|
2010-жылдын 18-январы КАБАР, 2010-жылдын 18-январы. Бүгүн тин депутаты Гульнара Дербишева "Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо жөнүндө" Мыйзамдын долбоорунун жаңы редакциясын талкуулоо боюнча парламенттик угуунун жүрүшүндө мыйзамдын долбооруна "Үй-бүлөдөгү экономикалык зомбулук" деген термин киргизилгендигин билдирди. Долбоорго ылайык бул түшүнүк үй-бүлөнүн бир мүчөсүнүн өзүнө жакын экинчи адамды турак жайдан, тамак аштан, кийимден жана башка мүлктөн же болбосо жабыр тартуучу мыйзамда каралган укукка ээ болгон каражаттардан ажыратышы
катары аныкталат. Депутат колдонуудагы мыйзамда көптөгөн кемчиликтер бар экендигин билдирди. Атап айтканда, үй-бүлөлүк зомбулуктун проблемалары боюнча иш жүргүзүп жаткан субъектилерди координациялоо системасы жана алардын бири-бири менен өз ара аракети иштелип чыккан эмес; мыйзамда белгиленген механизмдер өлкөнүн укуктук системасына ылайык келбейт жана соттук коргоо ордерлерин берүү үчүн соттук чечимдерди чыгара турган процесстик мыйзамдар тарабынан колдоого алынбайт. Документтин жаңы редакциясында үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен адамдарды коргоого тартылган бардык субъектилердин милдеттери такталган. Ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулук фактылары жөнүндө маалымат берүүгө милдеттүү, коргоо ордерин алуу үчүн ички иштер органдарына арыз менен кайрылууга, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулук жасоодо күнөөлүү болгон адамга белгилүү бир чектөөлөрдү белгилөө жөнүндө талап менен сотко кайрылууга укугу бар субьектилердин категориялары жазылды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет. Булагы: КАБАР, 2010-жылдын 18-январы < http://kabar.kg/news/2010/01/18/23273.html >
Фото www.kenesh.kg алынды |