|
Аялдарга карата зомбулук көрсөтүүнүн башка түрлөрү |
|
Ошондой эле жумуш ордунда сексуалдык асылуу проблемасы да курчуп бара жатат жана аялдарга карата зомбулуктун башка түрү - сексуалдык эксплуатациялоо максатында аялдарды сатуу өнүгүүдө. Азыркы учурда, мыйзамдын нормаларын баштан-аяк этибарга албоо өкүм сүрүп жаткан «жапайы рынокто» Кыргызстандын аялдары зомбулуктан таптакыр эле камсыздандырылган эмес. Ар кандай шарт менен ишке орношууга аргасыз болгон аялдардын зомбулуктан кутула турган эч кандай мүмкүнчүлүгү жок. Жумуш ордунда же окуган жеринде сексуалдык асылууларга дуушар болгон аялдар жана жаш кыздар бул тууралуу айтпоого аргасыз болот, анткени, коомдук аң-сезимде жабыр тарткан адамдын өзү күнөөлүү деген стереотип бар, коом күнөкөрдү күнөөлөнүн ордуна, аялдын өзү ушул ишке түрткөн деп эсептейт. Аялдардын укуктук сабатынын төмөндүгү, окутуучуга же жумуш берүүчүгө көз каранды болуу, жумуштан ажырап калуу коркунучу да жабыр тарткан аялды унчкупоого аргасыз кылат. Эмгектик миграция же иш издөө процессинде миңдеген аялдар кулдар менен заманбап соода жүргүзүүнүн курмандыгы болушууда, Билим берүү министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн «Кыргыз Республикасында аялдарды жана балдарды сатуу» деген изилдөөнүн натыйжалары боюнча орточо алганда жыл сайын Кыргызстандык 4000 аял сексуалдык жана эмгектик эксплуатациялоо максатында адамдарды сатуунун курмандыгы болуп калууда
|