|
2009-ж 10-декабры - «Кыргызстан-Сорос» фондусунун ЕС долбоорунун координатору Тахмина Ашуралиева: Кыргызстанда үй-бүлөдөгү зомбулук жөнүндө мыйзамдын мониторинги жүргүзүлдү - «24.kg» |
|
2009-ж. 10-декабры, Бишкек - «24.kg» МА, автору: Ирина Павлова «24.kg» МАсынын аялдарды басмырлоо проблемаларына арналган пресс-конференциясында «Кыргызстанда үй-бүлөдөгү зомбулук жөнүндө мыйзамдын мониторинги жүргүзүлдү» деп билдирди Тахмина Ашуралиева.
Анын айтканына караганда, изилдөөчүлөр мониторингдин жыйынтыгы боюнча бир катар сунуштарды беришти. «Адистердин тобу мыйзамдын долбоорун иштеп чыкты жана ал Жогорку Кеңештин кароосуна берилди. Ушуга байланыштуу
21-декабрда парламенттик угуу болот», - деп түшүндүрдү Тахмина Ашуралиева. Мыйзамдын жаңы долбооруна ылайык үй-бүлөдөгү зомбулуктун тикелей күнөкөрлүрү менен иш жүргүзүү керек. «Республикада ушул кезге чейин мындай ишти эки гана уюм - «Сезим» жана «Шанс» кризистик борборлору жүргүзүп келишкен», - деп кошумчалады Тхмина Ашуралиева. Булагы: 24.kg, 2009-жылдын 10-декабры < http://www.24.kg/community/66694-taxmina-ashuralieva-v-kyrgyzstane-proveli.html >
|