Аялдарды зомбулуктан коргоонун механизмдерин иштеп чыгуу
жана социалдык-укуктук жагынан коргоону камсыз кылуу

Интернет сурамжылоо

Көп аял алууга каршы кантип күрөшүүгө болот? Көп аял алууга каршы кантип күрөшүүгө болот? Жооптун бирөөнү тандап алыңыз:
 
2010-ж 18-январы- депутат О.Назаров: "Кыргызстанда өкмөттүк эмес уюмдардан "кутулуш" үчүн коргоо ордерлеринин 25 пайызы ички иштер органдары тарабынан берилет" - "АКИпресс"

2010-ж. 18-январы

Бишкек (АКИпресс) - Кыргызстанда өкмөттүк эмес уюмдардан "кутулуш" үчүн коргоо ордерлеринин 25 пайызы ички иштер органдары тарабынан берилет. Бул тууралу бүгүн, 2010-жылдын 18-январында "Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо жөнүндө" Мыйзамдын долбоору боюнча парламенттик угууда Жогорку Кеңештин депутаты Орзубек Назаров билдирди.

Депутат: үй-бүлөдөгү зомбулук маселелери боюнча берилген коргоо ордерлеринин көпчүлүгү кагаз жүзүндө калат жана аткарылбайт, анткени,

алар үй-бүлөдөгү зомбулукту болтурбай коюу үчүн аткарылууга тийиш деп эсептейт. О.Назаров: "Бүгүнкү күндө аталган ордерлердин шарттарын, аларды берүүнүн тартибин жана колдонулуш мөөнөтүн кайра карап чыгуунун зарылдыгы бышып жетилди", - деп белгиледи.

"Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо жөнүндө" Мыйзамдын долбоорунун бир катар депуттардын демилгеси менен көтөрүлгөн жаңы редакциясында үй-бүлөлүк зомбулук жасоодо күнөөлүү болгон адамдар үчүн чектөөлөрдү кеңейтүү сунуш кылынат. Алсак, коргоо ордерин берүүнүн жаңы шарттарында спирт ичимдиктерин сатып алууга жана ичүүгө тыюу салуу, үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамды атайын психологиялык курстан өтүүгө милдеттендирүү, үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен адамдын турган жери жөнүндө маалымат алууга тыюу салуу, үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен адам менен тикелей жана кыйыр байланыштарда болууга тыюу салуу каралат.

Демилгечилердин бири Дамира Ниязалиеванын айтканына караганда, аталган мыйзам долбоору үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен адамдарды коргоого тартылган бардык ыйгарым укуктуу органдардын жоопкерчилигин жогорулатат жана үй-бүлөдөгү зомбулукка калктын бардык катмарларынын көңүлүн буруу проблемасын көтөрөт.

Коргоо ордери үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен адамга мамлекеттик коргоо берген жана зомбулук жасаган адамга таасир көрсөтүү чаралары түрүндө эскертүү берген юридикалык документ болуп саналарын белгилей кетели.

Булагы: АКИпресс, 2010-жылдын 18-январы

<http://kg.akipress.org/news:161131 >

 
©2009-2010. Европа Комиссиясынын Долбоору, КСФ.
Бардык укуктар корголгон
 
  Web-site created by EMarketing2U Consulting www.e-market4u.com