Аялдарды зомбулуктан коргоонун механизмдерин иштеп чыгуу
жана социалдык-укуктук жагынан коргоону камсыз кылуу

Интернет сурамжылоо

Көп аял алууга каршы кантип күрөшүүгө болот? Көп аял алууга каршы кантип күрөшүүгө болот? Жооптун бирөөнү тандап алыңыз:
 
2010-ж 18-январы - «Сезим» кризистик борборунун өкүлү Суйун Курманова: Кыргызстанда үй-бүлөдөгү зомбулук калктын бай катмарларына да, ошондой эле жарды катмарларына да мүнөздүү - "24.kg"
2010-ж. 18-январы, Бишкек - ИА «24.kg», автору: Айзада Кутуева

«Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо жөнүндө» Мыйзамдын долбоорун талкуулоо боюнча парламенттик угууда «Сезим» кризистик борборунун PR-менеджери Сүйүн Курманова «24.kg» МАсына «Кыргызстанда үй-бүлөдөгү зомбулук калктын бай катмарларына да, ошондой эле жарды катмарларына да мүнөздүү», - деп билдирди.

Анын айтканына караганда, жыл сайын борборго үй-бүлөдөгү зомбулук фактылары боюнча 3 миден ашык даттануулар түшөт. «Үй-бүлөдөгү зомбулук көбүнчө мүчөлөрү аракечтикке, баңгиликке берилип кеткен, туруктуу жумушу жок үй-бүлөлөрдө жасалат»,

дейт Сүйүн Курманова.

Ал акыркы жылдарда бай үй-бүлөлөрдө зомбулуктун өсүп жаткандыгын белгилеп кетти. Анын негизги себеби үй-бүлөнүн башчысынын көп аял алышы болуп саналат. «Жалпысынан алганда республикада жыл сайын үй-бүлөдөгү зомбулук учурлары жогорулоодо. Бул баарынан мурда ички жана тышкы миграцияга, социалдык жана экономикалык проблемалардын өсүшүнө байланыштуу болуп жатат», - деп кошумчалады Сүйүн Курманова.

Борборго кайрылгандар кандай жардам алышат? - деген суроого Сүйүн Курманова - аларга психологдун, сотто коргоо үчүн юристтин жардамы көрсөтүлөт, ошондой эле борбордо 10 күндөн 3 айга чейин убактылуу жашоого мүмкүнчүлүк берилет - деп жооп берди.

Булагы: 24.kg, 2010-жылдын 18-январы
< http://www.24.kg/parlament/67924-sujun-kurmanova-v-kyrgyzstane-semejnoe-nasilie.html >

КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР:
Көп аял алуу, кызды күч менен ала качуу, күйөөсү сабаган жана башка учурларда Сиз жардам ала турган Кыргызстан боюнча кризистик борборлордун байланыш маалымдамаларын алгыңыз келсе, ушул жерге клик жасаңыз

 
©2009-2010. Европа Комиссиясынын Долбоору, КСФ.
Бардык укуктар корголгон
 
  Web-site created by EMarketing2U Consulting www.e-market4u.com