|
2010-ж. 18-январы Бүгүн "Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо жөнүндө" Мыйзамдын долбоорун талкуулоо боюнча парламенттик угууда КР Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев "Кыргызстанда жыл сайын ички иштер органдарына үй-бүлөлүк зомбулук жаатында 10 миңден ашык даттануулар келип түшөт", - деп билдирди. Анын айтканын караганда, ушундай учурлардын 97 пайызында аялдар жабырлануучу катары чыгат. "Алардын арасында улгайган адамдар жана балдар да аз эмес. Бирок аялдар тарабынан жасалган кылмыштардын өсүшүнүн байкалып жаткандыгын белгилей кетүү керек. Киши өлтүргөндүгү жана киши өлтүрүүгө аракеттенгендиги үчүн абактарда жазасын өтөп жаткан аялдардын 87 пайызы узак мезгил бою үй-бүлөлүк зомбулукка дуушар болгондон кийин кылмыш жасагандыгын изилдөөлөр көрсөттү. Көрсө "менин үйүм - менин чебим" деген сөз айкашы ар дайым эле туура боло
беобейт окшойт", - дейт Молдомуса Конгантиев. Министр аталган мыйзамдын ички иштер органдары үчүн артыкчылыктуу болуп калгандыгын белгиледи. "Бирок, азыркы мыйзамдар дагы өркүндөтүүнү талап кылат. Биринчи кезекте комплекстүү мамилени киргизүү керек, башкача айтканда үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоого көмөк көрсөтүүгө чакырылган бардык органдарды координациялоо зарыл. Мыйзамдын жаңы долбоорунда бул бар экен, жана ал бизди кубандырат. Мындан тышкары, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске да өзгөртүүлөр киргизүү, башкача айтканда, зомбулук көрсөткөндөр үчүн тарбиялоо мүнөзүндө болгон коомдук жумуштарды киргизүү талап кылынат. Биз ушундай жаза чарасы үй-бүлөлүк зомбулук жасоо учурларын азайтуу үчүн натыйжалуу чара болуп калат деп эсептейбиз", - деди Молдомуса Конгантиев. Анын айтканына караганда, ушул жаман ишке каршы кірјшті активдештирүү үчүн бардык ички иштер органдары убактылуу коргоо ордерлери менен толук камсыз кылынган. "Мындан тышкары ушул ордерлердин жаңы, алда канча натыйжалуу нормалары иштелип чыкты. Акыркы жылдарда берилген ордерлердин санынын өскөндүгүн белгилей кетүү керек. Алсак, 2008-2009-жылдарда 1 миң 150 убактылуу ордерлер берилди",- деп кошумчалады Молдомуса Конгантиев. Булагы: "24.kg". 2010-жылдын 18-январы < http://www.24.kg/parlament/67896-moldomusa-kongantiev-v-kyrgyzstane-ezhegodno-v.html >
|