Аялдарды зомбулуктан коргоонун механизмдерин иштеп чыгуу
жана социалдык-укуктук жагынан коргоону камсыз кылуу

Интернет сурамжылоо

Көп аял алууга каршы кантип күрөшүүгө болот? Көп аял алууга каршы кантип күрөшүүгө болот? Жооптун бирөөнү тандап алыңыз:
 
2010-ж 18-январы – КР Юстиция министри Курмантай Абдиев: «Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо жөнүндө» Мыйзамдын аткарылышына контролдук жүргүзүү үчүн координациялык кеңеш түзүү керек - «24.kg»

2010-ж. 18-январы, Бишкек - «24.kg» МА, автору: Айзада Кутуева

КР Юстиция министри Бүгүнкү парламенттик угууда КР Юстиция министри Курмантай Абдиев «Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык-уцкуктук коргоо жөнүндө» Мыйзамдын аткарылышына контролдук жүргүзүү үчүн координациялык кеңеш түзүү керек», - деп билдирди.

Анын айтканына караганда, бул кеңештин курамына Жогорку Кеңештин депутаттары, үй-бүлөдөгү зомбулукту азайтууга көмөк көрсөтүгө чакырылган министрликтердин башчылары кирүүгө тийиш. «Аталган Мыйзам 2003-жылы кабыл алынган, бирок иш жүзүндө иштеген эмес, анткени, аны ишке ашырууну эч ким контролдогон эмес. 2008-жылдагы мониторингден кийин гана жылыштар боло баштаган. Демек, ведомствлорду

координациялоону күчөтүү зарыл. Мындан тышкары, бардык министрликтер өздөрүнүн ички нормативдик-укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүүгө тийиш», дейт Курмантай Абдиев.

Министр белгилеп кеткендей, үй-бүлөдөгү зомбулук учурунда денеге залал келтирүүнүн дээрлик 70 пайызы жеңил залал келтирүү категориясына таандык кылынат. «Ушул сыяктуу жосундар кылмыш болуп эсептелбегендиктен, ИИМ жазык ишин козгоодон баш тартат. Эгерде ИИМ ушул сыяктуу учурлардын баарын каттай берсе, анда бул цифралардын саны өтө арбын болмок, бул болсо өлкөнүн имиджине жакшы таасир тийгизмек эмес. Көпчүлүк учурда ички иштер органдарынын кызматкерлери жабыр тарткандарга сотко кайрылууга кењеш беришет Бирок зомбулуктан жапа чеккендер мындай ишке сейрек барышат, жыйынтыгында күнөлүү адамдар ошол бойдон жазасыз калышат. Бирок мына ушул олуттуу эмес болуп көрүнгөн фактыларды көрмөксөн болууга болбойт, анткени, алар андан кийин алда канча оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Мыйзамдын жаңы долбооруна ИИМ органдарынын үй-бүлөдөгү зомбулук фактылары боюнча сотко жарандарды катыштырбастан эле кайрылууга укуктуулугун жазып коюу керек деп ойлойм», - дейт Курмантай Абдиев.

Булагы: 24.kg, 2010-жылдын 18-январы
< http://www.24.kg/parlament/67921-kurmantaj-abdiev-v-kyrgyzstane-sleduet-sozdat.html >.

Фото Кыргызстандын Юстиция министрлигинин www.minjust.gov.kg веб-сайтынан алынды

 
©2009-2010. Европа Комиссиясынын Долбоору, КСФ.
Бардык укуктар корголгон
 
  Web-site created by EMarketing2U Consulting www.e-market4u.com