|
2010-ж. 18-январы КАБАР, 2010-жылдын 18-январы бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Автандил Арабаев "Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо жөнүндө" Мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча парламенттик угуунун жүрүшүндө "Үй-бүлөдөгү зомбулук проблемасын чечүү өлкөнүн уку ктук жана социалдык саясатынын бирде бир актуалдуу жана артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп калууга тийиш", - деп билдирди. Анын айтканына караганда, рыноктук процесстердин өнүгүшү коомдогу терс көрүнүштөрдү шарттап турат, бул болсо атап айтканда, үй-бүлөдөгү зомбулук сыяктуу социалдык проблемаларды пайда кылууда. "2003-жылы "Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо жөнүндө" Мыйзам кабыл алынган". Бирок ал жетиштүү даражада аткарылган эмес, анткени, көпчүлүк жарандар бул маселени жеке мүнөздөгү проблема
катары карап келишкен. Анын үстүнө бүгүнкү күндөгү турмуш ушул мыйзамдын жаңы редакциясын кабыл алуунун зарылдыгын талап кылып жатат", - деди парламентарий. А.Арабаев - мамлекет жана ар кандай өкмөттүк эмес уюмдар, фонддор, үй-бүлөлүк зомбулук проблемасын чечүүгө өзгөчө маани берүүгө тийиш - деп белгиледи. Бүгүнкү күндүн айкын көрүнүштөрүн эске алуу менен сунуш кылынып жаткан мыйзамдын долбоору дал мына ушул аспектилерди камтып турат. Парламенттик угуу Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана адам укуктары комитетинин жана Социалдык саясаты боюнча комитеттин демилгеси боюнча "Сорос-Кыргызстан" фондусунун көмөк көрсөтүүсү жана Европа Союзунун финансылык колдоосу менен өтүп жатат. Угууга Жогорку Кеңештин депутаттары, Өкмөт мүчөлөрү, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана көз карандысыз эксперттер катышууда. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет. Булагы: КАБАР, 2010-жылдын 18-январы < http://kabar.kg/news/2010/01/18/23270.html >
|