерин, үй-бүлөдөгү змбулукту болтурбай коюу жана алдын алуу боюнча укук коргоо органдарынын аракеттерин, социалдык-психологиялык жардам көрсөтүүдөгү аракеттердин стратегиясын талкуулашат. Кризистик борборлордун тажрыйбасы, жетишкендиктери, институттук проблемалары боюнча маселелер өзүнчө топтом менен кетет. Кыргызстан Борбордук Азия регионунда биринчилерден болуп аялдарга карата зомбулуктун бар экендигин мамлекеттик деңгээлде тааныган жана аны жок кылуу боюнча демилгени баштаган. Республикада зомбулуктан жапа чеккендерге жардам көрсөтүүнүн кризистик борборлор, ишеним телефондору, аялдарга баш паана берүү түрүндөгү атайын соцциалдык кызматтары түзүлгөн. Аялдарга карата зомбулук көрсөтүүнүн бардык формаларынын деңгээлин төмөндөтүүнүн стратегиялык багыттарынын бири - потенциалдуу жана зомбулукка дуушар болгон аялдарга жардам көрсөтүү боюнча акысыз консультациялык мекемелердин тармагын түзүү, иштеп жаткан кризистик борборлорго колдоо көрсөтүү жана региондордо жаңыларын түзүү, мамлекеттик кризистик борборлордун тармагын калыптандыруу болуп саналат. 2007-2010-жылдарда Кыргыз Республикасында гендердик теңчиликке жетишүү боюнча аракеттердин улуттук планы мамлекеттик органдардын, бийликтин мыйзам чыгаруучу жана аткаруучу бутактарынын күч-аракеттерин жарандык коомдун бардык структуралары менен, атап айтканда, иши социалдык программаларды ишке ашыруу менен байланыштуу болгон өкмөттүк эмес уюмдар менен координациялоону камсыз кылат. Ушул документтин жобосуна ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жапа чеккендерди коргоо жана зомбулуктун күнөкөрлөрүнүн жүрүш-турушун өзгөртүү боюнча айкын чараларды көрүшү зарыл. Ошондой эле зомбулукка каршы күрөшүү боюнча жарандык демилгелерди өнүктүрүүгө жана колдоо көрсөтүүгө финансылык жана башка жардам көрсөтүү жана ар кандай коомдук топторду тартуу менен жер-жерлерде алдын алуу иштерин жүргүзүү да алардын компетенциясына кирет. Бардык кошумча суроолор менен:
Бул e-mail дарек спам-боттордон корголгон, аны карап чыгуу үчүн Сиздин Javascript күйүп турууга тийиш
электрондук почтасы же: (312) 66 34 75 (кошумча 134) телефону аркылуу кайрылууну өтүнөбүз, байланышка чыга турган адам: Тахмина Ашуралиева, долбоордун координатору. Тынымгуль Эшиева «Сорос - Кыргызстан» фондунун коомчулук менен байланыштар боюнча координтатору 720040, Бишкек ш., Логвиненко көч. 55А Тел. (996-312) 66-34-75 (121), E-mail:
Бул e-mail дарек спам-боттордон корголгон, аны карап чыгуу үчүн Сиздин Javascript күйүп турууга тийиш
|