|
2009-ж 2-декабры – КР Ички иштер министринин орун басары Жакыпбек Азизов: Кыргызстанда киши өлтүрүүлөрдүн 25 пайызга жакыны үй-бүлөдөгү турмуш-тиричилик чатактарынын негизинде жасалат - «24.kg» |
|
2009-ж. 2-декабры, Бишкек - «24.kg» МА, автору: Ирина Павлова Үй-бүлөдөгү зомбулукту болтурбай коюуга арналган тегерек үстөлдө КР Ички иштер министринин орун басары Жакыпбек Азизов «Кыргызстанда киши өлтүрүүлөрдүн 25 пайызга жакыны үй-бүлөдөгү турмуш-тиричилик чатактарынын негизинде жасалат», -деп билдирди. Анын айтканына караганда, жыл сайын бүткүл республика боюнча үй-бүлөдөгү зомбулукка байланыштуу ички иштер органдарына 10 миңге жакын кайрылуулар келип түшөт. Кайрылгандардын 97 пайыздан ашыгын аялдар түзөт.
«Үй-бүлөдөгү зомбулук айкын үй-бүлөнүн мүчөлөрүнө гана кесепетин тийгизбестен, жалпы эле социумга оор кесепеттерди алып келет», - деп кошумчалады Жакыпбек Азизов. Булагы: 24.kg, 2009-жылдын 2-декабры < http://www.24.kg/community/66330-zhakypbek-azizov-v-kyrgyzstane-okolo-25-procentov.html > |