Аялдарды зомбулуктан коргоонун механизмдерин иштеп чыгуу
жана социалдык-укуктук жагынан коргоону камсыз кылуу

Интернет сурамжылоо

Көп аял алууга каршы кантип күрөшүүгө болот? Көп аял алууга каршы кантип күрөшүүгө болот? Жооптун бирөөнү тандап алыңыз:
 
Көп аял алуу

 

Көп аял алуу - калктын аң-сезиминде бекемдеп орун алган тенденцияга айланып бара жатат. Ушул көрүнүш үчүн жазык жоопкерчилиги (КР Жазык кодексинин 155-статьясы)  белгиленгенине карабастан,  бул көрүнүш республиканын бардык региондорунда кеңири жайылууга ээ болгон. Биринчи аялы күйөөсүнүн расмий эмес экинчи жана үчүнчү аялы бар экенин билерин, бирок ал иштин ушундай абалына макул болууга аргасыз  экендигин, анткени, ал балдары менен бирге күйөсүнүн материалдык колдоосунан ажырап калышы, же ал тараптан жеке же психологиялык зомбулукка дуушар болушу мүмкүн экендигин изилдөөлөр көрсөтүүдө. Көп аял алуу фактылары боюнча соттук практиканын жоктугу мына ушуну менен түшүндүрүлөт. Расмий эмес аялдар да аялуу абалда турат, анткени, алардын никеси юридикалык жагынан катталган эмес, демек алар өзүнүн балдары менен бирге укуктук жагынан кемсинтилген абалда турат.

 

 

 

 

 
©2009-2010. Европа Комиссиясынын Долбоору, КСФ.
Бардык укуктар корголгон
 
  Web-site created by EMarketing2U Consulting www.e-market4u.com