Аялдарды зомбулуктан коргоонун механизмдерин иштеп чыгуу
жана социалдык-укуктук жагынан коргоону камсыз кылуу

Интернет сурамжылоо

Көп аял алууга каршы кантип күрөшүүгө болот? Көп аял алууга каршы кантип күрөшүүгө болот? Жооптун бирөөнү тандап алыңыз:
 
2010-ж 18-январы - ЖКнын депутаты Гульнара Дербишева: “Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо жөнүндө” Мыйзам долбоорунун жаңы редакциясына “Үй-бүлөдөгү экономикалык зомбулук” деген термин киргизилди” – КР Парламентинин жана ВРСинин басм

2010-жылдын 18-январы

фото: ЖКнын депутаты Гульнара ДербишеваБүгүн, 18-январда Жогорку Кеңештин депутаты, социалдык саясат боюнча комитетинин мүчөсү Гульнара Дербишева (фото) "Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо жөнүндө" Мыйзам долбоорунун жаңы редакциясын талкуулоо боюнча парламенттин угуунун убагында аталган мыйзам долбооруна "Үй-бүлөдөгү экономикалык зомбулук" деген термин киргизилди деп билдирди.

Мыйзамдын долбооруна ылайык аталган түшүнүк үй-бүлөнүн бир мүчөсү/ ага теңештирилген адам тарабынан үй-бүлөнүн экинчи мүчөсүн/ага теңештирилген адамды турак жайдан, тамак аштан, кийимден жана башка мүлктөн же болбосо жабыр тартуучу мыйзамда каралган укукка ээ болгон каражаттардан атайылап

ажыратышы катары аныкталат.

Депутат колдонуудагы мыйзамда көптөгөн кемчиликтер бар экендигин билдирди. Атап айтканда, үй-бүлөлүк зомбулуктун проблемалары боюнча иш жүргүзүп жаткан субъектилерди координациялоо системасы жана алардын бири-бири менен өз ара аракети иштелип чыккан эмес; мыйзамды белгиленген механизмдер өлкөнүн укуктук системасына ылайык келбейт жана соттук коргоо ордерлерин берүү соттук чечимдерди чыгара турган процесстик мыйзамдар тарабынан колдоого алынбайт.

Алсак, соттук коргоо ордери 2006-жылы бир гана жолу жана анын үстүнө үй-бүлөлүк зомбулук жасоо үчүн колдонулбастан, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексинин 364-статьясынын 1-бөлүгү (майда хулиганчылык) боюнча жүзөгө ашырылган.

Мыйзам долбоорунун жаңы редакциясында үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен адамдарды коргоого тартылган бардык субъектилердин милдеттери такталган. Ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулук фактылары жөнүндө маалымат берүүгө милдеттүү, коргоо ордерин алуу үчүн ички иштер органдарына арыз менен кайрылууга, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулук жасоодо күнөөлүү болгон адамга белгилүү бир чектөөлөрдү белгилөө жөнүндө талаптар менен сотко кайрылууга укугу бар субьектилердин категориялары жазылды.

Парламенттик угуу Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана адам укуктары комитетинин жана Социалдык саясат боюнча комитеттин демилгеси боюнча "Сорос-Кыргызстан" фондусунун көмөк көрсөтүүсү жана Европа Союзунун финансылык колдоосу менен өтүп жатат. Угууга Жогорку Кеңештин депутаттары, Өкмөт мүчөлөрү, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана көз карандысыз эксперттер катышууда.

Кийинки жумада аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин комитеттери тарабынан каралат деп күтүлүүдө.

Булагы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин басма сөз кызматы.
2010-жылдын 18-январында ВРСда жарыяланган
< http://www.bpc.kg/news/9010-18-01-10 >
Фото: Европа комиссиясынын долбоорунун жана "Сорос-Кыргызстан" фондунун фото архиви.

 
©2009-2010. Европа Комиссиясынын Долбоору, КСФ.
Бардык укуктар корголгон
 
  Web-site created by EMarketing2U Consulting www.e-market4u.com