Пресс-релиз
БУУнун Башкы Секретарынын «Аялдарга карата зомбулукту биргелешип жоелу» деген Кампаниясынын алкагында өспүрүмдөр арасында «Кыргызстан, аракеттенер кез келди!» деген ураан алдында өткөрүлүп жаткан көчө футболу боюнча ачык турнир
Өткөрүлө турган жери: Дордой стадиону (Совет жана Дордой көчөлөрүнүн кесилишинде, мурдагы Пионерлер ордосунун аймагында). Уюштуруучулар: КР көчө футболу Федерациясы, КР Аялдардын футболдук лигасы, ДССА коомдук фондусу. Өнөктөр: Дене тарбия Академиясы, «Дордой стадиону», Бириккен Улуттар Уюмнунун Агентстволору
2010-жылдын 27-мартында саат 10.00 дө, "Дордой" стадионунда Чүй облусундагы балдар үйлөрүндө жана реабилитациялык борборлордо тарбияланып жаткан кыздардан жана балдардан, ошондой эле Бишкек шаарындагы короо командаларынан турган 8 команданын арасында көчө футболу боюнча турнир болот. Ата-эненин мээриминен жана турмуштук белгилүү бир жагдайлардан ажыраган балдар «тобокел топторуна» туш болушуп, көпчүлүк учурда үй-жайсыз жана жумушсуз калган адамдардын катарын толтуруп, баңги заттарды соодалагандардын жана кылмышкерлердин тузагына илинүүдө. Аларда жагымдуу турмушта жашаган үй-бүлөдөгү балдар ээ болуп жаткан мүмкүнчүлүктөр жок, анын үстүнө алар да бактылуу жашоого жана ийгиликке жетишүүгө үмүт кылууга татыктуу. Бул үчүн турмуштук оор жагдайга туш болгон балдарга коомдун колдоосу, аларды түшүнүү, урматтоо, алардын турмуштук активдүү позициясын жана коомдун татыктуу бөлүгү болууну каалоосун таануу керек. Дал мына ушундан улам - балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары реабилитациялык борборлордун кардарлары Турнирдин катышуучуларынын арасында болуп калышты. Быйыл турнир БУУнун Башкы Секретарнынын биздин өлкөдө «Кыргызстан, аракеттенер кез келди!» деген ураан алдында өткөрүлүп жаткан «Аялдарга карата зомбулукту биргелешип жоелу» деген Кампаниясына арналды. Аялдарга жана кыздарга карата зомбулукка кылчактабай каршы чыккан жаш спортчулар Кыргызстандын жаштарын мына ушул жагымсыз көрүнүшкө карата «ЖОК» деп айтууга, чакырыкка колдоо көрсөтүүгө жана ушунун өзү менен бүткүл дүйнө жүзүндө Кампанияга кошулган миллиондогон жаштар менен өздөрүнүн тилектештигин билдирүүгө чакырып жатышат. Турнир 4-жолу өткөрүлүп жатат, ушул сыяктуу турнирлер биздин өлкөдө - «Балдардын кароосуз жана жетим калышына бөгөт коелу», «Футболго чектөө болбосун», «Футбол баңги заттарга каршы», «Аялдарга каршы зомбулукка ЖОЛ БЕРИЛБЕЙТ деп айткын» (ЮНИФЕМ кампаниясынын алкагында », «Аялдарга карата зомбулукка ЖОЛ БЕРИЛБЕЙТ деп айткын») деген девиз менен өткөрүлүп келген. Ошондой эле аталган турнир КР Аялдар командасын 2010-жылдын 19-26-сентябрында Рио-де-Жанейро шаарында (Бразилия, www.homelessworldcup.org ) боло турган көчө футболу боюнча дүйнөлүк чемпионатка катышууга даярдоонун алкагында өтүүдө. Ушул 2001-жылдан бери жыл сайын УЕФАнын, Nikeнин жана Vodafoneнин колдоосу менен өткөрүлүп жаткан Кубок 64 өлкөнү бириктирип турат жана жүздөгөн үй-жайсыз жана социалдык турмуштан четте калган адамдардын жашоосун өзгөртөт. Ушул Кубокко катышкандардан сурамжылоо жүргүзгөндө, алардын 70%дан ашыгы өз турмуштарынын өзгөргөндүгүн моюнга алышкан, алар турак жайга ээ болушкан, жумушка орношушкан, үй-бүлөсүн калыбына келтиришкен. Алардын айрымдары кесипкөй спортчулар болуп калышты. Жатак-үйлөрдүн тарбиялануучуларынан турган Кыргызстандын курама командасы 2007-жылдагы Копегагендеги турнирге алгачкы жолу катышып, ал жерден дароо эле дебютанттардын Кубогун жеңип алып, ал эми Мельбурнда үчүнчү орунга татыктуу болгон. Спорт аркылуу реабилитациялоо балага өзүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет, аны ийгиликтерге жетишүүгө мобилизациялайт жана толук кандуу жашоого интеграциялайт. Кошумча маалымат алуу үчүн: Турнирди уюштуруу маселелери боюнча Жаңыл Момункулова менен байланышсаңыз болот:
Бул e-mail дарек спам-боттордон корголгон, аны карап чыгуу үчүн Сиздин Javascript күйүп турууга тийиш
, телефондору: 31-50-88, 31-50-87 БУУнун Башкы Секретарынын «Аялдарга карата зомбулукту биргелешип жоелу» деген Кампаниясынын маселелери боюнча ЮНИФЕМдин Кыргызстандагы кеңешчиси Анастасия Дивинская менен:
Бул e-mail дарек спам-боттордон корголгон, аны карап чыгуу үчүн Сиздин Javascript күйүп турууга тийиш
, офистеги телефону: 61-12-13.
|