|
|
|
Жаңылыктар
|
2010-ж. 3-апрелинде Жогорку Кеңештин Төрагасы БУУнун Башкы катчысынын «Аялдарга карата зомбулукту БИРГЕЛЕШИП жок кылалы» деген кол коюу барагына кол койду. |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Зайнидин Курманов бүгүн, 3-апрелде БУУнун Башкы катчысы Пан Ги Мундун Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзү аяктагандан кийин БУУнун Башкы катчысынын «Аялдарга карата зомбулукту БИРГЕЛЕШИП жок кылалы» деген аты жазылган кол коюу барагына кол койду.Пан Ги Мун Кыргызстандын аялдардын укуктарын сактоого кошулгандыгын ырастоо болуп саналарын белгилөө менен, аты жазылган кол коюу барагына кол койгондугу үчүн З. Курмановго ыраазычылык билдирди. Ал Кыргызстандын парламентчилерине ушул багыттагы мыйзам чыгаруу ишин күчөтүүнү каалаган пикирин билдирди. Маалым кат: «Аялдарга карата зомбулукту биргелешип жок кылалы» деген Глобалдуу кампания 2008-жылы БУУнун Башкы катчысы Пан Ги Мундун демилгеси менен башталган. Бул демилге дүйнө жүзүндө кеңири колдоого алынып, ага мамлекет башчылары, парламентарийлер, саясатчылар, өкмөттүк эмес уюмдардын лидерлери, журналисттер кошулган. Булагы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин басма сөз кызматы http://www.kenesh.kg , 2010-ж. 3-апрели |
|
|
2010-ж. 3-апрелинде Президент Бакиев жакында Кыргызстанда Бирикккен Улуттар Уюму – ЮНИФЕМ тарабынан башталган «Аялдарды зомбулуктан коргоо боюнча «ЖОК» деп айтыш үчүн биригели» деген маалыматтык кампаниянын акциясына кол койду. |
2010-жылдын 3-апрелинде БУУнун Башкы катчысы Пан Ги Мун өзүнүн Борбордук Азияда болушун андан ары улантты жана ишемби күнү Кыргызстанга келди. Бишкекке келгенден кийин БУУнун Башкы катчысы Пан Ги Мун БУУнун Борбордук Катчысынын «Аялдарга карата зомбулукту БИРГЕЛЕШИП жок кылалы» деген маалыматтык кампаниясынын акциясына Кыргызстандын Президенти Бакиевдин кол коюу жана колдоо көрсөтүү аземине катышты, бул кампания ар кандай өлкөлөрдү олуттуу мыйзамдарды, аракеттердин пландарын кабыл алууга, алдын алуучу жана превентивдүү чараларды көрүүгө, ошондой эле чыр-чатактуу жагдайларда сексуалдык зомбулукту болтурбай коюу боюнча маалымат жыйноого жана жер-жерлерде системалуу чараларды көрүүгө чакырат. Пан Ги Мун мырза салтанаттуу аземде чыгып сүйлөгөн сөзүндө «Эгерде Сиз аялга бийлик берсеңиз жана аны урматтасаңыз, анда ал өзүнүн үй-бүлөсүнө, демек жалпы мамлекетке да пайда келтирет» - деди (анын англис тилиндеги сөзүн толугу менен http://www.un.org/apps/sg/sgstats.asp? nid=4468 караңыз). «Бирок биз баарыбыз, ар кандай өлкөлөрдө, көпчүлүк учурларда аялдар коркунучтуу кыянатчылыктарга дуушар болуп жатышканын билебиз. Азырынча бир дагы өлкөдө мына ушуга каршы иммунитет иштелип чыга элек». «Биз аялдарга карата кылмыштарды, анын ичинде үй-бүлөдөгү зомбулукту, секс сооданы, никеге эрте турууну же никелешүүгө мажбурлоону биргелешип жок кылышыбыз керек» - деп кошумчалады ал. «Аялдарга карата зомбулукту БИРГЕЛЕШИП жок кылалы» деген англис, орус жана кыргыз тилиндеги кампаниясына кол койгондорду жана колдогондорду төмөндөгү тизмеден кароону өтүнөбүз.
