Аялдарды зомбулуктан коргоонун механизмдерин иштеп чыгуу
жана социалдык-укуктук жагынан коргоону камсыз кылуу

Интернет сурамжылоо

Көп аял алууга каршы кантип күрөшүүгө болот? Көп аял алууга каршы кантип күрөшүүгө болот? Жооптун бирөөнү тандап алыңыз:
 
"Аялдарды зомбулуктан коргоонун механизмдерин иштеп чыгуу жана социалдык-укуктук жагынан коргоону камсыз кылуу» Долбоору
Долбоор жөнүндө PDF Басып чыгарууPUBLIC=Калк алдында E-mail
Автору: Administrator   

 

Долбоордун негиздемеси

"Кыргызстан-Сорос" Фонду Европа Союзунун колдоосу алдында "Аялдарды зомбулуктан коргоонун механизмдерин иштеп чыгуу жана социалдык-укуктук жагынан коргоону камсыз кылуу" Долбоорун ишке ашырууну баштады. pic4Долбоор Кыргызстанда аялдарга карата зомбулук көрсөтүү жана иш жүргүзүүнүн жаңы моделдерин издөө үчүн көрүлүп жаткан чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн ар кандай структуралардын өз ара аракеттерин күчөтүүгө көмөк көрсөтүүгө багытталган.

Жеке жана коомдук чөйрөдө аялдарга зомбулук көрсөтүү проблемасы заманбап Кыргызстан үчүн жетиштүү түрдө актуалдуу болуп саналат. Белгилүү бир мыйзамдык нормалардын жана улуттук программалык документтердин болгондугуна карабастан, зомбулук көрсөтүүнүн, сексуалдык жана эмгектик эксплуатациялоо максатында аялдарды сатуу, жумуш орундарындагы жана окуу жайларындагы сексуалдык асылуулар, зордуктоо, ошондой эле жеке чөйрөдөгү аялдарга карата зомбулук көрсөтүүнүн кеңири спектри (аялдарды сабоо, психологиялык зомбулук, экономикалык контролдук, никеге эрте туруу, колуктуну ала качуу, никеге турууга мажбурлоо, көмүскө көп аялдуулук ж.б.). Кыргызстанда орун алышын улантып жатат.

 

Үй-бүлө чөйрөсүндөгү зомбулук

pic5Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин расмий маалымдамалары боюнча ушул категориядагы катталган бардык кылмыштардын ичинен өлтүрүүлөрдүн жана денеге оор залал келтирүүнүн 15%дан ашыгы үй-бүлөдө жасалат экен («Аялдарга карата зомбулук: алдын алуу жана анын кесепеттерине каршы күрөшүү» пособие, «Диамонд» Ассоциациясы, Бишкек 2001-ж., 32-бет). Республика боюнча орточо алганда жыл сайын ички иштер бөлүмдөрү үй-бүлөлүк чыр-чатактарга байланыштуу 10 миңге жакын чакырууларды каттайт.

Улуттук статистикалык комитеттин 2004-2006-жылдардагы мезгилдеги маалымдамалары боюнча үй-бүлөлүк зомбулуктун проблемалары боюнча кризистик борборлорго, аксакалдар сотторуна жана башка адистештирилген кызматтарга кайрылуулардын саны 3 эсе өстү жана жабыр тарткандар негизинен аялдар болуп эсептелет.

2004-жылы кризистик борборлорго 9922 аял, 2005-жылы - 8719 аял жана 2008-жылы - 10404 аял кайрылган, алардын 80%га жакыны үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандар. Ош шаардык ооруканасынын травматология бөлүмүнө түшкөн аялдардын 80%дан ашыгы зордукталган же үй-бүлөлүк зомбулуктан улам жаракат алган аялдар болуп саналат. (Гафарова С., Аялдарга зомбулук көрсөтүү. Региондук көз караш./Зомбулуктан арылган дүйнө. Бишкек, 1999-ж., 89-бет).

