2010-жылдын 2-апрелинде Европа Союзунун колдоосу алдында «Кыргызстан-Сорос» фондунун Укуктук программасы тарабынан ишке ашырылып жаткан «Аялдарды зомбулуктан социалдык-укуктук коргоонун механизмдерин иштеп чыгуу жана камсыз кылуу» долбоору Кыргызстандын кризистик борборлор Ассоциациясы менен биргелешип, Чолпон-Ата шаарында «Кризистик борборлордун туруктуулугун күчөтүү: проблемалар жана аларды чечүүнүн жолдору» деген Тегерек үстөл өткөрөт. Тегерек үстөлгө 50дөн ашык адам, анын ичинде «Кыргызста-Сорос» фондунун өкүлдөрү, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, ички иштер органдарынын өкүлдөрү, мэриянын өкүлдөрү, шаардык кеңештин депутаттары, губернатордун өкүлдөрү катышат. Ошондой эле облустук жана райондук мамлекеттик администрациялардын кызматкерлери, Кризистик борборлор Ассоциациясынын өкүлдөрү жана кризистик борборлордун кызматкерлери, соттордун өкүлдөрү, Аялдар кеңештеринин өкүлдөрү, аялдарга карата зомбулук көрсөтүү багытында иштеген юристтер жана врачтар, «Азаттык» радиосунун өкүлдөрү жана Чолпон-Ата жана Талас шаарларынын жергиликтүү газеталарынын журналисттери да катышмакчы. Аталган Тегерек үсөлдүн максаты кризистик борборлордун өз ара аракеттерин жакшыртуу, туруктуулугун жогорулатуу жана тажрыйба алмашуу болуп саналат, мунун өзү 2007-2010-жылдарда Кыргыз Республикасында гендердик теңчиликке жетишүү боюнча аракеттердин Улуттук планын жана бийликтин жергиликтүү органдары менен жарандык коомдун өртосундагы өнөктөштүктү натыйжалуу жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк берет. Тегерек үстөлдө Кыргызстанда аялдарга карата зомбулук көрсөтүүнү, айрыкча зомбулуктун: никеге эрте туруу, турмушка чыгууга мажбурлоо жана кыз ала качуу, көп аял алуу жана аялдарга карата зомбулук көрсөтүүнүн башка түрлөрү сыяктуу, эл аралык укуктун нормаларына жана Кыргызстандын диний эмес цивилизациялуу мамлекет катары беделине карама-каршы келген түрлөрүн болтурбай коюу жана азайтуу боюнча практикалык маселелер талкууланмакчы. Ошондой эле тегерек үстөлдө Кыргыз Республикасынын улуттук милдеттенмелери талкууланат, ушуга байланыштуу Кыргызстан тарабынан ратификацияланган Конвенциялар боюнча эл аралык укуктардын нормаларына ылайык ушул проблема боюнча жана 2007-2010-жылдарда Кыргыз Республикасында гендердик теңчиликке жетишіі боюнча аракеттердин Улуттук планын натыйжалуу ишке ашыруу боюнча эл аралык сунуштар каралат. Yй-бүлөдө жана социалдык кызматта зомбулукту болтурбай коюу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын нормаларын жана статьяларын талкуулоо пландаштырылууда. Жарандык сектордун - өкмөттүк эмес уюмдардын, атап айтканда кризистик борборлордун жана алардын кызматынын Кыргызстандын жер-жерлеринде аялдарга карата зомбулукту болтурбай коюуда жана азайтууда мамлекеттик мекемелердин өнөгү катары чыгып жаткан ролу талкуулардын негизги өзөгүн түзүп турмакчы. Анткени, эл аралык практикада мамлекет жана мамлекеттик мекемелер өкмөттүк эмес уюмдарды социалдык жумуштарга тартуу үчүн социалдык контракттарды көп колдоноору жана алардын ишине мамлекеттик бюджеттен акы төлөөрү жашыруун эмес. Мында социалдык контракттарды / жумуштарды мыкты өкмөттүк эмес уюмдардын алышы жана ар кандай өкмөттүк эмес уюмдар ушундай иштердин мамлекеттик финансылык каражаттарына мүмкүнчүлүк алышы үчүн социалдык контракттар / жумуштар бир нече өкмөттүк эмес уюмдардын арасында атаандаштык соодаларды же тендерлерди өткөрүүдөн кийин ыйгарылып жатат. Тегерек үстөл өткөрүлгөндөн кийин «Алтынай» кризистик борбору менен Чолпон-Ата шаарындагы райондук ички иштер бөлүмүнүн ортосундагы кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол коюу пландаштырылууда, мунун өзү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы социалдык контракттын мисалы сыяктуу болуп калат. Кризистик борборлор Ассоциациясынын төрайымы Александра Елиференконун айтканына караганда: «Президенттин Администрациясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, жарандык сектор, эл аралык уюмдар тарабынан аялдарга карата зомбулукту азайтуу жана зомбулуктан жапа чеккендерди натыйжалуу социалдык-укуктук коргоону жана жардамды камсыз кылуу боюнча маанилүү кадамдар жасалууда. Буга 2007-2010-жылдарга гендердик маселелер боюнча аракеттердин Улуттук планынын (АУП) кабыл алынышы, CEDAW Комитетине Мамлекеттик баяндамалардын жасалышы, КР Өкмөтүнүн 19.06.2009-ж.№ 387 токтому менен бекитилген БУУнун Комитетинин Корутунду сунуштарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы көмөк көрсөттү». Ошондуктан өткөрүлгөн Тегерек үстөл жер-жерлерде Улуттук планды ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана бийликтин жергиликтүү органдары менен жарандык коомдун ортосунда өнөктөштүктү чыңдоого басым жасооо менен, Кыргыз Республикасынын аталган маанилүү нормативдик-укуктук актыларын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген пландарды ишке ашыруудагы кезектеги кадамдардын бири болуп калмакчы. Тегерек үстөлдүн Программасын, Катышуучулардын тизмесин жана Тегерек үстөлдүн башка Материалдарын ушул жерден көчүрүп жазып алыңыз >>
|