UNIFEMдин гендердик маселелер боюнча Кыргызстандагы кеңешчиси Анастасия Дивинская тарабынан жиберилди БУУнун Yйү, Чүй проспектиси, 160 Бишкек, 720040, Кыргыз Республикасы Тел.: 996 (312) 611 213, 611 211 (кошумча 232), Факс: 996 (312) 611 217 /18 E-mail:
Бул e-mail дарек спам-боттордон корголгон, аны карап чыгуу үчүн Сиздин Javascript күйүп турууга тийиш
Булагы: http://www.un.org/apps/news/story.asp? NewsID=34274&Cr=Central , 2010-ж. 3-апрели. Видео: http://www.president.kg/president/press/video/5511/ Маалыматтары (англис тилинде): http://unifem.org/news_events/story_detail.php?StoryID=1068 http://www.saynotoviolence.org/ http://www.facebook.com/SayNO.UNiTE http://twitter.com/SayNO_UNiTE  
|
|
2010-ж. 3-апрелинде БУУнун Башкы катчысы Пан Ги Мун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде чыгып сүйлөдү |
Бүгүн 2010-жылдын 3-апрелинде Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы катчысы Пан Ги Мун Кыргызстанга расмий визитинин алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде чыгып сүйлөдү. Ал калк арасында жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүү, аялдарга карата зомбулукка каршы күрөшүү, климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу пробемаларды чечүү сыяктуу маселелерди жана региондук коопсуздук маселелерин козгоду. Мындан тышкары, БУУнун Башкы катчысы климаттын өзгөрүшүнүн коркунучун дүйнөлүк коомдун алдында турган чакырык катары белгиледи. Анын айтканына караганда, климаттын өзгөрүшү Борбордук Азиядагы айлана-чөйрөгө да терс таасир тийгизиши мүмкүн. Аялдардын укуктарын коргоо маселелерине кайрылуу менен Пан Ги Мун статистикалык маалыматтарды келтирди, ал маалыматтарга ылайык бүткүл дүйнө жүзүндө аялдардын 70 пайыздан ашыгы катаал мамилеге дуушар болот экен. Ал баса белгилеп кеткендей, мамлекеттер биринчи кезекте аялдар жана балдар жөнүндө кам көрүүгө тийиш, бул болсо, өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүнүн жана анын гүлдөп-өсүшүнүн зарыл шарты болуп эсептелет. БУУ 2008-жылы аялдарга карата зомбулук көрсөтүүгө каршы кампания өткөрүү демилгесин көтөргөндүгүн, аны көптөгөн өлкөлөрдүн лидерлери, анын ичинде Кыргыз Республикасы жана мамлекет башчысы колдогондугун эске салып кетти. Ал үстүбүздөгү жылдын cентябрында Миң жылдыкты өнүктүрүү максаттарын талкуулоо үчүн мамлекет башчылары менен атайын жолугушуу өткөрүүнү пландаштырып жатканын билдирди. Булагы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин басма сөз кызматы |
|
2010-ж. 3-апрели - БУУнун башкы катчысы: Кыргызстан мамлекети биринчи кезекте аялдар жана балдар жөнүндө кам көрүүгө тийиш -- «24.kg» |
|
2010-ж. 3-апрели, Бишкек - МА «24.kg» «Бүгүн Жогорку Кеңеште БУУнун Башкы катчысы Пан Ги Мун «Кыргызстан мамлекети биринчи кезекте аялдар жана балдар жөнүндө кам көрүүгө тийиш» - деп билдирди. Анын айтканына караганда, мунун өзү өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнүн жана анын гүлдөп-өсүшүнүн зарыл шарты болуп саналат. «Бирок азыркы мезгилде дүйнө жүзүндөгү аялдардын 80 пайызга жакыны алиге чейин үй-бүлөдөгү катаал мамилеге дуушар болууда. Мындай абал тынчсыздандырбай койбойт. Ушуга байланыштуу БУУ 2008-жылы аялдарга карата зомбулукка каршы кампания өткөрүү боюнча демилге көтөргөн. Аны көптөгөн өлкөлөрдүн лидерлери колдогон. Ушул демилгеге КР Президенти Курманбек Бакиевдин да кошулганы кубандырат. Аны сиздердин депутат эркектер да колдоруна ишенемин» - деди Пан Ги Мун. Булагы: http://www.24.kg/politic/71256-gensek-oon-gosudarstvo-v-kyrgyzstane-v-pervuyu.htm, 2010-ж. 3-апрели. |
|
2010-ж. 3-апрелде «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынын холлунда Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев Кыргызстанга биринчи жолу расмий визит менен келген Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысы Пан Ги Мун мырзаны кабыл алды |
|
Мамлекет башчысы Башкы катчыны куттуктоо менен, Кыргызстан БУУну көп тараптуу дипломатиянын бирден бир оптималдуу форуму жана азыркы учурдагы коркунучтарга жана чакырыктарга жамааттык каршы туруунун платформасы болуп эсептелген бирден бир беделдүү жана универсалдуу эл аралык уюм катары карай тургандыгын белгиледи. «БУУнун альтернативасы жок, бирок анын ишин бүгүнкү күндүн айкын көрүнүштөрүнө ылайык жүргүзүү үчүн мүмкүнчүлүктөр бар» - деп баса белгиледи К. Бакиев. Жолгушуунун акырында Пан Ги Мун мырзанын өтүнүчү боюнча Президент Курманбек Бакиев «Аялдарга карата зомбулукту биргелешип жок кылалы» деген аты жазылган кол коюу барагына кол койду. Басма сөз кызматкерлеринин алдында чыгып сүйлөгөн сөзүндө Пан Ги Мун мырза аты жазылган кол коюу барагына кол койгондугу үчүн мамлекет башчысына ыраазычылык билдирди. «Мен ушул баракка кол коюунун күбөсү болгонума кубанычтуумун, мунун өзү өлкөнүн аялдардын укуктарын коргоого жана сактоого таламдаш экендигин ырастап турат. Биздин БУУдагы ишибиз, биз аялдарды окутуу менен, алардын балдарын, анын коомчулугун, анын өлкөсүн окутуп жатканыбызды көрсөтүп турат. Пан Ги Мун Ушул кезге чейин айрым коомчулуктарда аялдар зомулукка, анын ичинде үй-бүлөдөгү зомбулукка дуушар болуп жатышканын биз билебиз, ошондуктан биз БУУнун бүткүл системасы боюнча, бүткүл дүйнө боюнча ушуга карама-каршы күрөшүү боюнча айкын чараларды биргелешип көрүүгө тийишпиз» - деп баса белгилеп кетти. Булагы: http://www.un.org/apps/news/story.asp?NewsID=34274&Cr=Central, 2010-ж. 3-апрели |
