|
2010-ж. 18-январы Бишкек (АКИпресс) - Кыргызстандын Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев (фото) "киши өлтүрүү" жана "киши өлтүрүүгө аракет жасоо" статьялары боюнча соттолгон аялдардын 87 пайызы аларга узак мезгил бою зомбулук жасоонун натыйжасында үй-бүлөлүк турмуштук негизде кылмыш жасайт деп билдирди. 18-январда Бишкекте болгон "Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо жөнүндө" Мыйзам долбоору боюнча Парламенттик угууларда чыгып сүйлөө менен министр - жыл сайын ички иштер органдарына үй-бүлөлүк зомбулук маселелери боюнча 10 миңге жакын жабыр тартуучулар кайрылаарын, алардын 97 пайызын аялдар түзөөрүн билдирди. Акыркы мезгилде аялдар тарабынан жасалган кылмыштардын өскөндүгү байкалууда. Алсак, аялдар абагында жазасын өтөп жаткан адамдардын иштерин иликтөө "киши өлтүрүү" жана "киши өлтүрүүгө аракет жасоо" статьялары боюнча соттолгон аялдардын 87 пайызы аларга узак мезгил бою өзүнө жакын адам тарабынан үй-бүлөлүк зомбулукка дуушар болуунун натыйжасында үй-бүлөлүк турмуштук негизде
кылмыш жасай тургандыгын айгинелеп турат. Баяндамачы, көз карандысыз эксперт Таалайкүл Исакунованын айтканына караганда, Кыргызстанда 2008-жылдын декабрынан тартып 2009-жылдын февралы боюнча алганда биринчи жолу 5 шаарда (Бишкекте, Ошто, Нарында, Караколдо, Жалал-Абадда) мыйзамдын укуктук колдонулушунун практикасынын мониторинги жүргүзүлгөн. Мониторингге 555 адам тартылып, анын ичинен мамлекеттик органдардан жана коомдук уюмдардан мыйзамды аткаруучу субъектилер катары 348 адам, түздөн-түз зомбулук тарткандардын жана үй-бүлөлүк зомбулуктун күнөөлүлөрүнүн ичинен 163 адам тартылган. Исакунова айтып кеткендей мониторингдин натыйжалары боюнча үй-бүлөлүк зомбулук биздин коомдун бышып жетилген проблемаларынын бири болуп саналат. Алсак, Т.Исакунова: ушул категориядагы кылмыштардын 20-30 пайызын үй-бүлөлүк-турмуш тиричиликтин негизинде киши өлтүрүү жана ден соолукка оор зыян келтирүү болуп жаткандыгын статистика айгинелеп турат деп билдирди. Анын айтканына караганда, үй-бүлөлүк зомбулук Кыргызстан үчүн актуалдуу проблема болуп саналат, бирок ошол эле мезгилде коргоо ордерлери өтө аз берилет. 2004-2007-жылдарда анын маалыматтары боюнча республикада берилген коргоо ордерлеринин саны болгону 292 учурду түзгөн. 2008-жылы алардын саны 1 миңден ашып кеткен. Жолугушууда үй-бүлөлүк зомбулук укук бузуунун же кылмыштын өзгөчө түрү экендиги, анын бири-бирине жакын адамдар тарабынан жабык эшиктин ары жагында жасалаары жана көпчүлүк учурда денесине зыян келтирген учурда же үй-бүлөдј узак мезгил бою зомбулук жасалганда күнөөлүү адамдар жазалоочу мүнөздөгү нормаларга тартылбай тургандыгы белгиленди. Үй-бүлөлүк зомбулук - бул үй-бүлөлүк чыр чатактын натыйжасында зомбулуктун ар кандай формаларын колдонуу гана болбостон ошондой эле финансылык -контролдук жана үй-бүлөнүн бир мүчөсүнүн экинчи мүчөсүн басмырлоосу, мазактоосу, басмырлоосу, уруп-сабоо, шылдыңдоо, сексуалдык зомбулук жасоо, бири-бирине жакын адамдардын байкабастан же пландаштыруу менен бири-бирин өлтүрүшү болуп саналат, - деп белгиледи Т.Исакунова. Булагы: АКИпресс, 2010-жылдын 18-январы < http://kg.akipress.org/news:161101 > Фото АКИпресстин библиографиялык баракчасынан алынды. |