Аялдарды зомбулуктан коргоонун механизмдерин иштеп чыгуу
жана социалдык-укуктук жагынан коргоону камсыз кылуу

Интернет сурамжылоо

Көп аял алууга каршы кантип күрөшүүгө болот? Көп аял алууга каршы кантип күрөшүүгө болот? Жооптун бирөөнү тандап алыңыз:
 
2008-ж 18-январы- Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук учурунда бирдиктүү коргоо ордерин киргизүү пландаштырылып жатат- “24.kg”
2008-ж. 18-январы, Бишкек "24.kg" МА, автору: Айзада Кутуева

"Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук учурунда бирдиктүү коргоо ордерин киргизүү пландаштырылып жатат". Бул тууралуу "Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо жөнүндө" Мыйзамдын долбоорун талкуулоо боюнча парламенттик угуунун убагында аталган документтин демилгечилеринен болгон фото: Жогорку Кеңештин депутат - Гульнара Дербишева, 2010, янв Жогорку Кеңештин депутаттары Гульнара Дербишева (солдо) жана Чолпон Абдуллаева (оңдо) "24.kg" МАга билдиришти.фото: Жогорку Кеңештин депутат - Чолпон Абдуллаева, 2010, янв

Алардын айтканына караганда, азыркы мезгилде коргоо ордерлеринин эки түрү: соттор тарабынан берилүүчү соттук коргоо ордери жана ички иштер министрлиги тарабынан берилүүчү убактылуу коргоо ордери бар. Бирок мыйзам колдонулган мезгилдин ичинде соттор коргоо ордерин 2006-жылы бир гана жолу жана анын үстүнө мындай чараны карабаган статья боюнча беришкен.

Ал эми ИИМ болсо 2008-жылы гана 1 миңден ашык убактылуу ордерлерди берген. Демилгечилер ордерлерди берүүнүн шарттары, тартиби, колдонулуш мөөнөтү кайра каралгандыгын, аларды берүүнүн механизмдери жазылып коюлгандыгын жана ал бериле турган субъектилердин чөйрөсү кеңейгендигин белгилей кетүү керек", - деп айтып беришти.

Эл депутаты Чолпон Абдуллаеванын айтканына караганда, ИИМ жарандардын өздөрүнөн тышкары үй-бүлөлүк зомбулук фактылары боюнча сотко кайрылууга ички иштер органдарына уруксат берген норманы да киргизүүнү сунуш кылып жатат. "Бул ушундай фактыларды айкын төмөндөтүүгө, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулук статистиканы жакшыртууга мүмкүнчүлүк берет", - дейт ал.

Мындан тышкары, депутат Гульнара Дербишева белгилеп кеткендей, мыйзамдын долбоорунда жарандарды үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоого чакырылган субъектилердин чөйрөсү так жазылган. "Жаңы редакциясында ички иштер, социалдык коргоо органдарына, сотторго кошумча иретинде биз бийликтин жергиликтүү органдарын жана массалык маалымат каражаттарын коштук. Документте үй-бүлөлүк зомбулук фактысы жөнүндө маалымат берүүгө милдетүү, коргоо ордерин берүү үчүн ички иштер органдарына арыз менен кайрылууга, ошондой эле зомбулук жасоодо күнөөлүү болгон адамга белгилүү бир чектөөлөрдү белгилөө талаптары менен сотко кайрылууга укугу бар субъектилердин категориялары жазылып коюлган. Мындан тышкары, мыйзамдарга "экономикалык зомбулук" деген түшүнүк киргизилди", - деп кошумчалады ал.

Эл депутаттарынын айтканына караганда, зомбулук жасаган адамдардын жоопкерчилигин күчөтүү үчүн жаза чараларынын бири катары коомдук жумуштар түшүнүгү да киргизилет. "Күнөөлүү адамдарды белгилүү бир убакытта мамлекетте акысыз иштеп берүүгө милдеттендирүү пландаштырылып жатат. Биз ушул сыяктуу чара өлкөдөгү үй-бүлөлүк зомбулуктан деңгээлин төмөндөтүүгө мүмкүнчүлүк берет деп эсептейбиз", - деп кошумчалашты алар.


Булагы: "24.kg". 2010-жылдын 18-январы
< http://www.24.kg/parlament/67926-v-kyrgyzstane-v-sluchae-semejnogo-nasiliya.html >
Фото: Европа комиссиясынын долбоорунун жана "Сорос-Кыргызстан" фондусунун фото-архиви.
Фото http://alians.emarketing2u.com алынды

 
©2009-2010. Европа Комиссиясынын Долбоору, КСФ.
Бардык укуктар корголгон
 
  Web-site created by EMarketing2U Consulting www.e-market4u.com