|
2010-ж. 31 марты - Пресс-релиз - Ысык-Көлдө кризистик борборлордун туруктуулугу маселелери көтөрүлүп жатат |
Токтоосуз таратып берүү үчүн
2010-жылдын 31-мартыПресс-релиз
2010-жылдын 2-апрелинде Чолпон-Ата шаарында КР Президентинин резиденциясында «Кризистик борборлордун туруктуулугун күчөтүү: проблемалар жана аларды чечүүнүн жолдору» деген темада тегерек үстөл болот. Тегерек үстөлдүн максаттары - зомбулук проблемасы боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук милдеттенмелерин ишке ашыруу үчүн кризистик борборлордун өз ара аракеттеринин жана аларга колдоо көрсөтүүнүн натыйжалуу механизмдерин талкуулоо, Чолпон-Ата райондук мамлекеттик администрациясы менен «Алтынай» кризистик борборунун ортосундагы өнөктөштүк жөнүндө Меморандумга кол коюу. Иш-чарага Ысык-Көл облусунун мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, укук коргоо органдарынын, кризистик борборлордун өкүлдөрү, гендердик мыйзамдар жагындагы эксперттер чакырылды. Тегерек үстөлдүн катышуучулары үй-бүлөдөгү зомбулук учурунда социалдык жана укуктук жардамды уюштуруунун маселелерин, үй-бүлөдөгү змбулукту болтурбай коюу жана алдын алуу боюнча укук коргоо органдарынын аракеттерин, социалдык-психологиялык жардам көрсөтүүдөгү аракеттердин стратегиясын талкуулашат. Кризистик борборлордун тажрыйбасы, жетишкендиктери, институттук проблемалары боюнча маселелер өзүнчө топтом менен кетет. Кыргызстан Борбордук Азия регионунда биринчилерден болуп аялдарга карата зомбулуктун бар экендигин мамлекеттик деңгээлде тааныган жана аны жок кылуу боюнча демилгени баштаган. Республикада зомбулуктан жапа чеккендерге жардам көрсөтүүнүн кризистик борборлор, ишеним телефондору, аялдарга баш паана берүү түрүндөгү атайын соцциалдык кызматтары түзүлгөн. Аялдарга карата зомбулук көрсөтүүнүн бардык формаларынын деңгээлин төмөндөтүүнүн стратегиялык багыттарынын бири - потенциалдуу жана зомбулукка дуушар болгон аялдарга жардам көрсөтүү боюнча акысыз консультациялык мекемелердин тармагын түзүү, иштеп жаткан кризистик борборлорго колдоо көрсөтүү жана региондордо жаңыларын түзүү, мамлекеттик кризистик борборлордун тармагын калыптандыруу болуп саналат. 2007-2010-жылдарда Кыргыз Республикасында гендердик теңчиликке жетишүү боюнча аракеттердин улуттук планы мамлекеттик органдардын, бийликтин мыйзам чыгаруучу жана аткаруучу бутактарынын күч-аракеттерин жарандык коомдун бардык структуралары менен, атап айтканда, иши социалдык программаларды ишке ашыруу менен байланыштуу болгон өкмөттүк эмес уюмдар менен координациялоону камсыз кылат. Ушул документтин жобосуна ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жапа чеккендерди коргоо жана зомбулуктун күнөкөрлөрүнүн жүрүш-турушун өзгөртүү боюнча айкын чараларды көрүшү зарыл. Ошондой эле зомбулукка каршы күрөшүү боюнча жарандык демилгелерди өнүктүрүүгө жана колдоо көрсөтүүгө финансылык жана башка жардам көрсөтүү жана ар кандай коомдук топторду тартуу менен жер-жерлерде алдын алуу иштерин жүргүзүү да алардын компетенциясына кирет. Бардык кошумча суроолор менен:
Бул e-mail дарек спам-боттордон корголгон, аны карап чыгуу үчүн Сиздин Javascript күйүп турууга тийиш
электрондук почтасы же: (312) 66 34 75 (кошумча 134) телефону аркылуу кайрылууну өтүнөбүз, байланышка чыга турган адам: Тахмина Ашуралиева, долбоордун координатору. Тынымгуль Эшиева «Сорос - Кыргызстан» фондунун коомчулук менен байланыштар боюнча координтатору 720040, Бишкек ш., Логвиненко көч. 55А Тел. (996-312) 66-34-75 (121), E-mail:
Бул e-mail дарек спам-боттордон корголгон, аны карап чыгуу үчүн Сиздин Javascript күйүп турууга тийиш
|
|
2010-ж. 2-апрелинде Чолпон-Ата шаарында Европа Союзунун колдоосу алдында «Кыргызстан-Сорос» фонду тарабынан уюштурулган «Кризистик борборлордун туруктуулугун күчөтүү: проблемалар жана аларды чечүүнүн жолдору» деген Тегерек үстөл өткөрүлөт |
