Аялдарды зомбулуктан коргоонун механизмдерин иштеп чыгуу
жана социалдык-укуктук жагынан коргоону камсыз кылуу

Интернет сурамжылоо

Көп аял алууга каршы кантип күрөшүүгө болот? Көп аял алууга каршы кантип күрөшүүгө болот? Жооптун бирөөнү тандап алыңыз:
 
2009-ж 2-декабры – Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлү Лидия Мухамедшина: Кыргызстанда үй-бүлөдөгү зомбулук жылдан жылга өсүп жатат - «24.kg»

2009-ж. 2-декабры, Бишкек - «24.kg» МА, автору: Ирина Павлова

Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык маселелер боюнча башкы адиси Лидия Мухамедшина үй-бүлөдөгү зомбулукту болтурбай коюуга арналган тегерек үстөлдө: «Кыргызстанда үй-бүлөдөгү зомбулук жылдан жылга өсүп жатат», - деп билдирди.

Анын айтканына караганда, үй-бүлөдөгү зомбулук баланын психикасына доо кетиргендиги менен коркунучтуу болуп саналат. Лидия Мухамедшина: «Балдар кийин өз курбуларына карата агрессия кыла баштайт. Анткени, жамандыктын артынан жамандык келет»,- деп корутундулады.

Тегерек үстөлдүн катышуучусу, ОБСЕнин Бишкек шаарындагы Борборунун башчысынын орун басары Дарий Лилиан: «Кыргызстанда үй-бүлөдөгү зомбулукту жок кылуу үчүн бардык структуралардын өз ара аракети зарыл», - деп билдирди. Анын айтканына караганда

«Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо жөнүндө» Мыйзамдын аткарылышына көз карандысыз мониторинг жүргүзүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык коргоо мекемелеринин азырынча бардык нормаларды аткаруу үчүн аракеттенбегендигин көрсөттү.

«Мамлекеттик органдар жана коом үй-бүлөдөгү зомбулуктун бардык терс кесепеттерин түшүнүү менен тыгыз байланышта өз ара аракеттерди жасоого тийиш», - деди Дарий Лилиан.

Булагы: 24.kg, 2009-жылдын 2-декабры
< http://www.24.kg/community/66332-lidiya-muxamedshina-v-kyrgyzstane-iz-goda-v-god.html >

 
©2009-2010. Европа Комиссиясынын Долбоору, КСФ.
Бардык укуктар корголгон
 
  Web-site created by EMarketing2U Consulting www.e-market4u.com