|
2010-ж 15-январы - Кыргызстандын борборунда үй-бүлөлүк зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо маселелери талкууланат - «24.kg» |
|
2010-ж. 15-январы, Бишкек - ИА «24.kg», автору: Айзада Кутуева Кыргызстандын борборунда 18- январда «Үй-бүлөлүк зомбулуктан социалык-укуктук коргоо жөнүндө» Мыйзамдын жаңы долбоорун талкуулоо боюнча парламенттик угуу болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Гульнара Дербишева билдирет. Анын айтканына караганда, 2003-жылдан бери колдонулуп келген мыйзам моралдык жагынан эскирген жана натыйжасыз болуп калган. «Ушуга байланыштуу өкмөттүк эмес уюмдардын колдоосу менен депутаттардын тобу тарабынан жылдан-жылга улам чоң масштабга жетип жаткан үй-бүлөдөгү зомбулукту жоюуга багытталган жаңы мыйзам долбоору иштелип чыккан. Аны парламенттин кароосуна киргизгенге чейин ар тараптан талкуулап чыгууга чечим кылынган. Ушул үчүн бардык региондордон
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнөн тартып бизнес-структураларга чейинки таламдаш тараптар чакырылган», - дейт Гульнара Дербишева. Эл депутаты белгилеп кеткендей, жаңы мыйзамда зомбулуктун күнөкөрлөрүнүн жоопкерчилиги жогорулайт жана үй-бүлөлүк зомбулукту болтурбай коюуга көмөк көрсөтүүгө чакырылган органдардын, атап айтканда ИИМдин, жергиликтүү бийликтин жана башка ведомстволордун милдеттеринин чөйрөсү так чектелет.
Булагы: 24.kg, 2010-жылдын 15-январы < http://www.24.kg/parlament/67826-v-stolice-kyrgyzstana-obsudyat-voprosy-socialno.html > |