2010-жылдын 2-апрелинде Европа Союзунун колдоосу алдында «Кыргызстан-Сорос» фондунун Укуктук программасы тарабынан ишке ашырылып жаткан «Аялдарды зомбулуктан социалдык-укуктук коргоонун механизмдерин иштеп чыгуу жана камсыз кылуу» долбоору Кыргызстандын кризистик борборлор Ассоциациясы менен биргелешип, Чолпон-Ата шаарында «Кризистик борборлордун туруктуулугун күчөтүү: проблемалар жана аларды чечүүнүн жолдору» деген Тегерек үстөл өткөрөт. Тегерек үстөлгө 50дөн ашык адам, анын ичинде «Кыргызста-Сорос» фондунун өкүлдөрү, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, ички иштер органдарынын өкүлдөрү, мэриянын өкүлдөрү, шаардык кеңештин депутаттары, губернатордун өкүлдөрү катышат. Ошондой эле облустук жана райондук мамлекеттик администрациялардын кызматкерлери, Кризистик борборлор Ассоциациясынын өкүлдөрү жана кризистик борборлордун кызматкерлери, соттордун өкүлдөрү, Аялдар кеңештеринин өкүлдөрү, аялдарга карата зомбулук көрсөтүү багытында иштеген юристтер жана врачтар, «Азаттык» радиосунун өкүлдөрү жана Чолпон-Ата жана Талас шаарларынын жергиликтүү газеталарынын журналисттери да катышмакчы. Аталган Тегерек үсөлдүн максаты кризистик борборлордун өз ара аракеттерин жакшыртуу, туруктуулугун жогорулатуу жана тажрыйба алмашуу болуп саналат, мунун өзү 2007-2010-жылдарда Кыргыз Республикасында гендердик теңчиликке жетишүү боюнча аракеттердин Улуттук планын жана бийликтин жергиликтүү органдары менен жарандык коомдун өртосундагы өнөктөштүктү натыйжалуу жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк берет. Тегерек үстөлдө Кыргызстанда аялдарга карата зомбулук көрсөтүүнү, айрыкча зомбулуктун: никеге эрте туруу, турмушка чыгууга мажбурлоо жана кыз ала качуу, көп аял алуу жана аялдарга карата зомбулук көрсөтүүнүн башка түрлөрү сыяктуу, эл аралык укуктун нормаларына жана Кыргызстандын диний эмес цивилизациялуу мамлекет катары беделине карама-каршы келген түрлөрүн болтурбай коюу жана азайтуу боюнча практикалык маселелер талкууланмакчы. Ошондой эле тегерек үстөлдө Кыргыз Республикасынын улуттук милдеттенмелери талкууланат, ушуга байланыштуу Кыргызстан тарабынан ратификацияланган Конвенциялар боюнча эл аралык укуктардын нормаларына ылайык ушул проблема боюнча жана 2007-2010-жылдарда Кыргыз Республикасында гендердик теңчиликке жетишіі боюнча аракеттердин Улуттук планын натыйжалуу ишке ашыруу боюнча эл аралык сунуштар каралат. Yй-бүлөдө жана социалдык кызматта зомбулукту болтурбай коюу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын нормаларын жана статьяларын талкуулоо пландаштырылууда. Жарандык сектордун - өкмөттүк эмес уюмдардын, атап айтканда кризистик борборлордун жана алардын кызматынын Кыргызстандын жер-жерлеринде аялдарга карата зомбулукту болтурбай коюуда жана азайтууда мамлекеттик мекемелердин өнөгү катары чыгып жаткан ролу талкуулардын негизги өзөгүн түзүп турмакчы. Анткени, эл аралык практикада мамлекет жана мамлекеттик мекемелер өкмөттүк эмес уюмдарды социалдык жумуштарга тартуу үчүн социалдык контракттарды көп колдоноору жана алардын ишине мамлекеттик бюджеттен акы төлөөрү жашыруун эмес. Мында социалдык контракттарды / жумуштарды мыкты өкмөттүк эмес уюмдардын алышы жана ар кандай өкмөттүк эмес уюмдар ушундай иштердин мамлекеттик финансылык каражаттарына мүмкүнчүлүк алышы үчүн социалдык контракттар / жумуштар бир нече өкмөттүк эмес уюмдардын арасында атаандаштык соодаларды же тендерлерди өткөрүүдөн кийин ыйгарылып жатат. Тегерек үстөл өткөрүлгөндөн кийин «Алтынай» кризистик борбору менен Чолпон-Ата шаарындагы райондук ички иштер бөлүмүнүн ортосундагы кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол коюу пландаштырылууда, мунун өзү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы социалдык контракттын мисалы сыяктуу болуп калат. Кризистик борборлор Ассоциациясынын төрайымы Александра Елиференконун айтканына караганда: «Президенттин Администрациясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, жарандык сектор, эл аралык уюмдар тарабынан аялдарга карата зомбулукту азайтуу жана зомбулуктан жапа чеккендерди натыйжалуу социалдык-укуктук коргоону жана жардамды камсыз кылуу боюнча маанилүү кадамдар жасалууда. Буга 2007-2010-жылдарга гендердик маселелер боюнча аракеттердин Улуттук планынын (АУП) кабыл алынышы, CEDAW Комитетине Мамлекеттик баяндамалардын жасалышы, КР Өкмөтүнүн 19.06.2009-ж.№ 387 токтому менен бекитилген БУУнун Комитетинин Корутунду сунуштарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы көмөк көрсөттү». Ошондуктан өткөрүлгөн Тегерек үстөл жер-жерлерде Улуттук планды ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана бийликтин жергиликтүү органдары менен жарандык коомдун ортосунда өнөктөштүктү чыңдоого басым жасооо менен, Кыргыз Республикасынын аталган маанилүү нормативдик-укуктук актыларын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген пландарды ишке ашыруудагы кезектеги кадамдардын бири болуп калмакчы. Тегерек үстөлдүн Программасын, Катышуучулардын тизмесин жана Тегерек үстөлдүн башка Материалдарын ушул жерден көчүрүп жазып алыңыз >> |
|
2010-жылдын 30-мартында Бишкекте «Кыргызстан, аракеттенер кез келди!» деген ураан алдында өткөн «Аялдарга карата зомбулукту БИРГЕЛЕШИП жоелу» деген кампанияга колдоо көрсөтүү боюнча арт-чеберкана болуп өттү |
|
2010-жылдын 27-мартында Бишкекте БУУнун Башкы Секретарынын «Аялдарга карата зомбулукту биргелешип жоелу» деген Кампаниясынын алкагында пландаштырылган үч арт-чеберкананын биринчиси болуп өттү.
