|
2010-ж 18-январы, Бишкек "24.kg" МА, автору: Айзада Кутуева Бүгүн "Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо жөнүндө" Мыйзамдын долбоорун талкуулоо боюнча парламенттик угууда " : "Кыргызстанда атайын нормативдик -укуктук актынын болушу азырынча үй-бүлөлүк зомбулуктун проблемасын чечүүгө таасир тийгизе элек", - деп билдирди. Анын айтканына караганда, үй-бүлөлүк зомбулук
курч проблемалардын бири бойдон калууда. "2004-жылы аталган мыйзамдын кабыл алынышы менен бул проблема мамлекеттик мааниге ээ болду жана социалдык проблема катары карала баштады. Бирок расмий статистикалык маалымдамалардын жоктугу анын динамикасына талдоо жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк бербей жатат жана тиешелүү мамлекеттик программаларды иштеп чыгуу жана адекваттуу чараларды көрүү үчүн башкы тоскоолдуктардын бири болуп саналат. Мыйзамдын алты жылдан бери колдонулуп жаткандыгына карабастан, мыйзамдын бардык субъектилери аны аткарууга тартылган эмес, алардын айрымдарында анын нормаларын колдонуунун практикасы дегеле жок", - дейт Таалайгүл Исакунова. Мындан тышкары эксперт - үй-бүлөлүк зомбулук жагында улуттук, ведомстволук же жергиликтүү аракеттердин пландары иштелип чыкпагандыгын белгилейт. "Мыйзамдын нормаларын аткарууну финансылоо да каралган эмес. Мамлекеттик мекемелер үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө колдо болгон маалымдамалардын негизинде аналитикалык материалдарды үзгүлтүксүз даярдашпайт, бул ушул мекемелердин структурасында атайын бөлүмдөрүнүн болгондугуна карабастан жана алардын тикелей функцияларына маалымдамаларды жыйноо гана эмес, ошондой эле аларды талдоо да киргендигине карабастан ушундай болуп жатат", - деп кошумчалады Таалайгүл Исакунова. Булагы: "24.kg". 2010-жылдын 18-январы < http://www.24.kg/parlament/67898-taalajgul-isakunova-v-kyrgyzstane-nalichie.html > Фото Европа комиссиясынын долбоорунун жана "Кыргызстан-Сорос" фондунун фото-архиви. |