pic2Ар кандай изилдөөлөрдүн натыйжалары да проблеманын актуалдуулугун ырастап турат. Алсак, БУУнун Аялдарды Өнүктүрүү Фондунун изилдөөлөрүнө ылайык: «Сурамжылоо жүргүзүлгөндөрдүн басымдуу көпчүлүгү (80%) Кыргыз Республикасында аялдарга үй-бүлөдө зомбулук көрсөтүү бар экендигине макул болушкан, демек, үй-бүлөдө кылмыштуулук тенденциясы күч алып, ал жерде аялды сабоо, уруу, кыйноо, жубайынын зомбулук көрсөтүшү сыяктуу кылмыштуу факторлор жүрүш-туруштун нормасына айланууда» («Үй-бүлөдө жана жумуш ордунда аялдарга зомбулук көрсөтүү жөнүндө кабардар болуунун деңгээли» /ЮНИФЕМдин тогуз өлкөдө (Азербайжан, Белорусия, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Тажикистан, Өзбекстан, Литва, Россия) жүргүзгөн ири масштабдуу социологиялык изилдөөсү, 2002-ж.).

Дагы бир изилдөөнүн натыйжасы мындай: «Сурамжылоо жүргүзүлгөндөрдүн 69%ы үй-бүлөдөгү зомбулук айкын орун алган проблема болуп саналат деп эсептешет. Алардын ичинен 58%ы үй-бүлөдөгү зомбулукка көбүнчө аялдар дуушар болуп жатышат деп эсептешет, 18%ы балдар зомбулука дуушар болуп жатат жана 13%ы кары-картаңдар да үй-бүлө чөйрөсүндөгү ушундай эле зомбулукка дуушар болуп жатышат деп эсептешет». («Кыргызстандагы үй-бүлөлүк зомбулук, анын себептери, масштабы, аракеттердин таасири» деген изилдөө /Коомдук пикирди иликтөө жана болжолдоо борбору, Бишкек ш., 2004-ж., 61-б.

Үй-бүлөлүк зомбулук коомдун, инсандын жана мамлекеттин зор жоготууларына алып келет: зомбулуктун объектиси катары болгон аял тынч жашоодон, ден соолугунан айрылат, билимине, мансаптык жана кесиптик өсүшүнө доо кетет, үй-бүлөнүн экономикалык келечеги кыскарат. Өнөкөт зобулукка учураган аял - инсан катары деградацияланышы, кылмыш жана башка социалдык жагынан жат болгон иштерди жасоого барышы мүмкүн. (Унчукпай коюу мене кыйкырыктын ортосунда. М., 2004-ж. 110-бет.

Үй-бүлөлүк жагымсыз мамилелердин кесепетинен улам, жагымсыз үй-бүлөдөн кетип, кароосуз калган жашы жете элек балдардын саны өсүүдө. Азыркы мезгилде Кыргызстанда 5000гө чейин жашы жете элек балдар ички иштер органдарынын профилактикалык эсебине алынган, алардын көпчүлүгү жагымсыз үй-бүлөдөн чыккан балдар болуп саналат (КР ИИМинин маалымдамалары). Маалымдамаларга ылайык Россиялык статистика мына ушуларды ынанмдуу көрсөтүп турат, жыл сайын эки миңге жакын баланын өз өмүрүн кыйышы жана 50 миңден ашык баланын үй-бүлөдөн кетип калышы үй-бүлөлүк зомбулук менен шартталган. Молдовада жана Украинада жашы жете элек балдардын өзүн өзү өлтүрүшүнүн көпчүлүк учурлары ата-энесинин үйүндөгү жагымсыз абалдан улам келип чыккан (Кеч болуп кала электе.Зомбулукту эртерээк профилактикалоо боюнча өспүрүмдөр үчүн моделдик программа», М.: 2006-ж. 21-бет). Кыргызстандын Бишкек шаарында гана «катаал мамилеге дуушар болгон» деген синдром менен 500дөн ашык бала медициналык тез жардамдын балдардын шаардык клиникалык ооруканасына (№3 БШКО) жаткырылат (КР ИИМдин маалымдамалары).

Никеге эрте туруу

Колуктуну ала качуу жана никеге турууга мажбарлоо

Көп аял алуу

Аялдарга карата зомбулук көрсөтүүнүн башка түрлөрү

 

Долбоор кандай аркеттерге багытталат?