Арт-чеберканага бийликтин мыйзам чыгаруучу жана соттук бутактарынын, эл аралык компаниялардын, Кыргызстандын Сүрөткерлер Союзунун, жеек менчик банктардын, аялуу аялдардын, жаштардын жана балдардын укуктары боюнча иштеген өкмөттүк эмес уюмдардын жогорку деңгээлдеги өкүлдөрү келишти. Арт-чеберканалардын максаты - аялдарга карата зомбулук көрсөтүү проблемасына жана катаал мамилеге дуушар болгон аялдарга жана кыздарга колдоо көрсөтүүгө Өкмөттүн, Парламенттин, жарандык коомдун, аялдар жана жаштар уюмдарынын, жеке менчик секторунун жана массалык маалымат каражаттарынын көңүлүн буруу болуп саналат. БУУнун агентстволорунун гендердик тематикалык тобу Кризистик борборлор Ассоциациясы менен биргелешип, арт-чеберкананын катышуучуларына зомбулуктун глобалдуу пандемиясы боюнча маалымат берүү үчүн маалыматтык материалдарды даярдады, ошондой эле аялдарга жана кыздарга карата зомбулук көрсөтүү жөнүндө акыркы статистикалык маалымдамаларды жана маалыматтарды берди.
Арт-чеберкана катышуучуларга чыгармачылык потенциалды ишке ашыруу, аялдарга - майып аялдарга, кыздарга. Афганстандан качып келген аялдарга, лесбиянкаларга, бисексуалдарга жана транссексуалдарга жана башкаларга карата зомбулук көрсөтүү проблемасын түздөн-түз билген адамдардын өзүнөн билим алуу менен баарлашууга жана тажрыйба алмашууга ыңгайлуу мүмкүнчүлүк түзүп берди. Арт-чеберканага Парламенттин Спикери - Жогорку Кеңештин Төрагасы Зайнидин Курманов, Парламенттин вице-спикерлери Чолпон Баекова айым жана Кубанычбек Исабеков мырза, Жогорку Соттун төрагасынын орун басары Калима Акназарова айым, «Кумтор Оперейтинг Компанинин» президенти Роберт Вандер мырза, «Кыргызстан-Сорос» фондунун аткаруучу директору Кумар Бекболотов мырза жана кырктан ашык башка катышуучулар катышышты. Иш-чаранын меймандарына май жана акрил боекторунун, акварелдин жардамы менен көркөм чеберчилигин жана ой өрүшүн көрсөтүүгө, искусствонун нукура чыгармаларын жаратууга мүмкүнчүлүк берилди. Айрым кайраттуу меймандар чоподон өздөрүнүн теңдешсиз чыгармаларын жаратышты. Холстторго, акварелдерге, ошондой эле декоративдүү тарелкаларга жана вазаларга катышуучулар тарабынан - зомбулуксуз эркин жашоо деген бир гана теманын алкагында сүрөттөр тартылды. Жаратылган арт-объектилер 2010-жылдын жайында өтө турган ачык аукциондун убагында сатылмакчы, сатуудан түшкөн каражаттар Кыргызстандын Кризистик борборлор Ассоциациясынын долбоорлоруна жана программаларына берилет. Кыргызстанда болгону он үч кризистик борбор иштеп жатат, алар зомбулуктан жапа чеккен аялдарга жана кыздарга коргоо кызматтарын көрсөтүшөт, алар борборлорго жыл сайын кайрылган 7500-8000 аялга жардам беришет. Ушул 13 борбордун ичинен бир кризистик борбор гана муниципалдык имарат жай алган, ошол эле мезгилде калган кризистик борборлор өздөрү ээлеп турган имарат жай үчүн ижара акысын төлөөнү улантып жатышат. Кризистик борборлор жайгашкан көпчүлүк имарат жайлар шашылыш реконструкциялоого муктаж. Мындан тышкары ыктыярдуу адамдар жана волонтерлор Кризистик борборлор Ассоциациясынын негизги кыймылдаткыч күчү болуп турган кезде, кызматкерлердин туруктуу штатын сактап калуу абдан маанилүү, ошондой эле кризистик кызматкерлердин көндүмдөрүн жана билимдерин өнүктүрүү жана зомбулуктан жапа чеккендерге натыйжалуу жана жогорку сапаттуу жардам көрсөтүү жана инфраструктураны жакшыртуу үчүн үзгүлтүксүз финансылап туруу да маанилүү болуп саналат. Дагы эки көркөм семинар искусство өкүлдөрү, жарандык уюмдардын лидерлери, мамлекеттик мекмелер жана массалык маалымат кызматтары үчүн апрелде жана майда уюштурулмакчы. Уюштуруучулар ошондой эле көркөм объектилердин көргөзмөсүн уюштурууну жана каталог басып чыгарууну пландаштырып жатышат. Арт-чеберканалар Бириккен Улуттар Уюму тарабынан жакында Кыргызстанда башталган «ЖОК» деп айтыш үчүн биригели» деген маалыматтык кампаниянын алкагында уюштурулган. Маалыматтык кампания бардык облустардагы жаштар, бардык деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлер, Парламенттин-Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары, ошондой эле жарандык коомдун уюмдары үчүн арналган ар кандай ишти камтып турат. 