|
Европа Союузунун финансылык колдоосу менен «Сорос-Кыргызстан» Фондусунун Укуктук программасы тарабынан ишке ашырылып жаткан «Аялдарды зомбулуктан социалдык-укуктук коргоону камсыз кылуунун механизмдерин иштеп чыгуу жана камсыз кылуу» Долбоору Кыргызстандын кризистик борборлорунун Ассоциациясы менен биргелешип, Ош шаарында «Кризистик борборлордун туруктуулугун күчөтүү: проблемалар жана аларды чечүүнүн жолдору» деген тегерек үстөл өткөрдү. Тегерек үстөлгө 50дөн ашык адам, анын ичинде: USAID, МОМ, ОБСЕ эл аралык уюмдарынын өкүлдөрү, Ош облусунун губернатору, Ош жана Баткен облустарынын губернаторлорунун орун басарлары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын облустук администарцияларынын өкүлдөрү, Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, Ош шаарынын шаардык кеңешинин депутаттары, мамлекеттик структуралардын өкүлдөрү, Кризистик борборлор Асссоциациясынын өкүлдөрү жана кризистик борборлордун кызматкерлери, коммерциялык эмес уюмдардын (НКО) өкүлдөрү, соттордун, Аялдар кеңештеринин өкүлдөрү, ошондой эле журналисттер жана республикалык жана жергиликтүү теле каналдардын, «АКИ-пресс» маалымат агентствосунун жана «Алмаз» радиосунун өкүлдөрү катышты. Кризистик борборлордун өз ара аркеттерин жакшыртуу, алардын туруктуулугун жогорулатуу жана тажрыйба алмашуу аталган Тегерек үстөлдүн максаты болуп калды, мунун өзү 2007-2010-жылдарда Кыргыз Республикасында гендердик теңчиликке жетишүү боюнча аракеттердин Улуттук планын натыйжалуу ишке ашырууга жана жергиликтүү бийлик органдары менен жарандык коомдун ортосундагы өнөктөштүктү чыңдоого мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле «Ак Жүрөк» кризистик борбору менен Ош облустук администрациясынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол коюу тегерек үстөлдүн натыйжасы болуп калды. Ошондой эле «Ак Жүрөк» кризистик борборуна имарат-жай бөлнүп берилди. Кризистик борборлордун Ассоциациясынын төраймы Александра Елиференко билдирип кеткендей: «Акыркы жылдарда Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, жарандык сектор, эл аралык уюмдар тарабынан аялдарга зомбулук көрсөтүүнү азайтуу жана зомбулуктан жапа чеккендерди социалдык-укуктук коргоону камсыз кылуу жана аларга жардам көрсөтүү жагында маанилүү кадамдар жасалууда. Буга 2007-2010-жылдарга гендердик маселелер боюнча аракеттердин Улутук планынын (АУП) кабыл алынышы, CEDAW Комитетиндеги Мамлекттик баяндамалар, КР Өкмөтүнүн 19.06.2009, №387 токтому менен бекитилген БУУнун Комитетинин Корутунду сунуштарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы көмөк көрсөттү. Ошондуктан өткөрүлгөн тегерек үстөл Кыргыз Республикасынын маанилүү нормативдик-укуктук актыларынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Пландардын маалымдамаларын ишке ашыруудагы кезектеги кадам болуп калды, мында Улуттук пландын натыйжалуулугун жогорулатууга, жер-жерлерде ишке ашырууга жана бийликтин жергиликтүү органдары менен жарандык коомдун ортосунда өнөктөштүктү чыңдоого басым жасалды. Ошондой эле эл аралык уюмдар, Кыргызстандагы өкмөттүк эмес уюмдар жана башка мекемелер менен уюмдар активдүү күрөшүп жаткан зомбулуктун түрлөрү: кыз ала качуу жана никеге турууга мажбурлоо, көп аял алуу, жашы жете электер менен никеге эрте туруу, ошондой эле зомбулуктун башка түрлөрүн камтып тургандыгын эске сала кетели. Атап айтканда, кыз ала качуу жана никеге турууга мажбурлоо, көп аял алуу, жашы жете электер менен никеге эрте туруу Европалык делегация тараптан терс кабыл алынат жана Кыргызстан жөнүндө жапайы жана цивилизациясыз мамлекет деген имиджди түзөт, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөндө келтирилген Улуттук пландын жана Иш-чаралардын планынын натыйжасында өкмөттүк эмес уюмдар менен эл аралык уюмдардын күч-аракеттерин консолидациялоо аркылуу, ушул терс көрүнүштөргө каршы күрөшө баштады. Тегерек үстөлдүн материалдары: 1) «КР Түштүк регионундагы кризистик борборлордун туруктуулугун күчөтүү: проблемалар жана аларды чечүүнүн жолдору, 2010-жылдын 12-февралында Ош шаарында КР Кризистик борборлорунун Ассоциациясы менен биргелешип, Европа Комиссиясынын Долбоору жана «Сорос-Кыргызстан» Фонду тарабынан өткөрүлгөн ТЕГЕРЕК ҮСТӨЛДҮН П Р О Г Р А М М А С Ы 2) «КР Түштүк регионундагы кризистик борборлордун туруктуулугун күчөтүү: проблемалар жана аларды чечүүнүн жолдору, 2010-жылдын 12-февралында Ош шаарында КР Кризистик борборлорунун Ассоциациясы менен биргелешип, Европа Комиссиясынын Долбоору жана «Сорос-Кыргызстан» Фонду тарабынан өткөрvлгөн Тегерек үстөлдүн ТАРАТЫЛЫП БЕРИЛГЕН МАТЕРИАЛДАРЫ 3) «КР Түштүк регионундагы кризистик борборлордун туруктуулугун күчөтүү: проблемалар жана аларды чечүүнүн жолдору, 2010-жылдын 12-февралында Ош шаарында КР Кризистик борборлорунун Ассоциациясы менен биргелешип, Европа Комиссиясынын Долбоору жана «Сорос-Кыргызстан» Фонду тарабынан өткөрүлгөн Тегерек үстөлдүн КАТЫШУУЧУЛАРЫНЫН ТИЗМЕСИ 4) 2007-2010-жылдарда Кыргыз Республикасында гендердик теңчиликке жетишүү боюнча аракеттердин УЛУТТУК ПЛАНЫ (ОРУСЧА - Word файлы) 5) Аялдарга карата бамсырлоонун бардык формаларын жоюу боюнча БУУнун Конвенциясын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын үчүнчү мезгилдүү баяндамасына карата аялдарга карата басмырлоону жоюу боюнча БУУнун Комитетинин Корутунду сунуштарын ишке ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАРДЫН ПЛАНЫ (План Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.06.2009, №387 токтому менен бекитилген) (ОРУСЧА - Word файлы) 6) «Ак Жүрөк» кризистик борбору менен Ош облустук администрациясынын ортосундагы Кызматташтык жөнүндө Меморандум (шаблон - ОРУСЧА - Word файлы)
|