|
2010-жылдын 27-мартында Бишкекте БУУнун Башкы Секретарынын «Аялдарга карата зомбулукту биргелешип жоелу» деген Кампаниясынын алкагында пландаштырылган үч арт-чеберкананын биринчиси болуп өттү.
Арт-чеберканага бийликтин мыйзам чыгаруучу жана соттук бутактарынын, эл аралык компаниялардын, Кыргызстандын Сүрөткерлер Союзунун, жеек менчик банктардын, аялуу аялдардын, жаштардын жана балдардын укуктары боюнча иштеген өкмөттүк эмес уюмдардын жогорку деңгээлдеги өкүлдөрү келишти. Арт-чеберканалардын максаты - аялдарга карата зомбулук көрсөтүү проблемасына жана катаал мамилеге дуушар болгон аялдарга жана кыздарга колдоо көрсөтүүгө Өкмөттүн, Парламенттин, жарандык коомдун, аялдар жана жаштар уюмдарынын, жеке менчик секторунун жана массалык маалымат каражаттарынын көңүлүн буруу болуп саналат. БУУнун агентстволорунун гендердик тематикалык тобу Кризистик борборлор Ассоциациясы менен биргелешип, арт-чеберкананын катышуучуларына зомбулуктун глобалдуу пандемиясы боюнча маалымат берүү үчүн маалыматтык материалдарды даярдады, ошондой эле аялдарга жана кыздарга карата зомбулук көрсөтүү жөнүндө акыркы статистикалык маалымдамаларды жана маалыматтарды берди.
Арт-чеберкана катышуучуларга чыгармачылык потенциалды ишке ашыруу, аялдарга - майып аялдарга, кыздарга. Афганстандан качып келген аялдарга, лесбиянкаларга, бисексуалдарга жана транссексуалдарга жана башкаларга карата зомбулук көрсөтүү проблемасын түздөн-түз билген адамдардын өзүнөн билим алуу менен баарлашууга жана тажрыйба алмашууга ыңгайлуу мүмкүнчүлүк түзүп берди. Арт-чеберканага Парламенттин Спикери - Жогорку Кеңештин Төрагасы Зайнидин Курманов, Парламенттин вице-спикерлери Чолпон Баекова айым жана Кубанычбек Исабеков мырза, Жогорку Соттун төрагасынын орун басары Калима Акназарова айым, «Кумтор Оперейтинг Компанинин» президенти Роберт Вандер мырза, «Кыргызстан-Сорос» фондунун аткаруучу директору Кумар Бекболотов мырза жана кырктан ашык башка катышуучулар катышышты. Иш-чаранын меймандарына май жана акрил боекторунун, акварелдин жардамы менен көркөм чеберчилигин жана ой өрүшүн көрсөтүүгө, искусствонун нукура чыгармаларын жаратууга мүмкүнчүлүк берилди. Айрым кайраттуу меймандар чоподон өздөрүнүн теңдешсиз чыгармаларын жаратышты. Холстторго, акварелдерге, ошондой эле декоративдүү тарелкаларга жана вазаларга катышуучулар тарабынан - зомбулуксуз эркин жашоо деген бир гана теманын алкагында сүрөттөр тартылды. Жаратылган арт-объектилер 2010-жылдын жайында өтө турган ачык аукциондун убагында сатылмакчы, сатуудан түшкөн каражаттар Кыргызстандын Кризистик борборлор Ассоциациясынын долбоорлоруна жана программаларына берилет. Кыргызстанда болгону он үч кризистик борбор иштеп жатат, алар зомбулуктан жапа чеккен аялдарга жана кыздарга коргоо кызматтарын көрсөтүшөт, алар борборлорго жыл сайын кайрылган 7500-8000 аялга жардам беришет. Ушул 13 борбордун ичинен бир кризистик борбор гана муниципалдык имарат жай алган, ошол эле мезгилде калган кризистик борборлор өздөрү ээлеп турган имарат жай үчүн ижара акысын төлөөнү улантып жатышат. Кризистик борборлор жайгашкан көпчүлүк имарат жайлар шашылыш реконструкциялоого муктаж. Мындан тышкары ыктыярдуу адамдар жана волонтерлор Кризистик борборлор Ассоциациясынын негизги кыймылдаткыч күчү болуп турган кезде, кызматкерлердин туруктуу штатын сактап калуу абдан маанилүү, ошондой эле кризистик кызматкерлердин көндүмдөрүн жана билимдерин өнүктүрүү жана зомбулуктан жапа чеккендерге натыйжалуу жана жогорку сапаттуу жардам көрсөтүү жана инфраструктураны жакшыртуу үчүн үзгүлтүксүз финансылап туруу да маанилүү болуп саналат. Дагы эки көркөм семинар искусство өкүлдөрү, жарандык уюмдардын лидерлери, мамлекеттик мекмелер жана массалык маалымат кызматтары үчүн апрелде жана майда уюштурулмакчы. Уюштуруучулар ошондой эле көркөм объектилердин көргөзмөсүн уюштурууну жана каталог басып чыгарууну пландаштырып жатышат. Арт-чеберканалар Бириккен Улуттар Уюму тарабынан жакында Кыргызстанда башталган «ЖОК» деп айтыш үчүн биригели» деген маалыматтык кампаниянын алкагында уюштурулган. Маалыматтык кампания бардык облустардагы жаштар, бардык деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлер, Парламенттин-Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары, ошондой эле жарандык коомдун уюмдары үчүн арналган ар кандай ишти камтып турат. 5-марттагы маалыматтык кампанияга 15 тен ашык өнөктөш уюм, анын ичинде Кризистик борборлор Ассоциациясы, Борбордук Азиядагы Өнүктүрүү жана кызматташтык Коомдук фондусу, «Кыргызстан-Сорос» фонду, Бишкектеги «Ротари» клубу, Кумтор Оперейтинг Компани, Борбордук Азиядагы Америка Университети, Аялдардын Мыйзам Чыгаруу Демилгелери Альянсы, Аялдар тармагы жана башкалар кошулду. Толук маалымат алуу үчүн: UNIFEMдин Кыргызстандагы Гендердик теңчилик боюнча кеңешчиси Анастасия Дивинская менен
Бул e-mail дарек спам-боттордон корголгон, аны карап чыгуу үчүн Сиздин Javascript күйүп турууга тийиш
электрондук почта аркылуу же +996 312 61-12-13. телефону аркылуу байланышыңыз. Сүрөттө: Кыргыз Республикасынын Спикери Зайнидин Курманов (солдо); Кризистик борборлор Ассоциациясынын төрайымы Александра Елиференко (оңдо). Иш-чаралардын тиби: Кайрымдуулук арт-чеберчилиги Датасы: 2010-жылдын 27-марты, саат 12.00-15.00 Өткөрүлгөн жери: Бишкек, Кыргызстан Уюштургандар: БУУнун Гендердик Тематикалык Тобу, Кумтор Оперейтинг Компани Өнөктөр: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши-Парламенти, Бишкектеги «Ротари» клубу, Эл аралык ишкер кеңеш, Азия Универсал Банк, " Кыргызстан-Сорос" фонду, Y-PEER, жаштар тармагы, Балдарды коргоо борбору, НПО "Dusti" өкмөттүк эмес уюму (афган качкын аялдары), ЛГБТ "Лабрис" өкмөттүк эмес уюму, Майып аялдар Ассоциациясы, Кыргызстандын Сүрөткерлер Союзу
|