5-марттагы маалыматтык кампанияга 15 тен ашык өнөктөш уюм, анын ичинде Кризистик борборлор Ассоциациясы, Борбордук Азиядагы Өнүктүрүү жана кызматташтык Коомдук фондусу, «Кыргызстан-Сорос» фонду, Бишкектеги «Ротари» клубу, Кумтор Оперейтинг Компани, Борбордук Азиядагы Америка Университети, Аялдардын Мыйзам Чыгаруу Демилгелери Альянсы, Аялдар тармагы жана башкалар кошулду. Толук маалымат алуу үчүн: UNIFEMдин Кыргызстандагы Гендердик теңчилик боюнча кеңешчиси Анастасия Дивинская менен
Бул e-mail дарек спам-боттордон корголгон, аны карап чыгуу үчүн Сиздин Javascript күйүп турууга тийиш
электрондук почта аркылуу же +996 312 61-12-13. телефону аркылуу байланышыңыз. Сүрөттө: Кыргыз Республикасынын Спикери Зайнидин Курманов (солдо); Кризистик борборлор Ассоциациясынын төрайымы Александра Елиференко (оңдо). Иш-чаралардын тиби: Кайрымдуулук арт-чеберчилиги Датасы: 2010-жылдын 27-марты, саат 12.00-15.00 Өткөрүлгөн жери: Бишкек, Кыргызстан Уюштургандар: БУУнун Гендердик Тематикалык Тобу, Кумтор Оперейтинг Компани Өнөктөр: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши-Парламенти, Бишкектеги «Ротари» клубу, Эл аралык ишкер кеңеш, Азия Универсал Банк, " Кыргызстан-Сорос" фонду, Y-PEER, жаштар тармагы, Балдарды коргоо борбору, НПО "Dusti" өкмөттүк эмес уюму (афган качкын аялдары), ЛГБТ "Лабрис" өкмөттүк эмес уюму, Майып аялдар Ассоциациясы, Кыргызстандын Сүрөткерлер Союзу
|
|
2010-ж. 26 марты - Пресс-релиз - БУУнун Башкы Секретарынын «Аялдарга карата зомбулукту биргелешип жоелу» деген Кампаниясынын алкагында өспүрүмдөр арасында «Кыргызстан, аракеттенер кез келди!» деген ураан алдында өткөрүлүп жаткан көчө футболу боюнча |
Пресс-релиз
БУУнун Башкы Секретарынын «Аялдарга карата зомбулукту биргелешип жоелу» деген Кампаниясынын алкагында өспүрүмдөр арасында «Кыргызстан, аракеттенер кез келди!» деген ураан алдында өткөрүлүп жаткан көчө футболу боюнча ачык турнир
Өткөрүлө турган жери: Дордой стадиону (Совет жана Дордой көчөлөрүнүн кесилишинде, мурдагы Пионерлер ордосунун аймагында). Уюштуруучулар: КР көчө футболу Федерациясы, КР Аялдардын футболдук лигасы, ДССА коомдук фондусу. Өнөктөр: Дене тарбия Академиясы, «Дордой стадиону», Бириккен Улуттар Уюмнунун Агентстволору
2010-жылдын 27-мартында саат 10.00 дө, "Дордой" стадионунда Чүй облусундагы балдар үйлөрүндө жана реабилитациялык борборлордо тарбияланып жаткан кыздардан жана балдардан, ошондой эле Бишкек шаарындагы короо командаларынан турган 8 команданын арасында көчө футболу боюнча турнир болот. Ата-эненин мээриминен жана турмуштук белгилүү бир жагдайлардан ажыраган балдар «тобокел топторуна» туш болушуп, көпчүлүк учурда үй-жайсыз жана жумушсуз калган адамдардын катарын толтуруп, баңги заттарды соодалагандардын жана кылмышкерлердин тузагына илинүүдө. Аларда жагымдуу турмушта жашаган үй-бүлөдөгү балдар ээ болуп жаткан мүмкүнчүлүктөр жок, анын үстүнө алар да бактылуу жашоого жана ийгиликке жетишүүгө үмүт кылууга татыктуу. Бул үчүн турмуштук оор жагдайга туш болгон балдарга коомдун колдоосу, аларды түшүнүү, урматтоо, алардын турмуштук активдүү позициясын жана коомдун татыктуу бөлүгү болууну каалоосун таануу керек. Дал мына ушундан улам - балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары реабилитациялык борборлордун кардарлары Турнирдин катышуучуларынын арасында болуп калышты. Быйыл турнир БУУнун Башкы Секретарнынын биздин өлкөдө «Кыргызстан, аракеттенер кез келди!» деген ураан алдында өткөрүлүп жаткан «Аялдарга карата зомбулукту биргелешип жоелу» деген Кампаниясына арналды. Аялдарга жана кыздарга карата зомбулукка кылчактабай каршы чыккан жаш спортчулар Кыргызстандын жаштарын мына ушул жагымсыз көрүнүшкө карата «ЖОК» деп айтууга, чакырыкка колдоо көрсөтүүгө жана ушунун өзү менен бүткүл дүйнө жүзүндө Кампанияга кошулган миллиондогон жаштар менен өздөрүнүн тилектештигин билдирүүгө чакырып жатышат. Турнир 4-жолу