Аялдарга карата зомбулуктун ар кандай түрлөрүн азайтуу үчүн Кыргыз Республикасында көрүлүп жаткан чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн, ушул долбоордун алкагында;

1. Аялдарга карата зомбулуктун ар кандай түрлөрү боюнча статистикалык маалымдамаларды жыйноо жана талдоо системасын өнүктүрүүгө;

pic32. Аялдарга карата зомбулуктун, айрыкча үй-бүлөлүк чөйрөдөгү зомбулуктун ар кандай түрлөрүн болтурбай коюу боюнча мыйзамдык базаны өркүндөтүүгө көмөк көрсөтүүгө айрыкча көңүл бурулат. Бул милдет «Үй-бүлөлүк зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо жөнүндө» КР Мыйзамынын укуктук колдонуу практикасынын мониторингин жүзөгө ашыруу жана КР мыйзамдарына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү боюнча сунуштардын топтомун иштеп чыгуу аркылуу ишке ашырылат;

3. Убактылуу коргоо жана соттук ордерлеринин натыйжалуулугун иликтөөгө жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартуучуну коргоонун механизмдерин андан ары жакшыртууга;

4. Изилдөөлөрдү жүргүзүү, окутуучу семинарларды уюштуруу жана маалыматтык-усулдук пособиелерди жарыялоо аркылуу аялдарга карата зомбулукту болтурбай коюу жагында иш жүргүзүү маселелери боюнча сот системасынын жана ички иштер органдарынын өкүлдөрүнүн потенциалын жогорулатууга;

5.Кризистик борборлордун үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандарга психологиялык жардам көрсөтүүдөгү потенциалын жогорулатууга жана алардын ишинин туруктуулугун күчөтүүгө;

6. Кесиптик өнүктүрүү борборлору, сот органдары жана укук коргоо системасы жана жогорку окуу жайларынын юридикалык факультеттери үчүн тренингдик атайын программаларды иштеп чыгууга жана жайылтууга айрыкса көңүл бурулат.

Мындан тышкары, долбоор теле берүүнү түзүү жана атайын чыгырыктарды иштеп чыгуу аркылуу аялдарга карата зомбулук көрсөтүүнүн проблемасы жөнүндө кабардар болууну жогорулатууга багытталган кеңири маалыматтык кампанияны жүргүзүүнү болжолдоп жатат.

Үй-бүлөлүк зомбулуктун күнөкөрлөрү менен иш жүргүзүү боюнча программаларды иштеп чыгуу долбоордун абдан маанилүү милдети болуп саналат. Бул милдетти чечүү үчүн эл аралык тажрыйбаны изилдөө, үй-бүлөлүк зомбулуктун күнөкөрүн жазанын башка альтернативасына, жүрүш-турушун оңдоо боюнча курстан өтүүгө милдеттендирүү белгиленип жатат. Көптөгөн изилдөөлөр, эреже катары, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандар анын күнөкөрүн жазык жоопкерчилигине тартууну каалашпай тургандыгын көрсөттү, анткени, алар жакын адамдар болуп эсептелет. Камакка алуу түрүндөгү администрациялык жаза күнөкөрдүн жүрүш-турушун оңдобойт, тескерисинче анын кыжырын кайнатат, ал эми айып акы болсо, жалпы үй-бүлөлүк бюджетке күч келтирет. Тиешелүү түрдө үй-бүлөлүк зомбулуктун күнөкөрлөрү менен иш жүргүзүүнүн башка ыкмаларын издөө керек. Ушундан улам, долбоор үй-бүлөлүк зомбулуктун күнөкөрүнүн жүрүш-турушун оңдоо боюнча программаны иштеп чыгууга аракет кылат. Аталган программаны иштеп чыгуу жана ишке ашыруу укук коргоо органдарынын, ошондой эле сот системасынын, мыйзам чыгаруу, ошондой эл саламаттык сактоо системасынын өкүлдөрү, психологдордун, ошондой эле коомдук уюмдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышмайынча мүмкүн эмес экендиги айкын болуп турат.

 

 

 
©2009-2010. Европа Комиссиясынын Долбоору, КСФ.
Бардык укуктар корголгон
 
  Web-site created by EMarketing2U Consulting www.e-market4u.com