өткөрүлүп жатат, ушул сыяктуу турнирлер биздин өлкөдө - «Балдардын кароосуз жана жетим калышына бөгөт коелу», «Футболго чектөө болбосун», «Футбол баңги заттарга каршы», «Аялдарга каршы зомбулукка ЖОЛ БЕРИЛБЕЙТ деп айткын» (ЮНИФЕМ кампаниясынын алкагында », «Аялдарга карата зомбулукка ЖОЛ БЕРИЛБЕЙТ деп айткын») деген девиз менен өткөрүлүп келген. Ошондой эле аталган турнир КР Аялдар командасын 2010-жылдын 19-26-сентябрында Рио-де-Жанейро шаарында (Бразилия, www.homelessworldcup.org ) боло турган көчө футболу боюнча дүйнөлүк чемпионатка катышууга даярдоонун алкагында өтүүдө. Ушул 2001-жылдан бери жыл сайын УЕФАнын, Nikeнин жана Vodafoneнин колдоосу менен өткөрүлүп жаткан Кубок 64 өлкөнү бириктирип турат жана жүздөгөн үй-жайсыз жана социалдык турмуштан четте калган адамдардын жашоосун өзгөртөт. Ушул Кубокко катышкандардан сурамжылоо жүргүзгөндө, алардын 70%дан ашыгы өз турмуштарынын өзгөргөндүгүн моюнга алышкан, алар турак жайга ээ болушкан, жумушка орношушкан, үй-бүлөсүн калыбына келтиришкен. Алардын айрымдары кесипкөй спортчулар болуп калышты. Жатак-үйлөрдүн тарбиялануучуларынан турган Кыргызстандын курама командасы 2007-жылдагы Копегагендеги турнирге алгачкы жолу катышып, ал жерден дароо эле дебютанттардын Кубогун жеңип алып, ал эми Мельбурнда үчүнчү орунга татыктуу болгон. Спорт аркылуу реабилитациялоо балага өзүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет, аны ийгиликтерге жетишүүгө мобилизациялайт жана толук кандуу жашоого интеграциялайт. Кошумча маалымат алуу үчүн: Турнирди уюштуруу маселелери боюнча Жаңыл Момункулова менен байланышсаңыз болот:
Бул e-mail дарек спам-боттордон корголгон, аны карап чыгуу үчүн Сиздин Javascript күйүп турууга тийиш
, телефондору: 31-50-88, 31-50-87 БУУнун Башкы Секретарынын «Аялдарга карата зомбулукту биргелешип жоелу» деген Кампаниясынын маселелери боюнча ЮНИФЕМдин Кыргызстандагы кеңешчиси Анастасия Дивинская менен:
Бул e-mail дарек спам-боттордон корголгон, аны карап чыгуу үчүн Сиздин Javascript күйүп турууга тийиш
, офистеги телефону: 61-12-13.
|
|
8-март майрамыңыздар менен куттуктайбыз! |
|
8-март майрамыңыздар менен куттуктайбыз! 
|
|
2010-ж. 12-февралында Ош шаарында КР Кризистик борборлорунун Ассоциациясы менен биргелешип, Европа Комиссиясынын Долбоору жана «Сорос-Кыргызстан» Фонду тарабынан уюштурулган тегерек үстөл болуп өттү |
|
Европа Союузунун финансылык колдоосу менен «Сорос-Кыргызстан» Фондусунун Укуктук программасы тарабынан ишке ашырылып жаткан «Аялдарды зомбулуктан социалдык-укуктук коргоону камсыз кылуунун механизмдерин иштеп чыгуу жана камсыз кылуу» Долбоору Кыргызстандын кризистик борборлорунун Ассоциациясы менен биргелешип, Ош шаарында «Кризистик борборлордун туруктуулугун күчөтүү: проблемалар жана аларды чечүүнүн жолдору» деген тегерек үстөл өткөрдү. Тегерек үстөлгө 50дөн ашык адам, анын ичинде: USAID, МОМ, ОБСЕ эл аралык уюмдарынын өкүлдөрү, Ош облусунун губернатору, Ош жана Баткен облустарынын губернаторлорунун орун басарлары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын облустук администарцияларынын өкүлдөрү, Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, Ош шаарынын шаардык кеңешинин депутаттары, мамлекеттик структуралардын өкүлдөрү, Кризистик борборлор Асссоциациясынын өкүлдөрү жана кризистик борборлордун кызматкерлери, коммерциялык эмес уюмдардын (НКО) өкүлдөрү, соттордун, Аялдар кеңештеринин өкүлдөрү, ошондой эле журналисттер жана республикалык жана жергиликтүү теле каналдардын, «АКИ-пресс» маалымат агентствосунун жана «Алмаз» радиосунун өкүлдөрү катышты. Кризистик борборлордун өз ара аркеттерин жакшыртуу, алардын туруктуулугун жогорулатуу жана тажрыйба алмашуу аталган Тегерек үстөлдүн максаты болуп калды, мунун өзү 2007-2010-жылдарда Кыргыз Республикасында гендердик теңчиликке жетишүү боюнча аракеттердин Улуттук планын натыйжалуу ишке ашырууга жана жергиликтүү бийлик органдары менен жарандык коомдун ортосундагы өнөктөштүктү чыңдоого мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле «Ак Жүрөк» кризистик борбору менен Ош облустук администрациясынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол коюу тегерек үстөлдүн натыйжасы болуп калды. Ошондой эле «Ак Жүрөк» кризистик борборуна имарат-жай бөлнүп берилди. Кризистик борборлордун Ассоциациясынын төраймы Александра Елиференко билдирип кеткендей: «Акыркы жылдарда Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, жарандык сектор, эл аралык уюмдар тарабынан аялдарга зомбулук көрсөтүүнү азайтуу жана зомбулуктан жапа чеккендерди социалдык-укуктук коргоону камсыз кылуу жана аларга жардам көрсөтүү жагында маанилүү кадамдар жасалууда. Буга 2007-2010-жылдарга гендердик маселелер боюнча аракеттердин Улутук планынын (АУП) кабыл алынышы, CEDAW Комитетиндеги Мамлекттик баяндамалар, КР Өкмөтүнүн 19.06.2009, №387 токтому менен бекитилген БУУнун Комитетинин Корутунду сунуштарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы көмөк көрсөттү. Ошондуктан өткөрүлгөн тегерек үстөл Кыргыз Республикасынын маанилүү нормативдик-укуктук актыларынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Пландардын маалымдамаларын ишке ашыруудагы кезектеги кадам болуп калды, мында Улуттук пландын натыйжалуулугун жогорулатууга, жер-жерлерде ишке ашырууга жана бийликтин жергиликтүү органдары менен жарандык коомдун ортосунда өнөктөштүктү чыңдоого басым жасалды. Ошондой эле эл аралык уюмдар, Кыргызстандагы өкмөттүк эмес уюмдар жана башка мекемелер менен уюмдар активдүү күрөшүп жаткан зомбулуктун түрлөрү: кыз ала качуу жана никеге турууга мажбурлоо, көп аял алуу, жашы жете электер менен никеге эрте туруу, ошондой эле зомбулуктун башка түрлөрүн камтып тургандыгын эске сала кетели. Атап айтканда, кыз ала качуу жана никеге турууга мажбурлоо, көп аял алуу, жашы жете электер менен никеге эрте туруу Европалык делегация тараптан терс кабыл алынат жана Кыргызстан жөнүндө жапайы жана цивилизациясыз мамлекет деген имиджди түзөт, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөндө келтирилген Улуттук пландын жана Иш-чаралардын планынын натыйжасында өкмөттүк эмес уюмдар менен эл аралык уюмдардын күч-аракеттерин консолидациялоо аркылуу, ушул терс көрүнүштөргө каршы күрөшө баштады. Тегерек үстөлдүн материалдары: 1) «КР Түштүк регионундагы кризистик борборлордун туруктуулугун күчөтүү: проблемалар жана аларды чечүүнүн жолдору, 2010-жылдын 12-февралында Ош шаарында КР Кризистик борборлорунун Ассоциациясы менен биргелешип, Европа Комиссиясынын Долбоору жана «Сорос-Кыргызстан» Фонду тарабынан өткөрүлгөн ТЕГЕРЕК ҮСТӨЛДҮН П Р О Г Р А М М А С Ы 2) «КР Түштүк регионундагы кризистик борборлордун туруктуулугун күчөтүү: проблемалар жана аларды чечүүнүн жолдору, 2010-жылдын 12-февралында Ош шаарында КР Кризистик борборлорунун Ассоциациясы менен биргелешип, Европа Комиссиясынын Долбоору жана «Сорос-Кыргызстан» Фонду тарабынан өткөрvлгөн Тегерек үстөлдүн ТАРАТЫЛЫП БЕРИЛГЕН МАТЕРИАЛДАРЫ 3) «КР Түштүк регионундагы кризистик борборлордун туруктуулугун күчөтүү: проблемалар жана аларды чечүүнүн жолдору, 2010-жылдын 12-февралында Ош шаарында КР Кризистик борборлорунун Ассоциациясы менен биргелешип, Европа Комиссиясынын Долбоору жана «Сорос-Кыргызстан» Фонду тарабынан өткөрүлгөн Тегерек үстөлдүн КАТЫШУУЧУЛАРЫНЫН ТИЗМЕСИ 4) 2007-2010-жылдарда Кыргыз Республикасында гендердик теңчиликке жетишүү боюнча аракеттердин УЛУТТУК ПЛАНЫ (ОРУСЧА - Word файлы) 5) Аялдарга карата бамсырлоонун бардык формаларын жоюу боюнча БУУнун Конвенциясын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын үчүнчү мезгилдүү баяндамасына карата аялдарга карата басмырлоону жоюу боюнча БУУнун Комитетинин Корутунду сунуштарын ишке ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАРДЫН ПЛАНЫ (План Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.06.2009, №387 токтому менен бекитилген) (ОРУСЧА - Word файлы) 6) «Ак Жүрөк» кризистик борбору менен Ош облустук администрациясынын ортосундагы Кызматташтык жөнүндө Меморандум (шаблон - ОРУСЧА - Word файлы) |
|
|
|
|
|
|
Бети 1 андан 5 |
|